КР Президентинин 2024-жылдын 6-декабрындагы ПЖ № 345 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 1-ноябры ПЖ № 515
“Бишкек-Сити” эл аралык ишкердик борборун куруу” долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекцияны түзүү жөнүндө
(КР Президентинин 2022-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 73, 2022-жылдын 25-июлундагы ПЖ № 249 Жарлыктарынын редакциясына ылайык)
Социалдык-экономикалык кырдаалды жакшыртуу, инвестицияларды тартуу жана Бишкек шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекция (мындан ары - Дирекция) түзүлсүн.
(КР Президентинин 2022-жылдын 25-июлундагы ПЖ № 249 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Дирекция “Бишкек-Сити” эл аралык ишкердик борборун (мындан ары - ишкердик борбор) куруу мезгилине түзүлөт деп белгиленсин.
3. Дирекцияга төмөнкү функциялар жүктөлсүн:
- ишкердик борбордун долбоорун ишке ашыруу боюнча;
- ишкердик борбордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу, долбоорлоо жана куруу боюнча заказ берүүчү;
4. (КР Президентинин 2022-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 73 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
5. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Бишкек шаарынын мэриясы менен бирдикте:
- ишкердик борборду куруу үчүн жер участогун инвентаризациялоо жана берүүгө даярдоо боюнча ишти белгиленген тартипте жүргүзсүн;
- Дирекцияны зарыл жайлар менен камсыз кылсын.