Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-ноябры № 27-17/2
Каракол шаарынын прокуратырасынын, 2017-жылдын 21-апрелиндеги "Каракол шаарынын мэринин резервдик фондусу жөнүндөгү" протестин карап жана талкуулап, мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XVII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин, 2016-жылдын 11-мартындагы, "Каракол шаарынын 2016-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү, 2017-2018-жылдарга болжол жөнүндөгү" №26-38/1 токтомунун, 12-пунктунун, №5 тиркемеси жана 2014-жылдын 12-декабрындагы, "Каракол шаарынын мэринин резервдик фондунун Жобосун бекитүү жөнүндөгү" №26-28/6 токтому жокко чыгарылсын.
Каракол шаарынын мэринин резервдик фонду жөнүндөгү Жобосу, Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин ылайык, толуктоолор жана өзгөртүүлөр менен бекитилсин (№1 тиркеме).
Каракол шаарынын мэри, резервдик фондунун акча каражаттарын, Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексине ылайык бөлсүн.
Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Токтом ММКларда жарыялансын.
Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |
№1 тиркеме
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин
2017-жылдын 9-ноябрындагы №27-17/2
токтому менен бекитилди.
"Каракол шаарынын мэриясынын резервдик фонду жөнүндө"
I бөлүм. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Каракол шаарынын мэриясынын резервдик фондусунун (мындан ары - резервдик фонд) каражаттарын түзүү жана сарптоо тартибин аныктайт.
2. Резервдик фонд күтүлбөгөн чыгымдарды каржылоо үчүн каралган жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 24-беренесине ылайык түзүлөт.
3. Резервдик фонддун каражаттары тийиштүү финансылык жылга карата Каракол шаарынын бюджетинин чыгаша бөлүгүндө каралбаган, күтүлбөгөн чыгымдарды каржылоо үчүн белгиленет.
II бөлүм. Резервдик фонду түзүү жөнүндө
4. Резервдик фонд шаардык бюджеттин чыгымдарынын курамында түзүлөт.
5.Резервдик фонддун көлөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугуна ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңеши тарабынан, кезектеги финансылык жылга Каракол шаарынын бюджетин бекитүүдө белгиленет.
III бөлүм. Резервдик фонддун каражаттарын чыгымдоонун багыттары
6. Резервдик фонддон каражаттар бул Жободо каралган максаттуу багытка ылайык сарпталат.
7. Резервдик фонддон каражаттар жергиликтүү бюджетти түзүүдө жана бекитүүдө эске алынбаган, шаарда өткөрүлүүчү экономикалык, социалдык-маданий жана башка иш-чараларга, күтүлбөгөн чыгымдарды жабуу үчүн түзүлөт, анын ичинде: