Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-декабры №212
Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөрдү жана экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасын бекитүү жөнүндө
(Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы № 83, 2023-жылдын 20-июну № 149 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Ош шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 20-ноябрындагы №393/08-6 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 15-беренесине ылайык, Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 9-декабрындагы №46 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөндөгүлөр бекитилсин:
-Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөр 1-тиркемеге ылайык;
-Ош шаары боюнча экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасы 2-тиркемеге ылайык.
2. Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылдын10-февралындагы №323 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Ормонов |
|
Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы кезектеги XIV сессиясынын № 83 токтомуна 1-тиркеме. Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөр
(Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы № 83, 2023-жылдын 20-июну № 149 токтомдорунун редакциясына ылайык) Бул эсептөөлөр Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин, «Ош шаарынын статусу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын, «Айыл чарба багытындагы жерлерди, короо алдындагы жана дачалык жер участкаларын, калктуу конуштардын жана айыл чарбалык эмес багыттагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкалары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27, 34, 39, 40-беренелерин, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын, Ош шаарынын мэриясынын 2001-жылдын 14-июнундагы №587-токтомун эске алып жана ижара мамилелерин аныктоочу башка нормативдик актылардын негизинде, ошондой эле жер участокторунун ижара акысын эсептеп чыгуу жана ижара келишимдерин бекемдөө тартибин аныктайт. Ап=НхSхК1хК2 Ап-бир айлык ижара акысы; Н-Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине ылайык жер салыгынын ставкасы; S-жер тилкесинин аянты, чарчы метр; К1-функционалдык багыттардын коэффициенти; К2–экономикалык пландаштыруу зонасы.
Функционалдык багыттардын коэффициенттери: - карьерлер:1 чарчы метрден 10 000 чарчы метрге чейин-1,0; 10 001 чарчы метрден 30 000 чарчы метрге чейин-0,8; 30 001 чарчы метрден 60 000 чарчы метрге чейин-0,6; 60 001 чарчы метрден жогорусу-0,4. - өнөр жай, тоо-кен ишканалары-2; - кампа ишканалары-3; -кампа, муз аянтчалары-4; -бассейн (камтыган курулуштары жана аянты менен)-6; -коопсуздук боюнча өз алдынча тосуп алган тосмолор-20; -соода навестер,ашкана навестер жана бастырмалар-10; -кичи ишканалар 500 чарчы метрге чейин, кийим тигүүчү жайлар (реставрация)-10; -кичи базарлар-14; -соода түйүндөр, чачтарачкана, бут кийим оңдоочу түйүндөр, тепкичтер, коомдук тамак-аш, автосервис түйүндөрү, унаа оңдоочу жайлар, май куюучу жайлар (автозаправка), унаа жуучу жайлар, мейманканалар, конок үйлөрү, офистер, биржалар, соода-сатык комплекстери, компьютердик класстар, кайра жасалган квартиралар, сулуулук салону, бизнес борборлор, байланыш түйүндөрү, дарыканалар жана жеке кызмат көрсөтүүчү жайлар, газета сатуу түйүндөрү, киоскалар, ларектор, нан сатуучу түйүндөр, турмуш тиричилик жактан тейлөө, процедурный кааналар-20; -батуттар, дүкөндүн алдына чыгарып соода жүргүзүүчү жайлар-бир чарчы метр (1м2) жер тилкеси айына 200 сомдон кем эмес болсун; -Ош шаарынын аймагындагы борбордук көчөлөрдө, борбордук жана кичи базардын айланасында же эл көп жайгашкан жерлерде убактылуу ижара шартында пайдаланууга берилген жерлер, аттракциондор жана карусельдер бир чарчы метр (1м2) жер тилкеси айына 200 сомдон кем эмес болсун; -банктар, ломбарддар, акча алмаштыруучу жайлар, оюн-зоок жайлары, казино, түнкү клубдар, трансформатор, караоке убактылуу аянтчалар бир чарчы метр (1м2) жер тилкеси айына 200 сомдон кем эмес болсун; -газ куюучу жайлар жана электр унааларын заряддагыч түйүндөрү ар бир чарчы метрине-500 сомдон кем эмес болсун; -банкоматтар жайгашкан жерине карабастан бир айлык ижара акы 5000 сомдон кем эмес болсун. Ошондой эле сезондук соода-сатыктардын төмөндөгүдөй таблицалык формасы бекитилсин. Эгерде жайгашкан жери бардык талаптарга жооп берген болсо бир айдан алты айга чейин сезондук мөөнөттө келишим түзүлсүн: |