| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 281 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 106 токтомуна) Кошумча нарк салыгы боюнча салык төлөөчүлөрдү каттоо тартиби жөнүндө ЖОБО 1. Жалпы жоболор 1. Бул жобо кошумча нарк салыгы боюнча салык төлөөчүлөрдү каттоо жана каттоосун жокко чыгаруу тартибин жана шарттарын аныктайт. 2. Кошумча нарк салыгы боюнча төлөөчүлөрдү каттоо, каттоосун жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин IX бөлүмүнүн талаптарына ылайык, ушул Жободо белгиленген тартипте жүргүзүлөт. 3. Ушул Жобонун талаптары экономикалык иш жүргүзүүчү жана бюджетке кошумча нарк салыгын (мындан ары - КНС) төлөө боюнча салыктык милдеттенмеси пайда болгон бардык субъекттерге карата колдонулат. 2. КНС боюнча каттоо тартиби 4. КНС боюнча төлөөчүнү каттоо субъекттин салыктык каттоосунун орду боюнча ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген формага ылайык КНС боюнча салык төлөөчү катары каттоо жөнүндө берилген арызынын негизинде жүргүзүлөт. 5. Төмөнкү субъекттер КНС төлөөчүлөр катары катталууга тийиш: 1) ишкердик ишти жүзөгө ашыруучу жана жалпы салык режимине ылайык салык төлөөчү; 2) Кыргыз Республикасында Салык кодексинин 28-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн электрондук формада кызмат көрсөтүүчү чет өлкөлүк уюмдар; 3) түшкөн акчасынын көлөмү катары менен 12 календардык ай ичинде же болбосо катары менен 12 календардык айга жетпеген мезгил ичинде 30000000 сом суммасынан ашык болгон, бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча салыктарды төлөгөндөр. 6. Жалпы салык режиминде салык төлөгөн субъект салыктык каттоодон өтүү менен бир эле убакта КНС төлөөчү катары каттоо тууралуу арыз бериши керек. Субъектти КНС төлөөчү катары каттоо, аны салыктык каттоо жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет. | |