Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2000-жылдын 21-январы № 36
Дене тарбия жана спорт жөнүндө
(КР 2011-жылдын 18-ноябрындагы № 219, 2012-жылдын 25-июлундагы № 133, 2012-жылдын 25-июлундагы № 134, 2013-жылдын 15-январындагы № 4, 2013-жылдын 1-июнундагы № 87, 2016-жылдын 23-апрелиндеги № 50, 2018-жылдын 16-февралындагы № 23, 2020-жылдын 18-июлундагы № 82, 2021-жылдын 16-апрелиндеги № 55, 2023-жылдын 14-апрелиндеги № 90 , 2024-жылдын 22-июлундагы № 135 , 2025-жылдын 21-январындагы № 21 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спорт адамдарды дене тарбиясы жактан талаптагыдай өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруунун, ар бир адамга таандык болгон тубаса сапаттарды жана аны менен байланышкан мүмкүнчүлүктөрдү ар тараптан өркүндөтүүнүн негизинде Кыргызстандын элинин саламаттыгын сактоого багытталган. Дене тарбия жана спорт инсандын коомдук жактан активдүүлүгү менен мүнөздөлгөн руханий жана адептик сапаттарын тарбиялоо, ар бир адамды эмгектенүүгө, коргоого жана коомдук иштердин башка түрлөрүнө тийиштүү даражада даярдоону камсыз кылуу менен ажыралгыс тыгыз биримдикте болот.
Ушул Мыйзам спортсмендерди дене тарбия жагынан даярдоо системасын уюштуруунун, иштетүүнүн жана башкаруунун негизги принциптерин белгилейт жана аларды жүзөгө ашыруунун укуктук базасы катары кызмат кылат.
I Глава Жалпы жоболор
1-статья. Дене тарбия жана спорт жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын максаттары
Дене тарбия жана спорт жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары адамды ар тараптан өнүктүрүүгө, жашоонун жакшы үлгүлөрүн өздөштүрүүгө, дене тарбиясы жана адептүүлүк жагынан өсүп - өркүндөө зарылчылыгын калыптандырууга, дене тарбия менен спорттун ар кандай түрлөрү менен машыгуу үчүн шарт түзүүгө, кесиптик - прикладдык даярдоону уюштурууга жана ар кандай оорулардын, зыяндуу адаттардын жана укук бузуулардын алдын алууну тийиштүү деңгээлде камсыз кылууга, тыюу салынган субстанцияларды жана ыкмаларды колдонууну болтурбоого, патриотизмге тарбиялоого, элдердин ортосундагы достукту өнүктүрүүгө жана чыңдоого багытталган.
(КР 2020-жылдын 18-июлундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-статья. Дене тарбиясын жана спортту уюштуруунун жана башкаруунун негизги принциптери
Дене тарбиясын жана спортту уюштуруунун жана башкаруунун негизги принциптерине төмөндөгүлөр кирет:
инсанды ар тараптан шайкеш өнүктүрүү;
дене тарбиясынын эмгек жана коргоо практикасы менен байланышы;
дене тарбия жана спорт менен машыгуунун ден соолукту чыңдоого багытталышы;
дене тарбия жана спорт менен машыгууга жарандардын тең укугу;
мамлекеттик дене тарбия жана спорт окуу жайларында мамлекеттик билим берүү программаларында белгиленген чектерде акысыз дене тарбиясына, кесиптик - прикладдык даярдыктан өтүүгө жарандардын укуктарын кепилдикке алуу;
дене тарбия жана спорт менен машыгууга кеңири мүмкүнчүлүк;
дене тарбия жана спорт менен машыгуу системасындагы демократизм;
дене тарбия жана спорттун коомдогу саясий жана идеологиялык институттарга көз карандысыздыгы;
ушул Мыйзамдын талаптарына жооп берген бардык дене тарбия жана спорт уюмдарынын өз алдынчалуулугун жана көп түрдүүлүгүн таануу.
3-статья. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөндөгүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
Азия жана Азиянын паралимпиадалык оюндары - Азиянын олимпиадалык кеңешинин калкасы астында Азиянын бардык өлкөлөрүнүн атлеттеринин арасында, ошондой эле таяныч-кыймылдоо аппаратында жана көрүү органдарында жабыркоосу бар майып спортчулардын арасында ар бир 4 жылда өткөрүлүүчү спорттук мелдештер;
спортто тыюу салынган субстанциялар жана (же) ыкмалар (мындан ары - допинг) - Допингге каршы дүйнөлүк агенттиктин эл аралык стандартынын тыюу салынган тизмесине киргизилген химиялык кошулмалар (заттар, дарылар) жана ыкмалар, анын ичинде спортто пайдалануу үчүн тыюу салынган субстанциялардын жана (же) ыкмалардын тизмегине киргизилген субстанцияларды жана (же) ыкмаларды пайдалануу же пайдаланууга аракет жасоо;
дене тарбиясынын ченемдик негиздери - Кыргыз Республикасынын калкын жаш курагына жараша ырааттуу түрдө камтуучу дене тарбиялык даярдыгын баалоонун (ченемдеринин) критерийлеринин топтому;
олимпиадалык кыймыл - адамдын дене тарбиясы жана рухий жагынан өркүндөп өсүү каражаттарынын бири катары спортту өнүктүрүүгө, эл аралык спорттук кызматташтыкты чыңдоого багытталган эл аралык коомдук кыймыл.
