Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2022-жылдын 11-майындагы № 149 жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

 

2016-жылдын 8-февралы ПЖ № 28

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 7-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине жана "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 7-мартындагы № 54 "Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңешинин курамы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңешинин КУРАМЫ

 

Осмоналиев А.Ш.

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы;

Мадеминов М.Г.

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

Кармышаков У.Т.

-

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Иманалиев Д.Ш.

-

Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары;

Чуйков Н.А.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы;

Акимова Н.М.

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн эксперти;

Жеңиш Нурбек

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары;

Акматалиев А.А.

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик;

Султанов Т.И.

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору;

Акенеев Ж.А.

-

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти, экономика илимдеринин доктору, коомдук ишмер;

Иманалиев К.О.

-

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директорунун орун басары.".

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

А. Атамбаев