Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы ПЖ № 244 Жарлыгына) |
Сот системасынын органдарынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына атайын класстык чендерди ыйгаруунун, сактоонун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби жөнүндө
жобо
(КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 227, 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 152 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул жобо "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө", "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот системасынын органдарынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына атайын класстык чендерди ыйгаруунун, сактоонун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартибин аныктайт.
(КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
11. Сот системасынын органдарына Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун (мындан ары - Конституциялык сот), Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун (мындан ары - Жогорку сот), Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун (мындан ары - жергиликтүү соттор) аппараттары, ошондой эле Жогорку соттун ведомстволук мекемелери жана органдары жана алардын аймактык бөлүмдөрү кирет.
(КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Атайын класстык чен - бул сот системасынын органдарынын ар бир мамлекеттик жарандык кызматчысына иш стажына, билимине жана ээлеген кызматына ылайык жекече ыйгарылуучу атайын наам.
Атайын класстык чендер административдик мамлекеттик кызмат орундарынын реестринин топторуна жана категорияларына ылайык келет.
(КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Атайын класстык чендерди ыйгаруунун тартиби
3. Сот системасынын органдарынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына атайын класстык ченди ыйгаруу иш стажына, жогорку юридикалык билиминин болушуна ылайык ырааттуу тартипте жүргүзүлөт.
Мамлекеттик жарандык кызматчыларга кызмат орундарынын тобун эске алуу менен төмөнкү атайын класстык чендер ыйгарылат:
1) кызмат орундарынын кенже тобуна - кенже юрист жана 3-класстагы юрист атайын класстык чени;
2) кызмат орундарынын улук тобуна - 2, 1-класстагы юрист атайын класстык чендери;
3) кызмат орундарынын башкы тобуна - юстициянын 3, 2, 1-класстагы кеңешчиси атайын класстык чендери;
4) кызмат орундарынын жогорку тобуна - юстициянын 3, 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси атайын класстык чендери.
(КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
31. Атайын класстык чени жок мамлекеттик жарандык кызматчыга биринчи атайын класстык чен, ушул Жобонун 13-пунктунда каралган учурду кошпогондо, административдик кызмат орундарынын тиешелүү тобу үчүн биринчи атайын класстык чендер болуп саналган кенже юрист, 2-класстагы юрист, юстициянын 3-класстагы кеңешчиси атайын класстык чендерине карата -административдик кызмат орунга дайындалгандан кийин бир жылдан эрте эмес ыйгарылат.
Эгерде кызматчы бир мамлекеттик органдын чегинде башка кызмат орунга дайындалса, анда ушул пунктта каралган атайын класстык чендерди ыйгаруу үчүн мөөнөт бул мамлекеттик органдын бардык кызмат орундарында үзгүлтүксүз кызмат кылган бардык убакыттын жыйындысы боюнча эсептелет.
(КР Президентинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 152 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
32. Юстициянын 3 жана 2-класстагы мамлекеттик кеңешчисинин атайын класстык чени, ушул Жобонун 13-пунктунда каралган учурду кошпогондо, ээлеген кызмат ордунда эки жылдан кем эмес иштегенден кийин гана ыйгарылышы мүмкүн.
Жогорку административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарын ээлеген адамдарга кезектеги атайын класстык чен ээлеген кызмат ордунда мурдагы атайын класстык ченде 3 жылдан кем эмес болгон шартта ыйгарылышы мүмкүн.
Өзгөчө учурларда өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ушул пункттун биринчи жана экинчи абзацтарында белгиленген талаптарды эске албастан юстициянын 3 жана 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси атайын класстык чени ыйгарылышы мүмкүн.
(КР Президентинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 152 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Атайын класстык чендерде болуунун мөөнөттөрү жана аларды ыйгаруу тартиби
4. Ар бир атайын класстык ченде болуу мөөнөттөрү төмөнкүлөрдөн кем болбоого тийиш:
кенже юрист үчүн - 1 жылдан;
3, 2, 1-класстагы юрист үчүн - 3 жылдан;
юстициянын 3, 2, 1-класстагы кеңешчиси үчүн - 3 жылдан;
(КР Президентинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 152 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)