паралимпиядалык кыймыл - эл аралык олимпиадалык кыймылдын уюмдарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды өз катарына бириктирген бир бөлүгү, адамды дене бою жана руханий жактан өркүндөтүүгө, эл аралык кызматташтыкты чыңдоого жана майыптарды спорт менен машыгууга тартууга, жашоонун сергек түрүнө умтулууга жетишүү каражаттарынын бири катары спортту өнүктүрүү бул кыймылдын максаты болуп саналат.
олимпиадалык жана паралимпиадалык оюндар - Эл аралык олимпиадалык жана паралимпиадалык комитеттин калкасы астында 4 жылда бир өткөрүлүүчү эл аралык комплекстүү спорттук мелдештер;
спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дүйнөлүк чемпионаттар - атлеттер арасында 4 жылда бир же жылына 1 жолудан көп эмес өткөрүлүүчү ири эл аралык ' мелдештер;
калкты дене тарбия жагынан өркүндөтүү жана спортсмендерди даярдоо системасы - максаты калкка дене тарбиясын берүү жана өлкөдө спортту өнүктүрүү болуп саналган иш-аракеттердин мамлекеттик жана коомдук формаларынын жыйындысы.
спорт - дене тарбиясынын коомдогу компонентгеринин биринин жалпыланган түшүнүгү, ал адамды мелдешке катыштыруунун жана мелдешке даярдоонун атайын практикасы жана формасы катары тарыхый жактан калыптанган, бул ошондой эле мелдеш процессинде пайда болгон өзгөчөлүгү бар мамилелерди, нормаларды жана жетишкендиктерди билдирет.
жогорку жетишкендиктердин спорту - адамдын түпкү мүмкүнчүлүктөрүн ачып берүүнү, жогорку спорттук көрсөткүчтөргө жетишүүнү, рекорд коюуну камсыз кылуучу чөйрө.
спорттук мелдеш - спорттук жетишкендиктерди көрсөтүүнүн, салыштыруунун жана баа берүүнүн ыкмасы.
спортсмен - спорттун өзү тандап алган түрү менен үзгүлтүксүз машыккан жана белгиленген эрежелерге ылайык спорттук мелдештерге катышкан, бирдиктүү спорттук классификацияга ылайык спорттук разряды же спорттук наамы бар адам.
дене тарбия - маданияттын ажыралгыс бөлүгү, социалдык иш - аракеттин бир тармагы, адамдын дене тарбиясын өнүктүрүү жана ден соолугун чыңдоо максатында коом түзүүчү, өнүктүрүүчү жана пайдалануучу руханий жана материалдык дөөлөттөрдүн жыйындысы болуп саналат.
дене тарбия жагынан өркүндөө - дени сак, дене тарбиясы жана рухий жагынан өркүндөгөн, моралдык жактан туруктуу келген жаш муундарды калыптандырууга багытталган, уюшкан педагогикалык процесс, ден соолукту чыңдоо, иштөө жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, чыгармачылык узун өмүр жана адамдын өмүрүн узартуу.
дене тарбия-спорт уюмдары - уюштуруу жагынан укуктук формаларына жана менчигинин формаларына карабастан дене тарбиясы жана спорт жагынан кызмат көрсөтүү ишинин негизги түрү болуп саналган коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар;
курама команданын башкы машыктыруучусу - жогорку профилдик билими бар жана Олимпиада жана Паралимпиада оюндарында, Азия жана Азиянын паралимпиадалык оюндарында, спорттун түрлөрү боюнча дүйнөлүк чемпионаттарда жана башка эл аралык мелдештерде спорттун түрү боюнча курама команданы жетектөөгө, түзүүгө, даярдоого жана чыгарууга жооптуу, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте дайындалуучу адам;
курама команданын улук машыктыруучусу - жогорку профилдик билими бар жана спортчуларды Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына, Азия жана Азиянын паралимпиадалык оюндарына, спорттун түрлөрү боюнча дүйнөлүк чемпионаттарга жана башка эл аралык мелдештерге чыгуу үчүн белгилүү бир спорттун түрү боюнча кесиптик даярдоону, окутууну, спорттук машыктыруу процессинин дене тарбиялык, теориялык, моралдык-эрктик, техникалык жактан өркүндөтүүнү камсыз кылуу үчүн жооптуу, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте дайындалуучу адам;
жеке машыктыруучу - спорттук кесиптик билими бар, чемпионду же байге ээсин даярдоочу окуу-машыктыруу процессин жүргүзүүчү жана спорттук натыйжаларга жетишүүсү үчүн анын мелдештик иш-аракеттерине жетекчилик кылуучу адам;
биринчи машыктыруучу - чемпион наамын жеңип алган же байге ээси болгон спортчунун жаш кезинде функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү жолу менен, баштапкы окутууга жана чеберчилигин өркүндөтүүгө катышуучу, спорттун белгилүү бир түрүндө адистешкен адам.
(КР 2011-жылдын 18-ноябрындагы № 219, 2013-жылдын 1-июнундагы № 87, 2016-жылдын 23-апрелиндеги № 50, 2020-жылдын 18-июлундагы № 82, 2023-жылдын 14-апрелиндеги № 90 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
4-статья. Дене тарбиясынын ченемдик негиздери
Дене тарбиясынын ченемдик негиздери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
Дене тарбиясынын ченемдик негиздери спорттук разряддарды жана наамдарды ыйгаруу принциптерин, эрежелерин жана тартибин белгилөөчү Бирдиктүү спорттук классификация менен тыгыз айкалышта пайдаланылат.
(КР 2016-жылдын 23-апрелиндеги № 50, 2023-жылдын 14-апрелиндеги № 90 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
5-статья. Дене тарбиясынын жана спорттун программалык негизи
Кыргыз Республикасында төмөндөгүдөй мамлекеттик программалар бар:
мектепке чейинки мекемелердеги балдарды, жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларын, башталгыч, орто жана кесиптик жогорку окуу жайлардын окуучуларын жана студенттерин дене тарбия жагынан тарбиялоо;
дене тарбия жана спорт жагынан кесиптик жогорку окуу жайлардын студенттерин кесиптик - прикладдык өнөргө даярдоо;
аскер кызматчыларын жана укук коргоо органдарынын өздүк курамын, өрттөн куткаруу бөлүмдөрүнүн өздүк курамын, аскерге чакырылганга чейинки курактагы жаштарды аскердик-прикладдык дене тарбия жагынан даярдоо;
ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды дене тарбиясы жагынан тарбиялоо;
дене тарбия - спорттук секциялардын, ийримдердин, клубдардын, балдардын - өспүрүмдөрдүн спорттук жана балдардын - өспүрүмдөрдүн спорттук - техникалык мектептеринин, олимпиадалык резервдеги окуу жайлардын жана курама командаларды олимпиадалык даярдоо борборлорунун жана дене тарбиясы менен спорттун адистештирилген мекемелери менен уюмдарынын багыты боюнча ар түрдүү квалификациядагы спортсмендерди даярдоо.
(КР 2011-жылдын 18-ноябрындагы № 219, 2025-жылдын 21-январындагы № 21 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
6-статья. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин дене тарбия жана спорт жагындагы ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- дене тарбия жана спорт жагындагы мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат;
- маалыматтык камсыз кылуунун бирдиктүү мамлекеттик тутумун түзүүнү камсыз кылат;
- спорттун түрлөрүнүн жана спорттук дисциплиналардын Улуттук реестрин жүргүзүү тартибин аныктайт;
- дене тарбия жана спортту, дене тарбия жана спорт жагындагы илимий изилдөөлөрдү, дене тарбия жана спортсмендерди даярдоо тутумун илимий-методикалык жактан камсыз кылууну, кесиптик даярдоону, дене тарбия жана спорт жагындагы адистердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча иш-чараларды каржылоонун мамлекеттик ченемдерин аныктайт;
- эл аралык спорттук мелдештерде Кыргыз Республикасынын атынан чыгуучу жогорку квалификациялуу спортсмендерди даярдоо жана уюштуруу маселелери боюнча дене тарбия-ден соолукту чыңдоо жана спорт багытындагы расмий коомдук бирикмелердин ишин координациялоону жана контролдоону жүзөгө ашырат;
- дене тарбия жана спорт жаатында жогорку спорттук натыйжаларга жетишкендиги үчүн бир жолку акчалай сыйлык түрүндөгү мамлекеттик төлөмдөрдүн өлчөмдөрүн аныктайт;
- Кыргыз Республикасынын спортсмендерине стипендияларды төлөө тартибин аныктайт;
- Кыргыз Республикасынын допингге каршы эрежелерин иштеп чыгат жана бекитет;
- спортто допингге каршы иш-чараларды жүргүзүүнү контролдоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктайт;
- спорттун түрлөрү боюнча республикалык федерацияларды юстиция органдарында каттоо (кайра каттоо) жана реестрин жүргүзүү үчүн макулдук берүүнүн тартибин аныктайт.
Бир жолку акчалай сый акыларды төлөө өлчөмү Олимпиада, Паралимпиада, Азия жана Азиянын паралимпиадалык оюндарына, дүйнөнүн жана Азиянын чемпионаттарына спортчулардын катышуусу башталганга чейин 1 жыл мурун аныкталат. Мында, чемпиондор жана байге ээлери үчүн сый акылардын суммалары, ошондой эле машыктыруучулар (курама команданын башкы машыктыруучусу, курама команданын улук машыктыруучусу, жеке машыктыруучу, биринчи машыктыруучу) жана врачтар үчүн бөлүштүрүлүүчү сый акылардын суммалары жана аларды бөлүштүрүү пайыздары буга чейин төлөнүп берилген бир жолку акчалай сый акылардын суммасынан кем эмес белгиленет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн ченемдик укуктук актылары аркылуу башка орундар үчүн бир жолку акчалай сый акылардын мамлекеттик төлөмдөрүн белгилөөгө укуктуу.
(КР 2016-жылдын 23-апрелиндеги № 50, 2018-жылдын 16-февралындагы № 23, 2020-жылдын 18-июлундагы № 82, 2021-жылдын 16-апрелиндеги № 55, 2023-жылдын 14-апрелиндеги № 90 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Караңыз:
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы N 554 "Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортчуларына берилүүчү стипендиялар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
7-статья. Кыргыз Республикасынын аймагында дене тарбия жана спортту өнүктүрүү
Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдиктеринде дене тарбия жана спортту өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлөт жана чаралар көрүлөт.
Дене тарбия жана спортту өнүктүрүү республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
Административдик-аймактык бирдиктердин жаратылыштык-климаттык шарттарын, калкынын санын, инфратүзүмүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан дене тарбия жана спортту өнүктүрүү программалары иштелип чыгат.
(КР 2016-жылдын 23-апрелиндеги № 50, 2023-жылдын 14-апрелиндеги № 90 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
8-статья. Дене тарбия жана спортту башкаруучу коомдук органдар
Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спорт жагынан мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү максатында ушул Мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда, ошондой эле уставдарда, хартияларда жана башка документтерде аныкталган тартипти жана шартта иштеген, республиканын дене тарбия - спорттук уюмдары мүчөлөрү болуп саналган тийиштүү эл аралык спорттук бирикмелердин ишин жөнгө салган, дене тарбия - ден соолукту чыңдоо жана спорттук багытта иштеген коомдук бирикмелердин тармагы түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитети, Кыргыз Республикасынын Улуттук паралимпиадалык комитети жана спорттун түрлөрү боюнча республикалык федерациялар дене тарбия - ден соолукту чыңдоо жана спорттук багыттагы официалдуу коммдук бирикмелер болуп саналат. Дене тарбия - спорттук коомдор, кесиптик лигалар, клубдар комиссиялар жана дене тарбиясы менен спортту өнүктүрүүнү өз максаты кылган граждандардын башка бирикмелери дене тарбиясы жана спорт жагынан мамлекеттик саясаттын талаптарына карама-каршы келбеген чекте "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштейт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитети жана Кыргыз Республикасынын Улуттук паралимпиадалык комитети жогорку квалификациялуу спортсмендерди даярдоо жана уюштуруу маселелери боюнча дене тарбия - ден соолукту чыңдоо жана спорттук багыттагы официалдуу коомдук бирикмелердин ишин финансылаган, координациялаган жана эл аралык спорттук мелдештерде Кыргыз Республикасынын атынан чыккан орган болуп саналат.
Дене тарбия жана спорт жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен дене тарбия - ден соолукту чыңдоо жана спорттук багыттагы официалдуу коомдук бирикмелердин ортосундагы өз ара мамилелер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте түзүлөт.
(КР 2013-жылдын 1-июнундагы №87, 2016-жылдын 23-апрелиндеги № 50, 2018-жылдын 16-февралындагы № 23, 2021-жылдын 16-апрелиндеги № 55, 2023-жылдын 14-апрелиндеги № 90 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
9-статья. Кыргыз Республикасындагы олимпиадалык кыймыл
Кыргыз Республикасындагы олимпиадалык кыймыл эл аралык олимпиадалык кыймылдын ажыралгыс бөлүгү болуп саналат жана төмөндөгүлөрдү өзүнө максат кылат:
- олимпиадалык идеалдарды, гуманистик дөөлөттөрдү жана олимпизм принциптерин жайылтуу, жаш муундарды өз ара түшүнүшүү жана достук духунда тарбиялоо;
- эл аралык олимпиадалык кыймылдын программаларына жана иш - чараларына катышуу.
Өлкөдөгү олимпиадалык кыймыл Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитети - өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына Олимпиадалык хартияга, Эл аралык олимпиадалык комитетке жана өзүнүн уставына ылайык жүзөгө ашыруучу дене тарбия - спорттук коомдук бирикме тарабынан координацияланат жана багыт берилет.
Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитети Олимпиадалык оюндарды кошкондо Эл аралык олимпиадалык комитет жүргүзүүчү бардык иш -чараларда Кыргыз Республикасынын расмий өкүлү болуп саналат.
10-статья. Кыргыз Республикасынын курама командалары
Кыргыз Республикасынын курама командалары Олимпиадалык жана Паралимпиядалык оюндарга жана башка эл аралык спорттук мелдештерге даярдык көрүү жана катышуу максатында түзүлүүчү спортсмендерден, машыктыруучулардан, дене тарбия жана спорттук уюмдардын жана спорттук медицина уюмдарынын кызматкерлеринен, расмий коомдук бирикмелердин өкүлдөрүнөн туруучу коллективдерди билдирет.
Курама команданын курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте түзүлөт.
Олимпиадалык оюндарга жана башка эл аралык спорттук мелдештерге Кыргыз Республикасынын курама командаларынын катышуусу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желегинин астында ишке ашырылат.
Мамлекет Кыргыз Республикасынын курама командаларын даярдоону жана алардын республикалык жана эл аралык спорттук мелдештерге катышуусун камсыз кылат.
(КР 2016-жылдын 23-апрелиндеги № 50, 2023-жылдын 14-апрелиндеги № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-статья. Кыргыз Республикасындагы Паралимпиадалык кыймыл
(КР 2018-жылдын 16-февралындагы № 23 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
II Глава Калктын дене тарбиясын өркүндөтүү жана спортсмендерди даярдоо системасы
12-статья. Калктын дене тарбиясынын жана спортсмендерди даярдоонун мамлекеттик программалары
Калктын дене тарбиясынын жана спортсмендерди даярдоонун мамлекеттик программалары дене тарбиясынын ченемдик негиздеринин жана Бирдиктүү спорттук классификациянын негизинде иштелип чыгат.
Калктын дене тарбиясынын жана спортсмендерди даярдоонун мамлекеттик программалары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте иштелип чыгат жана бекитилет.
(КР 2016-жылдын 23-апрелиндеги № 50 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-статья. Мектепке чейинки мекемелердеги балдардын, жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларынын, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик окуу жайлардын окуучуларынын жана студенттеринин дене тарбиясы
Мектепке чейинки мекемелердеги балдардын, жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларынын, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик окуу жайлардын окуучуларынын жана студенттеринин саламаттыгын сактоо жана чыңдоо, алардын дене тарбиясы жагынан өркүндөөгө жана жакшы жашоо үлгүсүнө умтулуусун калыптандыруу бардык типтеги билим берүүчү жана мектепке чейинки мекемелердин негизги милдеттеринин бири болуп саналат, көрсөтүлгөн мекемелердин администрацияларынын жана ар бир педагогикалык кызматкердин милдетине жатат.
Билим берүүчү мекемелер өз алдынча жергиликтүү шарттарды жана билим алып жаткандардын кызыкчылыктарын эске алуу менен дене тарбиясы менен машыгуунун формаларын жана дене тарбиясын берүү каражаттарын, спорттун түрлөрүн жана кыймылдоо активдүүлүгүн, мамлекеттик билим берүү стандарттарынын жана Дене тарбия - спорт комплексинин нормативдеринин негизинде методдорун жана сабактардын узактыгын аныктайт, ошондой эле балдарга кошумча билим берүүчү мекемелерди жана дене тарбия - спорттук коомдук бирикмелерди, анын ичинде спорттун ар кандай түрлөрү боюнча федерацияларды тартуу менен илимий жактан негизделген оптималдуу кыймылдоо режиминин көлөмүндө окуудан тышкаркы дене тарбия - ден соолукту чыңдоо спорттук, жана аскердик - спорттук иштерди жүргүзөт.
Мектепке чейинки мекемелер жана билим берүүчү мекемелер жыл сайын мамлекеттик такталган нормативдерге ылайык окуп жаткандардын жана мектепке чейинки курактагы балдардын дене тарбиясы жагынан даярдыгын жыл сайын тесттен өткөрүп турат.
Кесиптик жогорку окуу жайлардын студенттерин дене тарбиясына жана спортко кесиптик - прикладдык даярдоо мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык ишке ашырылат.
(КР 2016-жылдын 23-апрелиндеги № 50 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
14-статья. Мектептен тышкаркы жана окуудан тышкаркы дене тарбия-спорттук уюмдар, дене тарбия жана спорт мекемелери
Балдарды жана жаштарды дене тарбия жана спорт менен машыгууга үзгүлтүксүз тартуу алардын спорттук жактан өркүндөөсү үчүн шарт түзүп берүү дене тарбия - ден соолукту чындоо, спорттук багыттагы мамлекеттик жана жеке менчик уюмдардын системасында иштеген спорттук клубдарда, мектептен тышкаркы дене тарбия - ден соолукту чыңдоочу жана спортгук мекмелерде, дене тарбия жана спорт мекемелеринде жүзөгө ашырылат.
