Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

4-тиркеме

 

 

 

(Кыргыз Республикасынын Президентинин

2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 308 Жарлыгына ылайык)

 

Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын

мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык

кызмат орундарын ээлеген адамдарга класстык чендерди

ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун

ТАРТИБИ

 

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-мартындагы ПЖ № 43, 2023-жылдын 6-июнундагы ПЖ № 151, 2023-жылдын 7-декабрындагы ПЖ № 333, 2024-жылдын 1-мартындагы ПЖ № 52 ,  2024-жылдын 16-сентябрындагы ПЖ N 262, 2024-жылдын 22-ноябрындагы ПЖ № 330, 2025-жылдын 26-февралындагы ПЖ № 67, 2025-жылдын 26-мартындагы ПЖ № 104, 2025-жылдын 1-августандагы № 227 , 2025-жылдын 24-октябрындагы № 296, 2025-жылдын 16-декабрындагы № 365, 2026-жылдын 13-майындагы № 163 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)

 

1. Жалпы жоболор

 

1. Ушул Тартип "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга класстык чендерди ыйгаруу, сактоо, төмөндөтүү жана ажыратуу тартибин аныктайт.

Ушул Тартиптин күчү саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга (мындан ары - кызмат адамдары) жайылтылат.

2. Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарга төмөнкү класстык чендер ыйгарылат:

- мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси;

- мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси;

- мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси;

- мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси;

- мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси;

- мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга төмөнкү класстык чендер ыйгарылат:

- муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси;

- муниципалдык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси;

- муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси;

- муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси;

- муниципалдык кызматтын 2-класстагы муниципалдык кеңешчиси;

- муниципалдык кызматтын 1-класстагы муниципалдык кеңешчиси.

3. Класстык чендердин улуктугу ушул Тартиптин 2-пунктуна ылайык аларды санап чыгуунун ырааттуулугу боюнча аныкталат.

4. Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдардын класстык чендери төмөнкүдөй бөлүнөт:

- улук класстык чендер мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчисинен тартып мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчисин кошо алганда;

- жогорку класстык чендер мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчисинен тартып мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчисин кошо алганда.

Улук жана жогорку класстык чендер саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарга ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык ыйгарылат.

5. Саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын класстык чендери төмөнкүдөй бөлүнөт:

- улук класстык чендер - муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчисинен тартып муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчисин кошо алганда;

- жогорку класстык чендер - муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчисинен тартып муниципалдык кызматтын 1-класстагы муниципалдык кеңешчисин кошо алганда.

Улук жана жогорку класстык чендер саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык ыйгарылат.

6. Класстык чендер ээлеген кызмат ордуна ылайык ырааттуулукту сактоо менен жогорку билими жана жалпысынан мамлекеттик кызматта жана/же муниципалдык кызматта иш стажы бар болсо, жеке ыйгарылат:

- класстык чендердин улук тобу үчүн 5 жылдан кем эмес. Персоналды башкаруу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин, ал жок болсо - персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамдын сунушу боюнча кызмат адамына бул талапты сактабастан кезектеги класстык чен ыйгарылышы мүмкүн;

- класстык чендердин жогорку тобу үчүн 10 жылдан кем эмес. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын жогорку класстык чендерин ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө сунуштарды кароо боюнча комиссиянын сунушу боюнча кызмат адамына бул талапты сактабастан кезектеги класстык чен ыйгарылышы мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими боюнча Кыргыз Республикасы үчүн тиешелүү кесиптик чөйрөдө жогорку жана олуттуу жетишкендиктери үчүн мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси жана муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси класстык ченин ыйгаруу мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы иш стажына карата жогоруда көрсөтүлгөн талаптарды сактабастан жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын жогорку класстык чендерин ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө сунуштарды кароо боюнча комиссиянын (мындан ары - Комиссия) жыйналышында карабастан жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 6-июнундагы ПЖ № 151, 2025-жылдын 24-октябрындагы № 296 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)

7. Класстык ченди ыйгаруу, сактоо, төмөндөтүү жана ажыратуу менен байланышкан бардык талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилет.

8. Кызмат адамына класстык чен ыйгаруу жөнүндө маалыматтар кызмат адамдын эмгек китепчесинде, өздүк ишинде жана кызматтык күбөлүгүндө көрсөтүлөт. Кызмат адамынын класстык ченин төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө маалыматтар кызмат адамынын өздүк ишинде көрсөтүлөт. Ошондой эле ушул пунктта каралган маалыматтар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасына ("e-Kyzmat)" АМС) киргизилет.

Мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси, муниципалдык кызматтын муниципалдык кеңешчиси класстык чени ыйгарылган учурда тиешелүү күбөлүк берилет.

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан улук класстык ченди ыйгарууда формасы жана сыпаттамасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен бекитилген тиешелүү күбөлүк берилет.

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 1-мартындагы ПЖ № 52, 2026-жылдын 13-майындагы № 163 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)

9. Класстык ченди ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө чечимдин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү кызмат адамынын өздүк ишине тиркелет.