Загрузка документа…
КР Президентинин 2025-жылдын 8-декабрындагы № 353 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 25-сентябры ПЖ №240
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттикти түзүү жөнүндө
Транспорт каражаттарын каттоо маселелерин тартипке келтирүү, айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдө жана айдоочуларга транспорт каражаттарын башкарууга уруксат берүүдө коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Унаа" мамлекеттик мекемесинин базасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - Мамлекеттик агенттик) түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Унаа" мамлекеттик мекемесинин укук улантуучусу болуп эсептелет;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Унаа" мамлекеттик мекемесинин ээлеген кызмат орундарына ылайык Мамлекеттик агенттиктин карамагына берилген функцияларды жүзөгө ашыруучу иштеп жаткан кызматкерлери Мамлекеттик агенттикке квалификациялык талаптарга ылайык кайра дайындалууга тийиш;
- Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлерине, анын ичинде техникалык жана тейлөө персоналына эмгек акы төлөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген колдонуудагы эмгек акы төлөө шарттары боюнча жүргүзүлөт.
3. Мамлекеттик агенттик төмөнкүдөй чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат деп аныкталсын:
- транспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, ошондой эле айдоочулук курамды каттоо жана кайра каттоо;
- квалификациялык сынактарды өткөрүү жана кабыл алуу, транспорт каражаттарды башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүктөрдү жана өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугуна тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү;
- транспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоо номердик белгилерин жасоо;
- автотранспорт каражаттарына цифралардын же/жана тамгалардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоо номердик белгилерин, ошондой эле энчилүү номердик белгилерин сатуу;
- Кыргыз Республикасынын улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрүн жекелештирүү;