Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 28-декабры ПЖ № 413
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка
аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат
каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын
аскердик кийим формасын кийүүсүнүн, айырмалоочу белгилерди
жана жабдыктарды тагынуусунун бирдиктүү эрежелерин бекитүү
жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 385, 2026-жылдын 21-июлундагы № 262 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
"Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 12-пунктуна ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын аскердик кийим формасын кийүүсүнүн, айырмалоочу белгилерди жана жабдыктарды тагынуусунун бирдиктүү эрежелери (мындан ары - Аскердик кийим формасын кийүүнүн, айырмалоочу белгилерди жана жабдыктарды тагынуунун эрежелери) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курамына кирген министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана административдик ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын жетекчилери:
1) бардык аскер кызматчыларынын Аскердик кийим формасын кийүүнүн, айырмалоочу белгилерди жана жабдыктарды тагынуунун эрежелеринин так сакташын камсыз кылсын;
2) өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 21-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын аскердик кийим формасын кийүүнүн, айырмалоочу белгилерин жана жабдыктарын тагынуунун бирдиктүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 10-январындагы № 1 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка
аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат
каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын
аскердик кийим формасын кийүүсүнүн, айырмалоочу белгилерди
жана жабдыктарды тагынуусунун
бирдиктүү эрежелери
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 385, 2026-жылдын 21-июлундагы № 262 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
1. Негизги жоболор
1. Ушул Бирдиктүү эрежелер (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын аскердик кийим формасын кийүү, айырмалоочу белгилерди жана жабдыктарды тагынуу тартибин белгилейт.
2. Аскердик кийим формасын кийүүгө Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчылары, Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Асанов Даир Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин (мындан ары - аскер лицейи) тарбиялануучулары, ошондой эле аскердик кийим формасын кийүү укугу менен запаска же отставкага бошотулган аскер кызматчылары, аскерге милдеттүүлөр жана окуу жайларынын аскердик жыйындарга чакырылган студенттери укуктуу.
3. Аскердик кийим формасы ушул Эрежелерге ылайык так кийилет. Кийим формасынын предметтери белгиленген сыпаттамаларга жооп берүүгө, чак келүүгө жана кынтыксыз абалда кармалууга тийиш.
4. Аскердик кийим формасы төмөнкүдөй белгиленет:
1) өзгөчө параддык (Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын (мындан ары - Улуттук гвардия) ардактуу кароолунун жана аскердик көрсөтмөлүү оркестрдин аскер кызматчылары үчүн);
2) параддык;
3) күнүмдүк;
4) талаалык;
5) атайын;
6) жумушчу.
Бул формалардын ар бири сезон боюнча жайкыга жана кышкыга бөлүнөт.
5. Аскердик кийим формасын төмөнкүлөр киет:
1) жогорку офицердик курам, улук жана кенже офицердик курам, контракт боюнча кызмат өтөп жаткан прапорщиктер, контракттык кызматтын жоокерлер жана сержанттар курамындагы аскер кызматчылары жана контракттык кызматтын аял аскер кызматчылары:
- параддык:
сап үчүн - параддарга катышууда; аскердик бөлүктөргө күжүрмөн тууларды жана ордендерди тапшырууда; аскер кызматчыларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырууда; аскердик ант берүүдө; ардактуу кароолдун курамына дайындалууда; аскердик бөлүктүн жылдык майрам күндөрүндө; Мекенди коргоочунун күнүнүн урматына салтанаттуу тизилүүлөрдө жана башка аскерлердин (кызматтардын) жана аскердик түзүлүштөрдүн кесиптик майрам күндөрүндө;
саптан тышкары - параддык эсептен тышкары параддарга катышуучулар; өкмөттүк жана ведомстволук сыйлыктарды алууда; кызматка дайындалууда түздөн-түз башчыларга тааныштырууда; аскердик наамды ыйгарууда; майрам күндөрүндө; салтанаттуу жыйналыштарда, расмий кабыл алууларда жана жоокерлердин эстеликтерине жана мүрзөлөрүнө гүлчамбарларды коюуда;
- күнүмдүк - сап үчүн жана саптан тышкары - күжүрмөн даярдык боюнча сабактарда (талаалык сабактардан тышкары); суткалык кезметтин курамында кызмат өтөөдө; күжүрмөн нөөмөттөрдө; штабдарда, башкармалыктарда, мекемелерде иштөөдө; кызматтык кеңешмелерде жана чогулуштарда, ошондой эле кызматтык эмес убактарда.
Күнүмдүк кийим формасын саптан тышкары кийүүгө аскердик бөлүктөрдүн (мекемелердин) бөлүкчөлөрүндө сапта болуу менен байланышпаган кызматтык милдеттерин аткарууда, бөлүктүн (мекемелердин) жайгашкан жердин ичиндеги класстык сааттарда, аудиторияларда, лабораторияларда жана аскердик окуу жайларынын (аскердик факультеттердин) устаканаларында уруксат берилет;
- талаалык - машыгууларда, маневрларда, талаалык чыгууларда жана күжүрмөн нөөмөттөрдө; кароолдордун курамында кызмат өтөөдө, суткалык кезметтерде, мамлекеттик чек араны коргоо (кайтаруу) боюнча тапшырмаларды аткарууда; окуу борборлорундагы, полигондордогу сабактарда, ошондой эле аскердик бөлүктүн (мекеменин) командиринин (башчысынын) көрсөтмөсү боюнча.
Кошуундарга чейинкилерди кошкондо аскердик бөлүктөрдүн, аскер кызматчыларынын күнүмдүк жашоосунда талаалык кийим формасын кийүүгө уруксат берилет;
- атайын (жабдуу ченемдери боюнча кимге белгиленсе) - машыгууларда, маневрларда жана талаалык чыгууларда; атайын тапшырмаларды аткарууда, күжүрмөн нөөмөттөрдө (күжүрмөн кызматта), чек ара кызматын өтөөдө, табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө; окуу борборлорундагы сабактарда, күжүрмөн техника менен машыгууларда жана техниканы жана курал-жаракты тейлөөдө; гараждарда, парктарда, устаканаларда, аэродромдордо, лабораторияларда, кампаларда, аскердик бөлүктөрдө жана мекемелерде жумуштарды аткарууда; спорттук машыгууларды жана мелдештерди өткөрүүдө (спорттук кийим формасы);
Эскертүү: Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн талаа кийим формасынын ордуна атайын форма жана сезон боюнча бийик кончтуу кара түстөгү ботинканын ордуна атайын бут кийим.
2) мөөнөттүү кызматтын сержанттары, жоокерлери, аскердик окуу жайларынын курсанттары (мындан ары - курсанттар) жана аскер лицейинин тарбиялануучулары:
- параддык - параддарга катышууда; аскердик бөлүктөргө күжүрмөн тууларды жана ордендерди тапшырууда; аскер кызматчыларына мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарды тапшырууда; аскердик ант берүүдө; ардактуу кароолдун курамына дайындалууда; аскердик бөлүктүн жылдык майрам күндөрүндө; Мекенди коргоочунун күнүнүн урматына жана башка аскерлердин жана аскердик түзүлүштөрдүн кесиптик майрам күндөрүндө салтанаттуу тизилүүлөрдө; өргүүдө жүргөн убагында жана аскердик бөлүктүн (мекеменин) командиринин (башчысынын) көрсөтмөсү боюнча;
- күнүмдүк - сабактарда, суткалык кезметтерди өтөөдө жана аскердик бөлүк (мекеме) жайгашкан жерде сабактардан бош убакта, аскердик бөлүктүн (мекеменин) командиринин (башчысынын) көрсөтмөсү боюнча;
- талаалык - күндөлүк жашоодо, машыгууларда, маневрларда, талаалык чыгууларда, күжүрмөн нөөмөттөрдө, кароолдордун курамында, суткалык кезметтерде кызмат өтөөдө, мамлекеттик чек араны коргоо (кайтаруу) боюнча тапшырмаларды аткарууда, окуу борборлорундагы, полигондордогу сабактарда, аскердик бөлүктүн (мекеменин) командиринин (башчысынын) көрсөтмөсү боюнча;
- жумушчу - чарбалык жана курулуш иштерин аткарууда, ошондой эле техниканы жана курал-жаракты тейлөөдө;
- атайын (жабдуу ченемдери боюнча кимге белгиленсе) - машыгууларда, маневрларда, талаалык чыгууларда; атайын тапшырмаларды аткарууда, күжүрмөн нөөмөттөрдө (күжүрмөн кызматта), чек ара кызматын өтөөдө, табигый жана техногендүү мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө, окуу борборлорундагы сабактарда, күжүрмөн техника менен машыгууларда жана техниканы жана курал-жаракты тейлөөдө, гараждарда, парктарда, устаканаларда, аэродромдордо, лабораторияларда, кампаларда, аскердик бөлүктөрдө жана мекемелерде жумуштарды аткарууда, спорттук машыгууларды жана мелдештерди өткөрүүдө (спорттук кийим формасы);
3) Улуттук гвардиянын ардактуу кароолунун жана аскердик көрсөтмөлүү оркестрдин аскер кызматчылары кийүүчү өзгөчө параддык - салтанаттуу ритуалдарды аткарууда, параддарга катышууда, аскердик бөлүктөргө күжүрмөн тууларды жана ордендерди тапшырууда, ошондой эле улук башчынын көрсөтмөсү боюнча салтанаттуу иш-чараларда.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 385 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
6. Аскерге милдеттүүлөр жана окуу жайларынын аскердик жыйындарга чакырылган студенттери талаалык кийим формасын аскердик бөлүктөрдө (мекемелерде) жыйындар өткөн мезгилде киет.
7. Салтанаттуу иш-чаралар, саптык кароолор, тизилүүлөр жана кызматтык кеңешмелер үчүн кийим формасын ушул иш-чараларды өткөрүп жаткан адамдар жарыялайт.
8. Кайгуул кызматын, контролдук-өткөрүү пункттарында нөөмөттөрдү өтөө үчүн, ошондой эле штабдардын, башкармалыктардын, аскердик бөлүктөрдүн, мекемелердин жана аскердик окуу жайларынын контролдук-өткөрүү кызматын аткарып жаткан аскер кызматчылары үчүн кийим формасын аскердик бөлүктөрдүн (мекемелердин) командирлери (башчылары) жарыялайт.
9. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларынын талаалык кийимдеринин түсүн Кыргыз Республикасынын Коргоо министри аныктайт.
Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларынын талаалык кийимдеринин түсүн Кыргыз Республикасынын аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын жетекчилери аныктайт.
10. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарынын жана аскердик бөлүктөрүнүн командирлери, мекемелердин, аскердик окуу жайларынын башчылары, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын жетекчилери:
1) кийим формасын аткарылып жаткан тапшырмалардын жана өтүп жаткан сабактардын мүнөзүн эске алуу менен аныктайт, ушул Эрежелердин талаптарынын аскер кызматчылары тарабынан сакталышына туруктуу контролду белгилейт;
2) аскер кызматчыларына кийим формасын кийүүгө берүүдө кийим предметтеринин чак келишин уюштурат, мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына, курсанттарга жана аскер лицейинин тарбиялануучуларына бекитилип берилген кийимди колдонууда жеке жоопкерсиздикке жол бербейт;
3) бардык бөлүкчөлөрдө тиричиликтик тейлөө бөлмөлөрүн, кийимди жана бут кийимди кургатуу үчүн кургатуу жайларынын, бөлүкчөнүн мүлкүн жана мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларынын, курсанттардын жана аскер лицейинин тарбиялануучуларынын жеке буюмдарын сактоо үчүн кампаларды жабдуу боюнча чараларды көрөт. Кийим жана бут кийим предметтерин өз убагында жууп тазалоону жана оңдоону камсыз кылат;
4) мезгил-мезгили менен, бирок кварталына бир жолудан кем эмес саптык кароолорду өткөрөт. Таңкы кароолордо, саптык кароолордо, ошондой эле жайкы (кышкы) кийим формасына өтүүдө бардык тизилүүлөрдө жана сабактар башталар алдында аскер кызматчыларынын белгиленген кийим формасын, оңдонууларын жана тышкы келбетин, кийим жана бут кийим предметтеринин абалын текшерет, аныкталган кемчиликтерди жоюуга бардык чараларды көрөт.
11. Аскер кызматчыларынын өзгөчө параддык, параддык, күнүмдүк, талаалык кийим формаларын бөлүкчөлөрдүн шкафтарында жапа кызматтык жайларда сактоого уруксат берилет.
12. Курал-жаракты жана аскердик техникаларды тейлөө менен байланышкан сабактар жана жумуштар, ошондой эле чарбалык иштер атайын жана жумушчу кийимдерде гана жүргүзүлөт.
13. Жайкы жана кышкы кийим формасына өтүү, буюм-тайым мүлкүнүн предметтерин жаз мезгилинде кийип баштоо жана күз мезгилде кийүүнү токтотуу гарнизондордун башчыларынын буйруктары менен белгиленет.
14. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчылары аскерлердин (кызматтын) түрү жана аскердик наамы боюнча кийим формасын киет жана айырмалоочу белгилерди тагынат.
15. Башка мамлекеттик органдарга, жарандык жогорку окуу жайларынын алдындагы аскердик факультеттерге (кафедраларга) жана офицердик курамды өркүндөтүү курстарына аскердик кызмат өтөө үчүн которулган улук жана кенже офицердик курам, контракт боюнча кызмат өтөп жаткан прапорщиктер, жоокерлер жана сержанттар курамындагы контракттык кызматтын аскер кызматчылары аскердик кызмат өтөп жаткан мамлекеттик органдын ошол аскерлердин түрүнүн аскер кызматчылары үчүн белгиленген кийим формасын киет.
16. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскердик бөлүктүн (аскердик окуу жайынын) курамына кирген аскерлердин (кызматтын) түрүнүн бөлүкчөлөрүндө контракт жана чакыруу боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары ушул аскердик бөлүк (аскердик окуу жайы) үчүн белгиленген, бирок погондорунда өздөрүнүн кызматынын эмблемасы бар кийим формасын киет.
17. Аскердик окуу жайларында туруктуу курам (контракт жана чакыруу боюнча аскер кызматчылары) бул аскердик окуу жайы катарына кирген ошол аскерлердин (кызматтын) түрүнүн кийим формасын киет.
18. Аскердик-медициналык, юридикалык аскердик эсептик адистиктерге ээ аскер кызматчылары аскерлердин (кызматтын) түрү боюнча же Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында белгиленген, бирок погондорунда өздөрүнүн кызматынын эмблемасы бар кийим формасын киет.
19. Аскердик автомобилдик инспекциянын аскер кызматчылары нөөмөт жана кезмет өтөө мезгилинде алар үчүн белгиленген аскерлердин түрү боюнча эмблемасы бар атайын кийим формасын киет.
20. Курсанттар алардын окуу жайына тиешелүү болгон аскерлердин түрү боюнча алар үчүн белгиленген эмблемасы бар кийим формасын киет.
21. Аскердик академиялардын, аскердик институттардын жана жарандык жогорку окуу жайларына караштуу аскердик факультеттердин офицердик наамы жок курсанттары (угуучулар) аскерлердин (кызматтын) түрү боюнча аскердик окуу жайлардын курсанттары үчүн белгиленген кийим формасын киет.
22. Улук жана кенже офицердик курамдын, контракт боюнча кызмат өтөп жаткан прапорщиктердин, контракттык кызматтын жоокерлер жана сержанттар курамындагы аскер кызматчыларынын ичинен аскердик окуу жайларынын (факультеттеринин) курсанттары (угуучулары) ушул категориядагы аскер кызматчылары үчүн белгиленген кийимдерди, кийим формасын кийүү укугун сактайт. Ошол эле учурда контракттык кызматтын жоокерлер жана сержанттар курамындагы аскер кызматчылары аскердик окуу жайларынын курсанттарынын погонун тагынат.
23. Кыска мөөнөттүү курстардын жана окуу жыйындарынын аскер кызматчылары ушул курстарга жана жыйындарга кийип келген кийим формасын киет.
24. Улуттук гвардиянын ардактуу кароолунун жана аскердик көрсөтмөлүү оркестрдин аскер кызматчылары бардык аскер кызматчылары үчүн белгиленген кийим формасын киет жана эмблеманы тагынат. Алар үчүн кошумча өзгөчө параддык кийим формасы белгиленет.
25. Кароол кийим формасын кийүү тартиби Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гарнизондук жана кароол кызматтарынын уставы менен аныкталат.
26. Жогорку аскердик курамга, улук жана кенже офицердик курамга, контракт боюнча кызмат өтөп жаткан прапорщиктерге, жоокерлер жана сержанттар курамындагы контракттык кызматтын аскер кызматчыларына жана контракттык кызматтын аял аскер кызматчыларына кызматтан тышкары убакта жана улук башчынын өзгөчө көрсөтмөсү боюнча кызмат убагында жарандык кийимди кийүүгө уруксат берилет.