Мектептен тышкаркы жана окуудан тышкаркы дене тарбия - спорттук уюмдардын, дене тарбия жана спорт мекемелеринин ишин координациялоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
(КР 2016-жылдын 23-апрелиндеги № 50, 2018-жылдын 16-февралындагы № 23, 2023-жылдын 14-апрелиндеги № 90 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
15-статья. Ишканалардагы мекемелердеги жана уюмдардагы дене тарбиясы жана спорт
Ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын администрациясы менчигинин формасына карабастан кесиптик союздар менен биргелешип кызматкерлерге жумуш күнүнүн режиминде реабилитациялык жана кесиптик - прикладдык машыгууларды, иштен кийинки калыбына келтирүүнү, профилактикалык машыгууларды, спорттук - массалык иштерди, спорттук - саламаттыкты чыңдоочу туризмди кошкондо, дене тарбиясы жана спорт менен машыгууга өздөрүнүн укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн кызматкерлерге шарт түзүп берүүгө милдеттүү.
Дене тарбия жана спорт менен машыгуучу материалдык база түзүү жана пайдалануу, кызматкерлерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн жекече жана коллективдүү машыктырууну каржылоо жана адистер менен камсыз кылуу тартиби коллективдик жана эмгек келишимдери (контракттары) менен аныкталат.
16-статья. Жашаган жери жана массалык эс алган жерлер боюнча дене тарбиясы жана спорт
Жашаган жери жана массалык эс алган жерлер боюнча калктын дене тарбия жана спорт менен машыгуусу үчүн шарттарды түзүү республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
(КР 2016-жылдын 23-апрелиндеги № 50 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
17-статья. Санаториялык-курорттук мекемелердеги, эс алуу үйлөрүндөгү, туристтик базалардагы дене-тарбия ден соолукту чыңдоо иштери
Санаториялык - курорттук мекемелердин, эс алуу үйлөрүнүн жана туристтик базалардын администрациясы жарандардын саламаттыгын чыңдоо, оорунун алдын алуу жана дарылоо максатында дене тарбиясынын ар түрдүү компоненттерин, анын ичинде дарылоо компоненттерин алардын дарылануу жана эс алуу процессинде пайдалануу үчүн шарт түзүп берүүгө милдеттүү.
18-статья. Аскер кызматчыларын жана укук коргоо органдарынын өздүк курамын дене тарбия жагынан даярдоо
Аскер кызматчыларын жана укук коргоо органдарынын өздүк курамын дене тарбия жагынан даярдоо алар тарабынан аскердик милдетин жана негизги кызматтык милдеттерин аткаруусун камсыз кылууга тийиш.
Аскер кызматчылары жана укук коргоо органдарынын өздүк курамы спорттун аскердик - прикладдык түрлөрү менен машыгууларды өткөрүүсү үчүн командирлер жана тийиштүү органдардын жетекчилиги зарыл шарттарды түзүп берүүгө милдеттүү.
181-статья. Өрттөн куткаруу бөлүмдөрүнүн өздүк курамын аскердик-прикладдык дене тарбия жагынан даярдоо
Өрттөн куткаруу бөлүмдөрүнүн өздүк курамын аскердик-прикладдык дене тарбия жагынан даярдоо алар тарабынан өрттөн куткаруу иш-чараларынын аткарылышын камсыз кылууга жана өрттөн куткаруу ишине даярдык деңгээлин жогорулатууга багытталууга тийиш.
(КР 2025-жылдын 21-январындагы № 21 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2000-жылдын 21-январы № 36
Дене тарбия жана спорт жөнүндө
(КР 2011-жылдын 18-ноябрындагы № 219, 2012-жылдын 25-июлундагы № 133, 2012-жылдын 25-июлундагы № 134, 2013-жылдын 15-январындагы № 4, 2013-жылдын 1-июнундагы № 87, 2016-жылдын 23-апрелиндеги № 50, 2018-жылдын 16-февралындагы № 23, 2020-жылдын 18-июлундагы № 82, 2021-жылдын 16-апрелиндеги № 55, 2023-жылдын 14-апрелиндеги № 90 , 2024-жылдын 22-июлундагы № 135 , 2025-жылдын 21-январындагы № 21 , 2026-жылдын 28-июлундагы № 128 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спорт адамдарды дене тарбиясы жактан талаптагыдай өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруунун, ар бир адамга таандык болгон тубаса сапаттарды жана аны менен байланышкан мүмкүнчүлүктөрдү ар тараптан өркүндөтүүнүн негизинде Кыргызстандын элинин саламаттыгын сактоого багытталган. Дене тарбия жана спорт инсандын коомдук жактан активдүүлүгү менен мүнөздөлгөн руханий жана адептик сапаттарын тарбиялоо, ар бир адамды эмгектенүүгө, коргоого жана коомдук иштердин башка түрлөрүнө тийиштүү даражада даярдоону камсыз кылуу менен ажыралгыс тыгыз биримдикте болот.
Ушул Мыйзам спортсмендерди дене тарбия жагынан даярдоо системасын уюштуруунун, иштетүүнүн жана башкаруунун негизги принциптерин белгилейт жана аларды жүзөгө ашыруунун укуктук базасы катары кызмат кылат.
