Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ № 25 Жарлыгына) |
Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 10-апрелиндеги ПЖ № 90, 2024-жылдын 23-январындагы ПЖ № 6 Жарлыктарынын редакциясына ылайык)
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын (мындан ары - кызматчылар), анын ичинде саясий жана атайын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн, эгерде алардын статусун регламенттөөчү мыйзамдарда башкасы каралбаса, мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтан стажын эсептөө тартибин аныктайт.
2. Мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажы деп мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ошондой эле ушул Жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн органдарда жана уюмдарда өтөгөн кызматынын жалпы узактыгы түшүнүлөт.
Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага ай сайын үстөк акыны төлөө үчүн иш стажы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасындагы маалыматтардын негизинде аныкталат. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасындагы маалыматтардын негизинде үстөк акы зарылдыгына жараша белгиленет.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө менен байланышкан маселелерди талаптагыдай кароо максатында мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин буйругу (тескемеси) менен эмгек стажын белгилөө боюнча комиссия түзүлөт.
Эмгек стажын белгилөө боюнча комиссиянын курамы, ошондой эле анын иштөө тартиби мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан аныкталат.
Эмгек стажын белгилөө боюнча комиссиянын жыйналышы зарылдыгына жараша өткөрүлөт.
Эмгек стажын белгилөө боюнча комиссия төмөнкүлөрдү карайт:
- персоналды башкаруу кызматынын же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамдын сунушу боюнча иш мезгилдеринин ушул Жобонун 4-пунктунда белгиленген критерийлерге туура келиши менен байланышкан талаш маселелерди;
- ушул Жобонун 7-пунктунда каралган иштин (кызматтын) башка мезгилдерин мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажына киргизүү маселелерин.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасынан маалыматтарды колдонууга мүмкүнчүлүк болбогон учурда иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага ай сайын үстөк акыны төлөө үчүн иш стажы эмгек стажын белгилөө боюнча комиссия тарабынан тиешелүү протоколдо мындай мүмкүнчүлүктүн жок болуу себептерин толук баяндоону көрсөтүү менен аныкталат.
(КР Президентинин 2024-жылдын 23-январындагы ПЖ № 6 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Кызматчыларга иштеген жылдары үчүн ай сайын төлөнүүчү үстөк акыларды төлөө бул үстөк акыны алууга укук берүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жалпы стажына жараша дифференциалдуу түрдө жүргүзүлөт.
4. Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага ай сайын төлөнүүчү үстөк акыны алууга укук берүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын жалпы стажына төмөнкүлөр кирет:
- саясий, атайын, административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мезгил, ошондой эле саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген мезгил;
- аскер кызматында, укук коргоо кызматында жана дипломатиялык кызматта мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мезгил;
- аткаруучу-тескөөчү функцияларга байланышкан жана мурдагы СССРдин мамлекеттик бюджетинде турган партиялык, советтик, профсоюздук жана комсомолдук органдардын аппараттарында, министрликтерде, ведомстволордо, ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген мезгил;
- аткаруучу-тескөөчү функцияларга байланышкан жана 1991-жылдын 31-августунан тартып 1999-жылдын 17-декабрына чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган министрликтерде, мамлекеттик комитеттерде, администрациялык ведомстволордо, ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген мезгил;
- мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жолдомосу боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын кайра даярдоодон жана квалификациясын жогорулатуудан өтүү мезгили;