27. Штабдарда жапа госпиталдарда, ошондой эле аскердик кийим формасын кийүүгө кызматтык зарылчылыгы жок болгон аскердик бөлүктөрдө жана мекемелерде кызмат өтөп жаткан контракттык кызматтын аял аскер кызматчыларына кызматтан тышкары убакты жана улук башчынын өзгөчө көрсөтмөсү боюнча кызмат убагында жарандык кийим кийүүгө уруксат берилет.
28. Жылуу кийимдер (чолок тон, чокой, тери мээлей, жылуу бешмант жана чалбар) кыш мезгилинде төмөнкү температурада сабактарда, машыгууларда жана жумуштарда - аскердик бөлүктүн (мекеменин) командиринин (башчысынын) көрсөтмөсү боюнча, ал эми аба ырайы суук аймактарда төмөнкү температурада жана катуу шамал болгондо - күн сайын кийилет.
29. Атайын кийимди кийүү тартибин жана убактысын аскердик бөлүктүн (мекеменин) командири (башчысы) аныктайт. Атайын кийим бөлүкчөлөрдүн уктоочу жайынан сырткары атайын шкафтарда, кампаларда, өзүнчө текчелерде же кийим илгичтерде сакталат.
30. Аскер кызматчыларына кызматтык зарылчылыктан келип чыккан учурларды кошпогондо, атайын жана жумушчу кийим формасы менен калктуу конуштун көчөлөрүндө жана башка коомдук жайларда жүрүүгө тыюу салынат.
31. Спорттук кийим жана бут кийим спорт сабактарын жана мелдештерди өткөрүү убагында спорт аянттарында кийилет.
32. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) өзгөртүлгөн же белгиленбеген үлгүлөрдөгү аскердик кийим формасынын предметтерин кийүүгө, жабдыктарды жана айырмалоочу белгилерди тагынууга;
2) ушул Эрежелерде жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралбаган төш белгилерди аскердик кийим формасына тагынууга;
3) ар кандай түрдөгү аскердик кийим формасынын предметтерин аралаштырууга, ошондой эле аскердик кийимди жарандык кийим менен аралаштырууга;
4) өргүүдө жүргөн, аскердик бөлүктүн (мекеменин) жайгашкан жеринен бошотулуу, ошондой эле аскердик бөлүктөрдүн (мекемелердин) командирлеринин (башчыларынын) көрсөтмөсү боюнча учурларды кошпогондо, мөөнөттүү кызматтын сержанттарынын, жоокерлеринин, курсанттарынын жана аскер лицейинин тарбиялануучуларынын жарандык кийим формасын кийүүсүнө;
5) аскер кызматчысы эмес жана ага укугу жок адамдардын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчылары үчүн белгиленген аскердик кийим формасын кийүүсүнө жана айырмалоочу белгилерди тагынуусуна.
2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка
аскердик түзүлүштөрүнүн жапа мыйзам менен аскердик кызмат
каралган мамлекеттик органдарынын жогорку офицердик
курамынын кийим формасы
33. Сап үчүн жана саптан тышкары параддык кийим формасы:
1) жайкы - ачык боз түстөгү фуражка, ачык боз түстөгү мундир, ачык боз түстөгү багалеги коё берилме шым, ак түстөгү формалык көйнөк, алтын түстөгү бекиткичи менен кара түстөгү жагоо, алтын түстүү параддык кур, ак түстөгү кол кап, кара түстөгү кыска ботинка;
2) кышкы - ачык боз түстөгү каракүлдөн кулакчындуу тумак, бозомтук күрөң түстөгү драптан кышкы пальто (Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (мындан ары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети) жана Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасынын (мындан ары -Аскер прокуратурасы) аскер кызматчылары үчүн - саргыч жашыл түстө, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлери (мындан ары - ички аскерлер) үчүн - кочкул көк түстөгү), ачык боз түстөгү каракүлдөн чечилме жакасы менен, ачык боз түстөгү мундир, ачык боз түстөгү багалеги коё берилме шым, ак түстөгү формалык көйнөк, алтын түстүү бекиткичи менен кара түстөгү жагоо, пальтого алтын түстүү параддык кур, ак түстөгү кол кап, ак түстөгү моюн орогуч, кара түстөгү ботинка.
Параддык кийим формасында төмөнкүлөрдү кийүүгө уруксат берилет:
- кышкы кийим формасында кулакчындуу тумактын ордуна фуражканы;
- кышкы кийим формасында сап үчүн жана саптан тышкары жакасыз пальтону;
- жайкы кийим формасында суук аба ырайында, ошондой эле жаз мезгилинде жылуу аба ырайында жайкы кийим формасына өткөнгө чейин жана күз мезгилинде кышкы кийим формасына өткөнгө чейин жазгы-күзгү плащты;
- кышкы кийим формасында пальтонун жана жазгы-күзгү күрмөнүн ордуна булгаары күрмөнү;
- сап үчүн жана саптан тышкары жайкы кийим формасында фуражканы, узун жеңдүү жана бекиткичи менен жагоосу бар көйнөктү, багалеги коё берилме шымды, мундирсиз;
- сап үчүн жана саптан тышкары жайкы кийим формасында ысык аба ырайда фуражканы, кыска жеңдүү көйнөктү, багалеги коё берилме шымды, жагоосуз;
- саптан тышкары кышкы жана жайкы кийим формасында кочкул көк түстөгү багалеги коё берилме шым менен параддык кийим формасын;
- ички аскерлер үчүн (аял аскер кызматчыларын кошпогондо) параддык кийим формасында фуражканын ордуна темгил түстөгү жүндөн токулган беретти, көйнөктүн жана жагоонун ордуна темгил жана ак түстөгү тилкелери менен тельняшканы, деңиз толкуну түсүндөгү кителдин жана багалеги коё берилме шымдын ордуна күнүмдүк кителди жана багалеги коё берилме шымды жана кара түстүү кыска ботинканын ордуна бийик кончтуу кара түстөгү ботинканы.
Саптан тышкары параддык кийим формасын ак түстөгү кол капсыз жана параддык курсуз кийүүгө уруксат берилет.
34. Сап үчүн жана саптан тышкары күнүмдүк кийим формасы (Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Аскер прокуратурасынын жана ички аскерлердин аскер кызматчыларын кошпогондо):
1) жайкы:
- № 1 вариант - бозомтук күрөң түстөгү фуражка, бозомтук күрөң түстөгү китель, бозомтук күрөң түстөгү багалеги коё берилме шым, ачык боз түстөгү формалык көйнөк, алтын түстүү бекиткичи менен бозомтук күрөң түстөгү жагоо, кара түстөгү кыска ботинка;
- № 2 вариант - кочкул жашыл (көк) түстөгү фуражка, кочкул жашыл (көк) түстөгү күнүмдүк жайкы костюм (кыска жеңдүү формалык көйнөк, багалеги коё берилме шым), кара түстөгү кыска ботинка;
- № 3 вариант - көк түстөгү фуражка (кепка), көк түстөгү күнүмдүк жайкы костюм (кыска жеңдүү көйнөк, багалеги коё берилме шым), кара түстөгү кыска ботинка;
2) кышкы:
- № 1 вариант - ачык боз түстөгү каракүлдөн кулакчындуу тумак, ачык боз түстүү каракүлдөн чечилме жакасы менен бозомтук күрөң түстөгү драптан кышкы пальто, бозомтук күрөң түстөгү китель, бозомтук күрөң түстөгү багалеги коё берилме шым, ачык боз түстөгү формалык көйнөк, алтын түстүү бекиткичи менен бозомтук күрөң түстөгү жагоо, кара түстөгү кышкы кол кап, күрөң түстөгү моюн орогуч, кара түстөгү ботинка;
- № 2 вариант - ачык боз түстүү каракүлдөн кулакчындуу тумак, кочкул жашыл (көк) түстөгү жазгы-күзгү күрмө, кочкул жашыл (көк) түстөгү күнүмдүк кышкы костюм (сыдырмалуу күрмө, багалеги коё берилме шым), боз (кок) түс кошулган хаки футболка, кара түстөгү кышкы кол кап, кара түстөгү ботинка;
- № 3 вариант ачык боз түстүү каракүлдөн кулакчындуу тумак, көк түстөгү жазгы-күзгү куртка, көк түстөгү күнүмдүк кышкы костюм (сыдырмалуу күрмө, багалеги коё берилме шым), көк түстөгү футболка, кара түстөгү кышкы кол кап, кара түстөгү ботинка.
Күнүмдүк кийим формасында төмөнкүлөрдү кийүүгө уруксат берилет:
- кышкы кийим формасында кулакчындуу тумактын ордуна фуражканы;
- кышкы кийим формасында сап үчүн жана саптан тышкары чечилме жакасыз пальтону;
- жайкы кийим формасында суук аба ырайында жазгы-күзгү күрмөнү;
- кышкы кийим формасында жана жайкы кийим формасында суук аба ырайында булгаары курктканы;
- жайкы кийим формасында суук аба ырайында, ошондой эле жаз мезгилинде жылуу аба ырайында жайкы кийим формасына жана күз мезгилинде кышкы кийим формасына өткөнгө чейин плащты;
- сап үчүн жана саптан тышкары жайкы кийим формасында фуражканы (беретти), ачык боз түстөгү узун жеңдүү формалык көйнөктү жана алтын түстүү бекиткичи менен бозомтук күрөң түстөгү жагоону, багалеги коё берилме шымды, кителсиз;
- сап үчүн жана саптан тышкары жайкы кийим формасында ысык аба ырайында фуражканы (беретти, формалык кепканы), ачык боз түстөгү кыска жеңдүү формалык көйнөктү, жагоосуз, багалеги коё берилме шымды;
- күнүмдүк кийим формасында фуражканы (беретти), бозомтук күрөң түстөгү сыдырмалуу күрмөнү (пуловерди), багалеги коё берилме шымды;
- жайкы кийим формасында кочкул жашыл (көк) түстөгү фуражканы, кочкул жашыл (кок) түстөгү күнүмдүк кышкы костюмду, боз (көк) түс кошулган хаки футболканы;
- жайкы кийим формасында кочкул жашыл (кок) түстөгү фуражканы, кочкул жашыл (көк) түстөгү күнүмдүк жайкы костюмду, боз (көк) түс кошулган хаки футболканы;
- боз (көк) түс кошулган хаки футболканы имарат ичинде -күнүмдүк кышкы комплекттин сыдырмалуу күрмөсүсүз;
- күнүмдүк кийим формасын имарат ичинде - баш кийимсиз;
- кышкы кийим формасын кышкы кол капсыз;
- сан үчүн жана саптан тышкары жаан-чачындуу аба ырайында жамынма плащты.
Эскертүү: № 2 варианттагы жайкы жана кышкы кийим формасын Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин (мындан ары - Коргоо министрлиги), Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаментинин (мындан ары - Соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаменти) жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын (мындан ары - Чек ара кызматы) аскер кызматчылары киет, № 3 варианттагы жайкы жана кышкы кийим формасын Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары - Өзгөчө кырдаалдар министрлиги) аскер кызматчылары киет.
35. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Аскер прокуратурасынын аскер кызматчылары үчүн сап үчүн жана саптан тышкары күнүмдүк кийим формасы:
1) жайкы:
- № 1 вариант - саргыч жашыл түстөгү фуражка, саргыч жашыл түстөгү китель, саргыч жашыл түстөгү багалеги коё берилме шым, саргыч жашыл түстөгү формалык көйнөк, алтын түстүү бекиткичи менен саргыч жашыл түстөгү жагоо, кара түстөгү кыска ботинка;
- № 2 вариант - кочкул жашыл түстөгү фуражка, кочкул жашыл түстөгү жайкы күнүмдүк костюм (кыска жеңдүү формалык көйнөк, багалеги коё берилме шым), кара түстөгү кыска ботинка;
2) кышкы:
- № 1 вариант - ачык боз түстүү каракүлдөн кулакчындуу тумак, ачык боз түстүү каракүлдөн чечилме жакасы менен саргыч жашыл түстөгү драптан кышкы пальто, саргыч жашыл түстөгү китель, саргыч жашыл түстөгү багалеги коё берилме шым, саргыч жашыл түстөгү формалык көйнөк, алтын түстүү бекиткичи менен саргыч жашыл түстөгү жагоо, кара түстөгү кышкы кол кап, саргыч жашыл түстөгү моюн орогуч, кара түстөгү ботинка.
- № 2 вариант - ачык боз түстүү каракүлдөн кулакчындуу тумак, кочкул жашыл түстөгү жазгы-күзгү күрмө, кочкул жашыл түстөгү күнүмдүк кышкы костюм (сыдырмалуу күрмө, багалеги коё берилме шым) коргоочу түстөгү футболка, кара түстөгү кышкы кол кап, кара түстөгү ботинка;
Күнүмдүк кийим формасында төмөнкүлөрдү кийүүгө уруксат берилет:
- кышкы кийим формасында кулакчындуу тумактын ордуна фуражканы;
- сап үчүн жана саптан тышкары кышкы кийим формасында чечилме жакасыз пальтону;
- кышкы кийим формасында, ошондой эле жайкы кийим формасында суук аба ырайында жазгы-күзгү күрмөнү;
- кышкы кийим формасында жана жайкы кийим формасында суук аба ырайында булгаары күрмөнү;
- жайкы кийим формасында суук аба ырайында, ошондой эле жаз мезгилинде жылуу аба ырайында жайкы кийим формасына жана күз мезгилинде кышкы кийим формасына өткөнгө чейин жазгы-күзгү плащты;
- сап үчүн жана саптан тышкары жайкы кийим формасында фуражканы (беретти), саргыч жашыл түстөгү формалык көйнөктү, алтын түстүү бекиткичи менен саргыч жашыл түстөгү жагоону, багалеги коё берилме шымды, кителсиз;
- сап үчүн жана саптан тышкары жайкы кийим формасында ысык аба ырайында фуражканы (беретти, формалык кепканы), саргыч жашыл түстүү кыска жеңдүү формалык көйнөктү, жагоосуз, багалеги коё берилме шымды;
- күнүмдүк кийим формасында фуражканы (беретти), саргыч жашыл түстөгү сыдырмалуу күрмөнү (пуловерди), багалеги коё берилме шымды;
- күнүмдүк кийим формасын имарат ичинде - баш кийимсиз;
- жайкы кийим формасында кочкул жашыл түстөгү фуражканы, кочкул жашыл түстөгү кунүмдүк кышкы костюмду, коргоочу түстөгү футболканы;
- - сап үчүн жана саптан тышкары жаан-чачындуу аба ырайында жамынма плащты.
Эскертүү: № 2 варианттагы жайкы жана кышкы кийим формасын Аскер прокуратурасынын аскер кызматчылары киет.
36. Ички аскерлердин аскер кызматчылары үчүн сап үчүн жана саптан тышкары күнүмдүк кийим формасы:
1) жайкы - кочкул кок түстөгү фуражка, кочкул көк түстөгү китель, кочкул көк түстөгү багалеги коё берилме шым, ачык көк түстөгү формалык көйнөк, алтын түстүү бекиткичи менен кочкул көк түстөгү жагоо, кара түстөгү кыска ботинка;
2) кышкы - ачык боз түстүү каракүлдөн кулакчындуу тумак, ачык боз түстүү каракүлдөн чечилме жакасы менен кочкул көк түстүү драптан кышкы пальто, кочкул кок түстөгү китель, кочкул көк түстөгү багалеги коё берилме шым, ачык кок түстөгү формалык көйнөк, алтын түстүү бекиткичи менен кочкул көк түстөгү жагоо, кара түстөгү кышкы кол кап, кочкул көк түстөгү моюн орогуч, кара түстөгү ботинка.
Күнүмдүк кийим формасында төмөнкүлөрдү кийүүгө уруксат берилет:
- кышкы кийим формасында кулакчындуу тумактын ордуна фуражканы;
- сап үчүн жана саптан тышкары кышкы кийим формасында чечилме жакасыз пальтону;
- кышкы кийим формасында, ошондой эле жайкы кийим формасында суук аба ырайында жазгы-күзгү күрмөнү;
- жайкы кийим формасында суук аба ырайында, ошондой эле жаз мезгилинде жылуу аба ырайында жайкы кийим формасына жана күзгү мезгилинде кышкы кийим формасына өткөнгө чейин жазгы-күзгү плащты;
- сап үчүн жана саптан тышкары жайкы кийим формасында фуражканы (беретти), ачык көк түстөгү формалык көйнөктү, алтын түстүү бекиткичи менен кочкул көк түстөгү жагоону, багалеги коё берилме шымды, кителсиз;
- сап үчүн жана саптан тышкары жайкы кийим формасында ысык аба ырайында фуражканы (беретти, формалык кепканы), ачык көк түстөгү кыска жеңдүү формалык көйнөктү, жагоосуз, багалеги коё берилме шымды;
- күнүмдүк кийим формасында фуражканы (беретти), кочкул көк түстөгү сыдырмалуу күрмөнү (пуловерди), багалеги коё берилме шымды;
- күнүмдүк кийим формасын имарат ичинде - баш кийимсиз;
- сап үчүн жана саптан тышкары жаан-чачындуу аба ырайында жамынма плащты.
37. Талаалык кийим формасы:
1) жайкы - камуфляж түстөгү фуражка, камуфляж түстөгү жайкы күрмө жана шым, камуфляж (коргоочу) түстөгү футболка, кара түстөгү копчу узун ботинка, жабдыктар;
2) кышкы - ачык боз түстүү каракүлдөн кулакчындуу тумак, камуфляж түстөгү кышкы күрмө жана шым, камуфляж түстөгү жайкы күрмө жана шым, камуфляж (коргоочу) түстөгү футболка, кышкы кара (коргоочу, камуфляж) түстөгү кол кап, кара түстөгү кончу узун ботинка, жабдыктар.
Эскертүү: Улуттук гвардия жана атайын бөлүкчөлөр үчүн көгүш жана ак түстүү түз тилкелүү жеңи узун футболка. Көгүш жана ак түстүү түз тилкелүү майка. Ички аскерлер үчүн темгил түстүү жеңи узун футболка. Темгил жана ак түстүү түз тилкелүү майка.
Талаалык кийим формасында төмөнкүлөрдү кийүүгө уруксат берилет:
- кышкы кийим формасында кулакчындуу тумактын ордуна камуфляж түстөгү фуражканы;
- кышкы кийим формасында кулакчындуу тумактын ордуна, ошондой эле жайкы кийим формасында суук аба ырайында камуфляж түстөгү фуражканын ордуна камуфляж (хаки) түстөгү жылуу тумакты;
- кышкы жана жайкы кийим формасында белгиленген түстөгү береттерди;
- жайкы кийим формасында камуфляж түстөгү талаа панамасын;
- жайкы кийим формасында суук аба ырайында кышкы кийим формасын;
- кышкы кийим формасын кышкы кол капсыз;
- камуфляж түстөгү кышкы күрмөнү камуфляж түстөгү кышкы шымсыз;
- кышкы жана жайкы кийим формасында саргыч боз түстөгү кончу узун ботинканы;
- жаан-чачындуу аба ырайында жамынма плащты;
- жайкы кийим формасында ысык аба ырайында камуфляж түстөгү фуражканы (беретти, панаманы), камуфляж (коргоочу) түстөгү футболканы, камуфляж түстөгү жайкы шымды жайкы күрмөсүз.
Жабдыктар нөөмөттөрдө, талаа сабактарында, машыгууларында, маневрларда тагылат.
3. Улук жана кенже офицердик курамдын, контракт боюнча
кызмат өтөп жаткан прапорщиктердин, жоокерлер жана
сержанттар курамындагы контракттык кызматтын аскер
кызматчыларынын кийим формасы
38. Сап үчүн жана саптан тышкары улук жана кенже офицердик курамдын параддык кийим формасы:
1) жайкы - деңиз толкуну түсүндөгү фуражка, деңиз толкуну түсүндөгү китель, деңиз толкуну түсүндөгү багалеги коё берилме шым, ак түстүү формалык көйнөк, алтын түстүү бекиткичи менен кара түстөгү жагоо, алтын түстөгү параддык кур, ак түстөгү кол кап, кара түстөгү кыска ботинка;
2) кышкы - күрөң түстүү накта териден кулакчындуу тумак, күрөң түстүү пакта териден чечилме жакасы менен бозомтук күрөң түстүү драптан кышкы пальто, деңиз толкуну түсүндөгү китель, деңиз толкуну түсүндөгү багалеги коё берилме шым, ак түстөгү формалык көйнөк, алтын түстүү бекиткичи менен кара түстөгү жагоо, ак түстөгү моюн орогуч, ак түстөгү кол кап, алтын түстүү параддык кур, кара түстөгү ботинка.
Параддык кийим формасында улук башчынын (аскердик бөлүктүн командиринин) көрсөтмөсү боюнча төмөнкүлөрдү кийүүгө уруксат берилет:
- "полковник" аскердик наамындагы улук офицердик курамга күрөң түстүү накта териден кулакчындуу тумактын жана күрөң түстүү накта териден чечилме жаканын ордуна ачык боз түстүү каракүлдөн кулакчындуу тумакты жана ачык боз түстүү каракүлдөн чечилме жаканы;
- кышкы кийим формасында кулакчындуу тумактын ордуна фуражканы;
- сан үчүн жана саптан тышкары кышкы кийим формасында чечилме жакасыз пальтону;
- кышкы кийим формасында, ошондой эле жайкы кийим формасында суук аба ырайында жазгы-күзгү күрмөнү;
- жайкы кийим формасында суук аба ырайында, ошондой эле жаз мезгилинде жылуу аба ырайында жайкы кийим формасына өткөнгө чейин жана күз мезгилинде кышкы кийим формасына өткөнгө чейин жазгы-күзгү плащты;
- сап үчүн жана саптан тышкары жайкы кийим формасында фуражканы, ак түстөгү узун жеңдүү формалык көйнөктү жана алтын түстүү бекиткичи менен кара түстөгү жагоо менен, багалеги коё берилме шымды, кителсиз;
- сап үчүн жана саптан тышкары жайкы кийим формасында ысык аба ырайында фуражканы, ак түстөгү кыска жеңдүү көйнөктү, багалеги коё берилме шымды, жагоосуз;
- Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аскер кызматчылары үчүн параддык кийим формасын саптан тышкары күнүмдүк кийим формасы сыяктуу параддык жабдык атрибуттары менен жапа ак түстөгү формалык көйнөк менен;
- кышкы кийим формасында параддык кийим формасын саптан тышкары ак түстөгү кол капсыз жана параддык курсуз.
Эскертүү: Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн авиациясынын аскер кызматчылары үчүн кочкул көк түстөгү фуражка, китель жана шым; Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аскер кызматчылары үчүн фуражканын алкагы ачык көк түстүү, кулакчындуу тумак - саргыч жашыл (боз) түстүү, саргыч жашыл түстүү накта териден чечилме жакасы менен саргыч жашыл түстөгү кышкы пальто, жазгы-күзгү плащ, жазгы-күзгү күрмө; Чек ара кызматынын аскер кызматчылары үчүн - жашыл түстүү кырбусу менен фуражка, алкагы кочкул көк түстө; ички аскерлер үчүн кулакчындуу тумак, пальто, жазгы-күзгү плащ жана күрмө - кочкул көк түстө, Аскер прокуратурасы үчүн - кулакчындуу тумак, пальто, жазгы-күзгү плащ жапа күрмө - саргыч жашыл түстө.
Кышкы кийим формасында мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарлары кызматтарында турган аскер кызматчыларына жазгы-күзгү күрмөнүн ордуна булгаары куртканы кийүүгө уруксат берилет.
39. Контракт боюнча кызмат өтөп жаткан прапорщиктердин, жоокерлер жана сержанттар курамындагы контракттык кызматтын аскер кызматчыларынын (Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, ички аскерлердин, Аскер прокуратурасынын аскер кызматчыларынан тышкары) сап үчүн жана саптан тышкары параддык кийим формасы:
1) жайкы - бозомтук күрөң түстөгү фуражка, бозомтук күрөң түстүү китель, бозомтук күрөң түстүү багалеги коё берилме шым, ак түстүү формалык көйнөк, алтын түстүү бекиткичи менен бозомтук күрөң түстөгү жагоо, алтын түстөгү параддык кур, ак түстөгү кол кап, кара түстөгү кыска ботинка;
2) кышкы - күрөң түстүү жасалма териден кулакчындуу тумак, күрөң түстүү жасалма териден чечилме жакасы менен бозомтук күрөң түстүү драптан кышкы пальто, бозомтук күрөң түстөгү китель, бозомтук күрөң түстөгү багалеги коё берилме шым, ак түстөгү формалык көйнөк, алтын түстөгү бекиткичи менен бозомтук күрөң түстөгү жагоо, ак түстөгү моюн орогуч, ак түстөгү кышкы кол кап, алтын түстөгү параддык кур, кара түстөгү ботинка.
Параддык кийим формасында улук башчынын (аскердик бөлүктүн командиринин) көрсөтмөсү боюнча төмөнкүлөрдү кийүүгө уруксат берилет:
- кышкы кийим формасында кулакчындуу тумактын ордуна фуражканы;
- сап үчүн жапа саптап тышкары кышкы кийим формасында чечилме жакасыз пальтону;
- кышкы кийим формасында, ошондой эле жайкы кийим формасында суук аба ырайында жазгы-күзгү күрмөнү;
- жайкы кийим формасында суук аба ырайында, ошондой эле жаз мезгилинде жылуу аба ырайында жайкы кийим формасына жана күз мезгилинде кышкы кийим формасына өткөнгө чейин жазгы-күзгү плащты;
- сап үчүн жана саптан тышкары жайкы кийим формасында фуражканы, ак түстөгү узун жеңдүү формалык көйнөктү, алтын түстүү бекиткичи менен бозомтук күрөң түстөгү жагоону, багалеги коё берилме шымды, кителсиз;
- сап үчүн жана саптан тышкары жайкы кийим формасында ысык аба ырайында фуражканы, ак түстүү кыска жеңдүү формалык көйнөктү, багалеги коё берилме шымды, жагоосуз.
- саптан тышкары параддык кийим формасын кол капсыз, саптан тышкары кышкы кийим формасында параддык курсуз.
Эскертүү: Чек ара кызматынын аскер кызматчылары үчүн -жашыл түстүү кырбусу менен фуражка, алкагы кочкул көк түстө.
40. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Аскер прокуратурасынын контракт боюнча кызмат өтөп жаткан прапорщиктеринин, жоокерлер, жана сержанттар курамындагы контракттык кызматтын аскер кызматчыларынын сап үчүн жана саптан тышкары параддык кийим формасы:
1) жайкы - саргыч жашыл түстөгү фуражка, саргыч жашыл түстөгү китель, саргыч жашыл түстүү багалеги коё берилме шым, ак түстөгү формалык көйнөк, алтын түстүү бекиткичи менен саргыч жашыл түстөгү жагоо, алтын түстөгү параддык кур, ак түстөгү кол кап, кара түстөгү кыска ботинка;
2 ) кышкы - саргыч жашыл (боз) түстүү жасалма териден кулакчыпдуу тумак, саргыч жашыл түстүү жасалма териден чечилме жакасы менен саргыч жашыл түстөгү драптан кышкы пальто, саргыч жашыл түстөгү китель, саргыч жашыл түстөгү багалеги коё берилме шым, ак түстөгү формалык көйнөк, алтын түстүү бекиткичи менен саргыч жашыл түстөгү жагоо, ак түстөгү моюн орогуч, ак түстөгү кышкы кол кап, алтын түстөгү параддык кур, кара түстөгү ботинка.
Параддык кийим формасында улук башчынын (аскердик бөлүктүн командиринин) көрсөтмөсү боюнча төмөнкүлөрдү кийүүгө уруксат берилет:
- кышкы кийим формасында кулакчындуу тумактын ордуна фуражканы;
- сап үчүн жана саптан тышкары кышкы кийим формасында чечилме жакасыз пальтону;
- кышкы кийим формасында, ошондой эле жайкы кийим формасында суук аба ырайында жазгы-күзгү күрмөнү;
- жайкы кийим формасында суук аба ырайында, ошондой эле жаз мезгилинде жылуу аба ырайында жайкы кийим формасына өткөнгө чейин жана күз мезгилинде кышкы кийим формасына өткөнгө чейин жазгы-күзгү плащты;
- сап үчүн жана саптан тышкары жайкы кийим формасында фуражканы, ак түстөгү узун жеңдүү формалык көйнөктү, алтын түстүү бекиткичи менен саргыч жашыл түстөгү жагоону, багалеги коё берилме шымды, кителсиз;
- сап үчүн жана саптан тышкары жайкы кийим формасында ысык аба ырайында фуражканы, ак түстөгү кыска жеңдүү көйнөктү, багалеги коё берилме шымды, жагоосуз;
Саптан тышкары параддык кийим формасын кол капсыз кийүүгө уруксат берилет.
41. Ички аскерлердин контракт боюнча кызмат өтөп жаткан прапорщиктеринин, жоокерлер жана сержанттар курамындагы контракттык кызматтын аскер кызматчыларынын сап үчүн жана саптан тышкары параддык кийим формасы:
1) жайкы - кочкул көк түстөгү фуражка, кочкул көк түстөгү китель, кочкул көк түстөгү багалеги коё берилме шым, ак түстөгү формалык көйнөк, алтын түстүү бекиткичи менен кочкул көк түстөгү жагоо, алтын түстөгү параддык кур, ак түстөгү кол кап, кара түстөгү кыска ботинка;
2) кышкы - кочкул көк түстүү жасалма териден кулакчындуу тумак, көк түстүү жасалма териден чечилме жакасы менен кочкул көк түстөгү драптан кышкы пальто, кочкул көк түстүү китель, кочкул көк түстүү багалеги коё берилме шым, ак түстүү формалык көйнөк, алтын түстүү бекиткичи менен кочкул көк түстөгү жагоо, ак түстөгү моюн орогуч, ак түстөгү кышкы кол кап, алтын түстүү параддык кур, кара түстүү ботинка.
Параддык кийим формасында улук башчынын (аскердик бөлүктүн командиринин) көрсөтмөсү боюнча төмөнкүлөрдү кийүүгө уруксат берилет:
- кышкы кийим формасында кулакчындуу тумактын ордуна фуражканы;
- сап үчүн жана саптан тышкары кышкы кийим формасында чечилме жакасыз пальтону;
- кышкы кийим формасында, ошондой эле жайкы кийим формасында суук аба ырайында жазгы-күзгү күрмөнү;
- жайкы кийим формасында суук аба ырайында, ошондой эле жаз мезгилинде жылуу аба ырайында жайкы кийим формасына өткөнгө чейин жана күз мезгилинде кышкы кийим формасына өткөнгө чейин жазгы-күзгү плащты;
- сап үчүн жана саптан тышкары жайкы кийим формасында фуражканы, ак түстүү узун жеңдүү формалык көйнөктү, алтын түстүү бекиткичи менен кочкул көк түстөгү жагоону, багалеги коё берилме шымды, кителсиз;
- сап үчүн жана саптан тышкары жайкы кийим формасында ысык аба ырайында фуражканы, ак түстөгү кыска жеңдүү көйнөктү, багалеги коё берилме шымды, жагоосуз;
- кышкы кийим формасында параддык кийим формасын саптан тышкары ак түстөгү кол капсыз, параддык курсуз.
42. Сап үчүн жана саптан тышкары улук жана кенже офицердик курамдын, контракт боюнча кызмат өтөп жаткан прапорщиктердин, жоокерлер жана сержанттар курамындагы контракттык кызматтын аскер кызматчыларынын (Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, ички аскерлердин жана Аскер прокуратурасынын аскер кызматчыларын кошпогондо) күнүмдүк кийим формасы:
1) жайкы:
- № 1 вариант - бозомтук күрөң түстөгү фуражка, бозомтук күрөң түстөгү китель, бозомтук күрөң түстөгү багалеги коё берилме шым, ачык боз түстөгү формалык көйнөк, алтын түстүү бекиткичи менен бозомтук күрөң түстөгү жагоо, кара түстөгү кыска ботинка;
- № 2 вариант - кочкул жашыл (көк) түстөгү фуражка, кочкул жашыл (көк) түстөгү күнүмдүк жайкы костюм (кыска жеңдүү формалык көйнөк, багалеги коё берилме шым), кыска ботинка;
- № 3 вариант - көк түстөгү фуражка (кепка), көк түстөгү күнүмдүк жайкы костюм ("поло" футболкасы, багалеги коё берилме шым), кара түстөгү кыска ботинка;
2) кышкы:
- № 1 вариант - күрөң түстүү накта (жасалма) териден кулакчындуу тумак, күрөң түстүү накта териден чечилме жакасы менен бозомтук күрөң түстөгү драптан кышкы пальто, бозомтук күрөң түстөгү китель, бозомтук күрөң түстөгү багалеги коё берилме шым, ачык боз түстөгү формалык көйнөк, алтын түстүү бекиткичи меиеп бозомтук күрөң түстөгү жагоо, кара түстөгү кышкы кол кап, күрөң түстөгү моюн орогуч, кара түстөгү ботинка;
- № 2 вариант - күрөң түстүү накта (жасалма) териден кулакчындуу тумак, кочкул жашыл (көк) түстөгү жазгы-күзгү күрмө, кочкул жашыл (көк) түстөгү күнүмдүк кышкы костюм (сыдырмалуу күрмө, багалеги коё берилме шым), боз (көк) түс кошулган хаки футболка, кара түстөгү кышкы кол кап, каратүстөгү ботинка;
- № 3 вариант - кочкул көк түстүү накта териден кулакчындуу тумак, көк түстөгү кышкы күрмө, көк түстөгү күнүмдүк кышкы костюм (сыдырмалуу күрмө, багалеги коё берилме шым), көк түстөгү футболка, кара түстөгү кышкы кол кап, кара түстөгү ботинка.
Күнүмдүк кийим формасында улук башчынын (аскердик бөлүктүн командиринин) көрсөтмөсү боюнча төмөнкүлөрдү кийүүгө уруксат берилет:
- "полковник" аскердик наамындагы улук офицердик курамга накта териден кулакчындуу тумактын жана накта териден чечилме жаканын ордуна ачык боз түстөгү каракүлдөн кулакчындуу тумакты жана ачык боз түстөгү каракүлдөн чечилме жаканы;
- кышкы кийим формасында контракт боюнча кызмат өтөп жаткан прапорщиктерге, жоокерлер жана сержанттар курамындагы контракттык кызматтын аскер кызматчыларына жасалма териден кулакчындуу тумактын ордуна накта териден кулакчындуу тумакты;
- кышкы кийим формасында кулакчындуу тумактын ордуна фуражканы;
- сап үчүн жана саптан тышкары кышкы кийим формасында чечилме жакасыз пальтону;
- кышкы кийим формасында, ошондой эле жайкы кийим формасында суук аба ырайында жазгы-күзгү күрмөнү;
- жайкы кийим формасында суук аба ырайында, ошондой эле жаз мезгилинде жылуу аба ырайында жайкы кийим формасына жана күз мезгилинде кышкы кийим формасына өткөнгө чейин жазгы-күзгү плащты;
- сап үчүн жана саптан тышкары жайкы кийим формасында фуражканы (беретти), ачык боз түстүү формалык көйнөктү, алтын түстүү бекиткичи менен күрөң түстөгү жагоону, багалеги коё берилме шымды, кителсиз;
- сап үчүн жана саптан тышкары жайкы кийим формасында ысык аба ырайында фуражканы (беретти, формалык кепканы), ачык боз түстүү кыска жеңдүү формалык көйнөктү, багалеги коё берилме шымды, жагоосуз;
- күнүмдүк кийим формасында фуражканы (беретти), бозомтук күрөң түстөгү сыдырмалуу күрмөнү (пуловерди), багалеги коё берилме шымды;
- жайкы кийим формасында кочкул жашыл (көк) түстөгү фуражканы, кочкул жашыл (көк) түстөгү күнүмдүк кышкы костюмду, футболканы;
- жайкы кийим формасында кочкул жашыл (көк) түстөгү фуражканы, кочкул жашыл (көк) түстүү күнүмдүк жайкы костюмду, боз (көк) түс кошулган хаки футболканы;
- боз (көк) түс кошулган хаки футболканы имарат ичинде -күнүмдүк кышкы комплекттин сыдырмалуу күрмөсүсүз;
- күнүмдүк кийим формасын имарат ичинде - баш кийимсиз;
- сан үчүн жана саптан тышкары жаан-чачындуу аба ырайында жамынма плащты.
Эскертүү: № 2 варианттагы жайкы жана кышкы кийим формасын Коргоо министрлигинин, Соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаменти жана Чек ара кызматынын аскер кызматчылары киет; Чек ара кызматынын аскер кызматчылары үчүн - жашыл түстүү кырбусу менен фуражка, алкагы - кочкул көк түстө; контракт боюнча кызмат өтөп жаткан прапорщиктер, жоокерлер жана сержанттар курамындагы контракттык кызматтын аскер кызматчылары үчүн - жасалма териден кулакчындуу тумак жана чечилме жака, № 3 варианттагы жайкы жана кышкы кийим формасын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер кызматчылары киет.
43. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Аскер прокуратурасынын улук жана кенже офицердик курамынын, контракт боюнча кызмат өтөп жаткан прапорщиктеринин, жоокерлер жана сержанттар курамындагы контракттык кызматтын аскер кызматчыларынын сап үчүн жана саптан тышкары күнүмдүк кийим формасы:
1) жайкы:
- № 1 вариант - саргыч жашыл түстөгү фуражка, саргыч жашыл түстөгү китель, саргыч жашыл түстөгү багалеги коё берилме шым, саргыч жашыл түстөгү формалык көйнөк, алтын түстүү бекиткичи менен саргыч жашыл түстөгү жагоо, кара түстөгү кыска ботинка;
- № 2 вариант - кочкул жашыл түстөгү фуражка, кочкул жашыл түстөгү күнүмдүк жайкы костюм (кыска жеңдүү формалык көйнөк, багалеги коё берилме шым), кара түстөгү кыска ботинка;
2) кышкы:
- № 1 вариант - саргыч жашыл (боз) түстөгү накта (жасалма) териден кулакчындуу тумак, саргыч жашыл (боз) түстүү накта териден чечилме жакасы менен саргыч жашыл түстүү драптан кышкы пальто, саргыч жашыл түстөгү китель, саргыч жашыл түстөгү багалеги коё берилме шым, саргыч жашыл түстөгү формалык көйнөк, алтын түстүү бекиткичи менен саргыч жашыл түстөгү жагоо, кара түстөгү кышкы кол кап, саргыч жашыл түстөгү моюн орогуч, кара түстөгү ботинка;
- № 2 вариант - саргыч жашыл (боз) түстүү накта (жасалма) териден кулакчындуу тумак, кочкул жашыл түстөгү жазгы-күзгү күрмө, кочкул жашыл түстөгү күнүмдүк кышкы костюм (сыдырмалуу күрмө, багалеги коё берилме шым), коргоочу түстөгү футболка, кара түстөгү кышкы кол кап, кара түстөгү ботинка.
Күнүмдүк кийим формасында улук башчынын (аскердик болүктун командиринин) көрсөтмөсү боюнча төмөнкүлөрдү кийүүгө уруксат берилет:
- "полковник" аскердик наамындагы улук офицердик курамга саргыч жашыл (боз) түстүү накта териден кулакчындуу тумактын жана саргыч жашыл (боз) түстүү накта териден чечилме жаканын ордуна ачык боз түстөгү каракүлдөн кулакчындуу тумакты жана ачык боз түстөгү каракүлдөн чечилме жаканы;
- кышкы кийим формасында контракт боюнча кызмат өтөп жаткан прапорщиктерге, жоокерлер жана сержанттар курамындагы контракттык кызматтын аскер кызматчыларына жасалма териден кулакчындуу тумактын ордуна накта териден кулакчындуу тумакты;
- кышкы кийим формасында кулакчындуу тумактын ордуна фуражканы;
- сап үчүн жана саптан тышкары кышкы кийим формасында чечилме жакасыз пальтону;
- кышкы кийим формасында, ошондой эле жайкы кийим формасында суук аба ырайында жазгы-күзгү күрмөнү;
- жайкы кийим формасында суук аба ырайында, ошондой эле жаз мезгилинде жылуу аба ырайында жайкы кийим формасына жана күз мезгилинде кышкы кийим формасына өткөнгө чейин жазгы-күзгү плащты;
- сап үчүн жана саптан тышкары жайкы кийим формасында фуражканы (беретти), саргыч жашыл түстөгү формалык көйнөктү, алтын түстүү бекиткичи менен саргыч жашыл түстөгү жагоону, багалеги коё берилме шымды, кителсиз;
- сап үчүн жана саптан тышкары жайкы кийим формасында ысык аба ырайында фуражканы (беретти, формалык кепканы), кыска жеңдүү саргыч жашыл түстөгү формалык көйнөктү, жагоосуз, багалеги коё берилме шымды;
- күнүмдүк кийим формасында фуражканы (беретти), саргыч жашыл түстөгү сыдырмалуу күрмөнү (пуловер), багалеги коё берилме шымды;
- күнүмдүк кийим формасында имарат ичинде - баш кийимсиз;
- жайкы кийим формасында кочкул жашыл түстөгү фуражканы, кочкул жашыл түстөгү күнүмдүк кышкы костюмду, коргоочу түстөгү футболканы;
- сап үчүн жана саптан тышкары жаан-чачындуу аба ырайында жамынма плащты.
Эскертүү: № 2 варианттагы жайкы жана кышкы кийим формасын Аскер прокуратурасынын аскер кызматчылары киет; контракт боюнча кызмат өтөп жаткан прапорщиктер, жоокерлер жана сержанттар курамындагы контракттык кызматтын аскер кызматчылары үчүн - жасалма териден кулакчындуу тумак жана чечилме жака.