I Глава Жалпы жоболор
1-статья. Дене тарбия жана спорт жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын максаттары
Дене тарбия жана спорт жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары адамды ар тараптан өнүктүрүүгө, жашоонун жакшы үлгүлөрүн өздөштүрүүгө, дене тарбиясы жана адептүүлүк жагынан өсүп - өркүндөө зарылчылыгын калыптандырууга, дене тарбия менен спорттун ар кандай түрлөрү менен машыгуу үчүн шарт түзүүгө, кесиптик - прикладдык даярдоону уюштурууга жана ар кандай оорулардын, зыяндуу адаттардын жана укук бузуулардын алдын алууну тийиштүү деңгээлде камсыз кылууга, тыюу салынган субстанцияларды жана ыкмаларды колдонууну болтурбоого, патриотизмге тарбиялоого, элдердин ортосундагы достукту өнүктүрүүгө жана чыңдоого багытталган.
(КР 2020-жылдын 18-июлундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-статья. Дене тарбиясын жана спортту уюштуруунун жана башкаруунун негизги принциптери
Дене тарбиясын жана спортту уюштуруунун жана башкаруунун негизги принциптерине төмөндөгүлөр кирет:
инсанды ар тараптан шайкеш өнүктүрүү;
дене тарбиясынын эмгек жана коргоо практикасы менен байланышы;
дене тарбия жана спорт менен машыгуунун ден соолукту чыңдоого багытталышы;
дене тарбия жана спорт менен машыгууга жарандардын тең укугу;
мамлекеттик дене тарбия жана спорт окуу жайларында мамлекеттик билим берүү программаларында белгиленген чектерде акысыз дене тарбиясына, кесиптик - прикладдык даярдыктан өтүүгө жарандардын укуктарын кепилдикке алуу;
дене тарбия жана спорт менен машыгууга кеңири мүмкүнчүлүк;
дене тарбия жана спорт менен машыгуу системасындагы демократизм;
дене тарбия жана спорттун коомдогу саясий жана идеологиялык институттарга көз карандысыздыгы;
ушул Мыйзамдын талаптарына жооп берген бардык дене тарбия жана спорт уюмдарынын өз алдынчалуулугун жана көп түрдүүлүгүн таануу.
3-статья. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) Азия оюндары, Азиянын Паралимпиадалык оюндары жана Азиянын Сурдлимпиадалык оюндары - Азиянын Олимпиадалык кеңешинин калкасы астында Азиянын бардык өлкөлөрүнүн атлеттеринин арасында, ошондой эле таяныч-кыймылдоо аппараты жана көрүү органдары жабыркаган майыптыгы бар спортчулардын арасында ар бир төрт жыл сайын өткөрүлүүчү спорттук мелдештер;
2) спортто тыюу салынган субстанциялар жана (же) ыкмалар (мындан ары - допинг) - Допингге каршы дүйнөлүк агенттиктин эл аралык стандартынын тыюу салынган тизмесине киргизилген химиялык кошулмалар (заттар, дарылар) жана ыкмалар, анын ичинде спортто пайдалануу үчүн тыюу салынган субстанциялардын жана (же) методдордун тизмегине киргизилген субстанцияларды жана (же) ыкмаларды пайдалануу же пайдаланууга аракет жасоо;
3) дене тарбиясынын ченемдик негиздери - Кыргыз Республикасынын калкын жаш курагына жараша ырааттуу түрдө камтуучу, дене тарбиялык даярдыгын баалоонун критерийлеринин (ченемдеринин) топтому;
4) олимпиадалык кыймыл - адамдын дене бойлук жана руханий жактан өркүндөшүнө жетүү каражаттарынын бири катары спортту өнүктүрүүгө, эл аралык спорттук кызматташтыкты чыңдоого багытталган эл аралык коомдук кыймыл;
5) паралимпиадалык кыймыл - эл аралык олимпиадалык кыймылдын уюмдарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды өз катарында бириктирген бөлүгү, анын максаты адамдын дене бойлук жана руханий жактан өркүндөшүнө жетүү каражаттарынын бири катары спортту өнүктүрүү, эл аралык кызматташтыкты чыңдоо жана майыптыгы бар адамдарды спорт менен машыгууга, сергек жашоо мүнөзүнө тартуу болуп саналат;
6) сурдлимпиадалык кыймыл - эл аралык сурдлимпиадалык кыймылдын курамдык бөлүгү, сурдлимпиадалык кыймылдын принциптерин пропагандалоо жана киргизүү, угуусу бузулган спортчулардын арасында дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүгө көмөктөшүү, эл аралык спорттук кызматташтыкты чыңдоо, Сурдлимпиада оюндарына жана Эл аралык дүлөйлөр спорт комитетинин калкасы астында өткөрүлүүчү башка эл аралык спорттук иш-чараларга катышуу анын максаттары болуп саналат;
7) Олимпиадалык оюндар, Паралимпиадалык оюндар жана Сурдлимпиадалык оюндар - эл аралык олимпиадалык, паралимпиадалык жана сурдлимпиадалык комитеттердин калкасы астында төрт жылда бир жолу өткөрүлүүчү эл аралык комплекстүү спорттук мелдештер;
8) спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаттары - атлеттер арасында төрт жылда бир жолу же жылына бирден көп эмес жолу өткөрүлүүчү эл аралык ири мелдештер;
9) калкты дене тарбия жагынан өркүндөтүү жана спортчуларды даярдоо системасы - максаты калкты дене тарбия жагынан өркүндөтүү жана өлкөдө спортту өнүктүрүү болуп саналган иштин мамлекеттик жана коомдук формаларынын жыйындысы;
10) спорт - коомдун мелдешүү иш-аракеттери жана адамды мелдештерге даярдоонун атайын практикасы формасында тарыхый жактан калыптанган дене тарбиянын компоненттеринин биринин жалпыланган түшүнүгү, ошондой эле ушул иш-аракеттердин процессинде келип чыгуучу өзгөчө мамилелер, ченемдер жана жетишкендиктер;
11) жогорку жетишкендиктердин спорту - адамдын потенциалдык мүмкүнчүлүктөрүн ачып берүүнү, спорттук жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүнү, рекорддорду коюуну камсыз кылуучу чөйрө;
12) спорттук мелдеш - спорттук жетишкендиктерди көрсөтүү, салыштыруу жана баалоо ыкмасы;
13) спортчу - Бирдиктүү спорттук классификацияга ылайык спорттук разряды же спорттук наамы бар, спорттун тандалган түрү менен үзгүлтүксүз машыккан жана спорттук мелдештерге белгиленген эрежелер боюнча катышкан адам;
14) дене тарбия - адамды дене бою жагынан өнүктүрүү жана ден соолугун чыңдоо максатында коом тарабынан түзүлүүчү, өнүктүрүлүүчү жана пайдаланылуучу руханий жана материалдык баалуулуктардын жыйындысы болуп саналган маданияттын курамдык бөлүгү, социалдык иштин тармагы;
15) дене тарбия жагынан өркүндөө - дени сак, дене бою жана руханий жактан өркүндөгөн, моралдык жактан туруктуу өсүп келе жаткан муунду калыптандырууга, ден соолукту чыңдоого, эмгекке жөндөмдүүлүктү жогорулатууга, чыгармачыл узак жашоого жана адамдын өмүрүн узартууга багытталган уюштурулган педагогикалык процесс;
16) дене тарбия-спорт уюмдары - уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин формаларына карабастан ишинин негизги түрү дене тарбия жана спорт жаатында кызмат көрсөтүү болуп саналган коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар;
17) курама команданын башкы машыктыруучусу - жогорку профилдик билими бар жана Олимпиадалык оюндарда, Паралимпиадалык оюндарда жана Сурдлимпиадалык оюндарда, ошондой эле Азия оюндарында, Азиянын Паралимпиадалык оюндарында жана Азиянын Сурдлимпиадалык оюндарында, спорттун түрлөрү боюнча дүйнөлүк чемпионаттарда жана башка эл аралык мелдештерде спорттун түрү боюнча курама команданы жетектөөгө, түзүүгө, даярдоого жана чыгарууга жооптуу, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу тартипте дайындалуучу адам;
18) курама команданын улук машыктыруучусу - жогорку профилдик билими бар жана спортчуларды Олимпиадалык оюндарга, Паралимпиадалык оюндарга жана Сурдлимпиадалык оюндарга, ошондой эле Азия оюндарына, Азиянын Паралимпиадалык оюндарына жана Азиянын Сурдлимпиадалык оюндарына, спорттун түрлөрү боюнча дүйнөлүк чемпионаттарга жана башка эл аралык мелдештерге чыгуу үчүн спорттун белгилүү бир түрү боюнча кесиптик даярдоону, окутууну, спорттук-машыктыруу процессинин дене тарбиялык, теориялык, моралдык-эрктик, техникалык жактан өркүндөтүүнү камсыз кылуу үчүн жооптуу, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте дайындалуучу адам;
19) жеке машыктыруучу - спорттук кесиптик билими бар, чемпионду же байге ээсин даярдоонун окуу-машыктыруу процессин жүргүзүүчү жана спорттук натыйжаларга жетишүүсү үчүн анын мелдештик иш-аракеттерине жетекчилик жүргүзүүчү адам;
20) биринчи машыктыруучу - спорттун белгилүү бир түрүндө адистешкен, кийин чемпион наамын жеңип алган же байге ээси болгон спортчунун жаш кезинде функциялык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү жолу менен баштапкы окутууга жана чеберчилигин өркүндөтүүгө катышуучу адам;
21) киберспорт (электрондук спорт) - компьютердик оюндарды жана видео оюндарын пайдаланууга негизделген мелдешүү ишинин түрү, анда катышуучулар (спортчулар) маалымат технологияларын пайдалануу менен белгиленген эрежелер боюнча жекече же команданын курамында мелдешишет.