Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН

ЖАРЛЫГЫ

2022-жылдын 11-майы ПЖ № 149

Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө

(КР Президентинин 2025-жылдын 20-январындагы ПЖ № 6 2026-жылдын 15-сентябрындагы № 328 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)

Улуттук статистика системасынын натыйжалуу иштешин, анын ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында, "Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңешинин курамы 2-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 7-мартындагы № 54 "Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө" Жарлыгы;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 8-февралындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 7-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;

3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 18-августундагы № 185 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 7-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Президент

 

С.Н. Жапаров

2-тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңешинин КУРАМЫ

(КР Президентинин 2026-жылдын 15-сентябрындагы № 328 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Кудайбергенов Бактыбек Жапарович

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы;

Масабиров Талайбек Айтмаматович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Козубеков Азат Айбекович

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары;

Сейитов Чоро Сейитович

-

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары;

Адилбек уулу Шумкарбек

-

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун директору;

Кыштобаева Гульмира Алимбековна

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;

Чыныбаев Мирлан Койчубекович

-

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору;

Солтонбекова Ализа Карыпбековна

-

Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасынын орун басары;

Кудабаев Зарылбек Исалыевич

-

Борбордук Азиядагы Америка университетинин профессору (макулдашуу боюнча);

Третьякова Татьяна Алексеевна

-

Кыргызстандын Улуттук мониторинг жана баалоо тармагынын координатору (макулдашуу боюнча);

Добрецова Надежда Николаевна

-

"Өнүктүрүү саясат институту" коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

Ким Татьяна Михайловна

-

"Кыргыз Республикасынын салык кеңешчилеринин палатасы" кесиптик коомдук бирикмеси" коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

Сыдыков Аскар Куттубекович

-

"Эл аралык ишкердик кеңеши" ассоциациясы юридикалык жактардын бирикмесинин ("International business council") аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);

Кочорбаева Зульфия Ирисовна

-

"Социалдык технологиялар агенттиги" коомдук бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);

Сагинбаева Алина Уларбековна

-

"АКИпресс" маалымат агенттигинин башкы директору (макулдашуу боюнча).