44. Ички аскерлердин улук жана кенже офицердик курамынын, контракт боюнча кызмат өтөп жаткан прапорщиктеринин, жоокерлер жана сержанттар курамындагы контракттык кызматтын аскер кызматчыларынын сап үчүн жана саптан тышкары күнүмдүк кийим формасы:
1) жайкы - кочкул көк түстөгү фуражка, кочкул көк түстөгү китель, кочкул көк түстөгү багалеги коё берилме шым, ачык көк түстөгү формалык көйнөк, алтын түстүү бекиткичи менен кочкул көк түстөгү жагоо, каратүстөгү кыска ботинка;
2) кышкы - кочкул көк түстөгү накта (жасалма) териден кулакчындуу тумак, кочкул көк түстүү накта териден чечилме жакасы менен кочкул көк түстүү драптан кышкы пальто, кочкул көк түстөгү китель, кочкул көк түстөгү багалеги коё берилме шым, ачык көк түстөгү формалык көйнөк, алтын түстүү бекиткичи менен кочкул көк түстөгү жагоо, кара түстөгү кышкы кол кап, кочкул көк түстөгү моюн орогуч, кара түстөгү ботинка.
Күнүмдүк кийим формасында улук башчынын (аскердик бөлүктүн командиринин) көрсөтмөсү боюнча төмөнкүлөрдү кийүүгө уруксат берилет:
- "полковник" аскердик наамындагы улук офицердик курамга накта териден кулакчындуу тумактын жана накта териден чечилме жаканын ордуна ачык боз түстөгү каракүлдөн кулакчындуу тумакты жана ачык боз түстөгү каракүлдөн чечилме жаканы;
- кышкы кийим формасында контракт боюнча кызмат өтөп жаткан прапорщиктерге, жоокерлер жана сержанттар курамындагы контракттык кызматтын аскер кызматчыларына жасалма териден кулакчындуу тумактын ордуна накта териден кулакчындуу тумакты;
- кышкы кийим формасында кулакчындуу тумактын ордуна фуражканы;
- сап үчүн жана саптан тышкары кышкы кийим формасында чечилме жакасыз пальтону;
- кышкы кийим формасында, ошондой эле жайкы кийим формасында суук аба ырайында жазгы-күзгү күрмөнү;
- жайкы кийим формасында суук аба ырайында, ошондой эле жаз мезгилинде жылуу аба ырайында жайкы кийим формасына жана күз мезгилинде кышкы кийим формасына өткөнгө чейин жазгы-күзгү плащты;
- сап үчүн жана саптан тышкары жайкы кийим формасында фуражканы (беретти), ачык көк түстөгү формалык көйнөктү, алтын түстүү бекиткичи менен кочкул кок түстүү жагоону, багалеги коё берилме шымды кителсиз;
- сап үчүн жана саптан тышкары жайкы кийим формасында ысык аба ырайында фуражканы (беретти, формалык кепканы), кыска жеңдүү ачык көк түстөгү формалык көйнөктү, жагоосуз, багалеги коё берилме шымды;
- күнүмдүк кийим формасында фуражканы (беретти), кочкул көк түстөгү сыдырмалуу күрмөнү (пуловер), багалеги коё берилме шымды;
- имарат ичинде күнүмдүк кийим формасын - баш кийимсиз;
- жаан-чачындуу аба ырайында сапта жана саптан тышкары жамынма плащты.
45. Улук жана кенже офицердик курамдын, контракт боюнча кызмат өтөп жаткан прапорщиктердин, жоокерлер жана сержанттар курамындагы контракттык кызматтын аскер кызматчыларынын талаа кийим формасы:
1) жайкы - камуфляж түстөгү фуражка, камуфляж түстөгү жайкы күрмө жана шым, камуфляж (коргоочу) түстөгү футболка, бийик кончтуу кара түстөгү ботинка, жарак-жабдыктар;
2) кышкы - күрөң түстүү накта (жасалма) териден кулакчындуу тумак, камуфляж түстөгү кышкы күрмө жана шым, камуфляж түстөгү күрмө жана шым, камуфляж (коргоочу) түстөгү футболка, кара (коргоочу) түстөгү кышкы кол кап, кара түстөгү бийик кончтуу ботинка, жарак-жабдыктар.
Эскертүү: Улуттук гвардия жана атайын бөлүкчөлөр үчүн көгүш жана ак түстөгү түз тилкелүү жеңи узун футболка, көгүш жана ак түстөгү түз тилкелүү майка; ички аскерлер үчүн - темгил түстөгү жеңи узун футболка, темгил жана ак түстөгү түз тилкелүү майка; Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жапа Аскер прокуратурасы үчүн - саргыч жашыл (боз) түстөгү кулакчындуу тумак, ички аскерлер үчүн - кочкул көк түстөгү кулакчындуу тумак; контракт боюнча кызмат өтөп жаткан прапорщиктер, жоокерлер жана сержанттар курамындагы контракттык кызматтын аскер кызматчылары үчүн - жасалма териден кулакчындуу тумак.
Талаа кийим формасында улук башчынын (аскердик бөлүктүн командиринин) көрсөтмөсү боюнча төмөнкүлөрдү кийүүгө уруксат берилет;
- кышкы кийим формасында кулакчындуу тумактын ордуна камуфляж түстөгү фуражканы;
- кышкы кийим формасында контракт боюнча кызмат өтөп жаткан прапорщиктер, жоокерлер жана сержанттар курамындагы контракттык кызматтын аскер кызматчылары үчүн жасалма териден кулакчындуу тумактын ордуна накта териден кулакчындуу тумакты;
- кышкы кийим формасында накта (жасалма) териден кулакчындуу тумактын ордуна, ошондой эле жайкы кийим формасында суук аба ырайында камуфляж түстөгү талаа фуражкасынын ордуна камуфляж (хаки) түстөгү жылууланган тумакты;
- кышкы жана жайкы кийим формасында белгиленген түстөгү береттерди;
- жайкы талаа кийим формасында камуфляж түстөгү талаа панамасын;
- жайкы кийим формасында суук аба ырайында кышкы кийим формасын;
- кышкы кийим формасын кышкы кол капсыз;
- камуфляж түстөгү кышкы күрмөнү камуфляж түстөгү кышкы шымсыз;
- кышкы жана жайкы кийим формасында саргыч боз түстөгү кончу бийик ботинканы;
- жаан-чачындуу аба ырайында жамынма плащты;
- жайкы кийим формасында ысык аба ырайында камуфляж түстөгү фуражканы (беретти, панаманы), камуфляж (коргоочу) түстөгү футболканы, камуфляж түстөгү жайкы шымды талаа күрмөсүз.
Жарак-жабдыктар талаа сабактарында, машыгууларда, маневрларда, нөөмөттөрдө гана тагылат. Күнүмдүк ишмердүүлүктө талаа кийимин кийүүдө, анын ичинде аскердик бөлүктөрдүн аскер кызматчыларынын тизилүүлөрүндө жарак-жабдыктар тагылбайт.
4. Контракттык кызматтагы аял аскер кызматчыларынын
кийим формасы
46. Улук жана кенже офицердик курамдын сапта жана саптан тышкары параддык кийим формасы:
1) жайкы - деңиз толкуну түсүндөгү пилотка (шляпа), деңиз толкуну түсүндөгү жакет, деңиз толкуну түсүндөгү юбка, ак түстөгү формалык көйнөк, кара түстөгү жагоо-бант, алтын түстөгү параддык кур, ак түстөгү кол кап, кара түстөгү туфли;
2) кышкы - күрөң түстүү накта териден кулакчындуу тумак, күрөң түстүү накта териден чечилме жакасы менен бозомтук күрөң түстөгү драптан кышкы пальто, деңиз толкуну түсүндөгү жакет, деңиз толкуну түсүндөгү юбка, ак түстөгү формалык көйнөк, кара түстөгү жагоо-бант, ак түстөгү моюн орогуч, ак түстөгү кышкы кол кап, алтын түстөгү параддык кур, кара түстөгү кыска өтүк.
Эскертүү: Абадан коргонуу күчтөрүнүн авиациясынын аскер кызматчылары үчүн - пилотка (шляпа), кочкул көк түстөгү жакет жана юбка; Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Аскердик прокуратура үчүн - саргыч жашыл (боз) түстөгү кулакчындуу тумак, накта териден чечилме жакасы менен саргыч жашыл түстөгү кышкы пальто, жазгы-күзгү плащ, жазгы-күзгү күрмө; ички аскерлер үчүн -кочкул көк түстөгү кулакчындуу тумак, накта териден чечилме жакасы менен кышкы пальто, жазгы-күзгү плащ жана жазгы-күзгү күрмө.