КР Президентинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги ПЖ № 94 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 12-августу ПЖ № 282
Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун ишин өркүндөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагындагы мекеме катары аныктоо менен Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту (мындан ары - Институт) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин карамагынан чыгарылсын.
2. "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту" мекемеси "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту" мекемеси болуп кайра аталсын.
3. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Институттун уставы 1-тиркемеге ылайык;
2) Институттун штаттык санынын чеги 2-тиркемеге ылайык;
3) Институттун директорунун жана негизги персоналынын кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналган 7040 сом өлчөмүндөгү минималдуу базалык ставка.
4. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Институттун негизги персоналынын кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери 3-тиркемеге ылайык;
2) Институттун негизги персоналына эмгек өргүүгө чыгууда ден соолукту чыңдоого эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндөгү жөлөкпулду төлөө;
3) техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын эмгек акысын төлөөнүн шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталат.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети: