Сравнение редакций…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасындагы Улуттук аккредитация системасы жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 182 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасындагы Улуттук аккредитация системасы жөнүндө бул Жобо (мындан ары - Жобо) төмөнкүлөрдү белгилейт:
- шайкештикти баалоо боюнча улуттук аккредитациялоо системасын түзүүнүн, иштетүүнүн, таралуу чөйрөсүнүн жана структурасынын принциптерин;
- аккредитациялоонун негизги катышуучуларынын функцияларын;
- аккредитациялоо боюнча иштерди жүргүзүүнүн жалпы тартибин белгилейт.
Жобо шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо тармагындагы (ИСО/МЭК 17011) эл аралык жана башка стандарттарга ылайык иштелип чыкты.
2. Негизги терминдер жана аныктамалар
Бул Жободо төмөнкү аныктамалар колдонулат:
Аккредиттөө - аккредиттөө боюнча органдын юридикалык жактын шайкештикти баалоо боюнча айкын иштерди аткарууда компетенттүүлүгүн расмий таанышынын жол-жобосу;
Апелляция - аккредитациялоо боюнча орган аккредитациялоонун статусуна карата кабыл алган тескери чечимди кайра кароо тууралуу шайкештикти баалоо боюнча органдын кайрылуусу.
Аккредитация аттестаты - белгилүү тармак үчүн аккредитация берилгендикти аныктай турган расмий документ.
Инспекциялык контроль - кайтадан баа берүүнү кошпогон аккредитациялоого карата талаптарды шайкештикти баалоо боюнча аккредитациялоо органдарынын үзгүлтүксүз аткаруусуна мониторинг жүргүзүү боюнча ишмердиктин түрлөрүнүн топтому.
Инспекциялоочу орган - тиешелүү сыноолор жана өлчөөлөр менен коштолгон байкоолордун жана тыянак чыгаруулардын жолу аркылуу шайкештикти баалоону жүргүзө турган орган.
Инспекциялоочу органдар ИСО/МЭК 17020 стандартында каралган түрлөргө ылайык түзүлүшү мүмкүн жана ыктыярдуу негизде аккредитацияланышат.
Кеңеш берүү - аккредитациялоого жата турган шайкештикти баалоо боюнча органдын кандайдыр-бир ишмердигине катышуу.
Аккредитациялоо боюнча улуттук орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аккредитациялоо боюнча иштерди жүргүзүүгө жана Кыргыз Республикасын аккредитациялоо боюнча эл аралык жана чөлкөмдүк уюмдарда көрсөтүүгө ыйгарым укук берген орган.
Аккредитациялоо тармагы - аккредитациялана турган же мурун берилген шайкештикти баалоо боюнча конкреттүү кызмат көрсөтүүлөр.
Шайкештикти баалоо боюнча орган - шайкештикти баалоо боюнча иштерди жүргүзө турган юридикалык тарап.
Шайкештикти баалоо - тиешелүү талаптар аткарылганын түз же кыйыр аныктоо менен байланышкан ишмердик.
Эскертүү: ушул токтомдун жана ИСО/МЭК 17011 стандартынын чектеринде шайкештикти баалоо делинип шайкештикке туура келтирүү, көзөмөл, сыноо, өлчөө түшүнүлөт.
Баалоо - нагыз стандарттын (стандарттардын) жана же башка ченемдик иш кагаздарынын негизинде жана аккредитациялоонун тиешелүү тармагы үчүн шайкештикти баалоо боюнча органдын иш биле тургандыгын баалоо үчүн аккредитациялоо боюнча орган аткара турган процесс.
Арыздануу - апелляциядан айырмаланып, тарап же уюм жооп алууну күтүп жаткан учурда алар тарабынан аккредитациялоо боюнча органдын дарегине ушул органдын же шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдын ишмердигине байланышкан сыпатталган канааттанбагандык;
Эксперт - баалоого жата турган аккредитациялоо тармагында атайын билим берүү же экспертиза жүргүзүү үчүн аккредитациялоо боюнча орган дайындаган адам.
Баалоочу (баалоо боюнча эксперт) - шайкештикти баалоо боюнча органды жеке өзү же баалоо тобунун тутумунда баалоо үчүн аккредитациялоо боюнча орган дайындаган адам.
Аккредитациялоо символу (белгиси) - аккредитациялоо боюнча органдын шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарга өзүнүн аккредиттелген статусун көрсөтүү үчүн ыйгара турган символу (белгиси).
Аккредитациялоо боюнча органдын төш белгиси - аккредитациялоо боюнча органдын өзүн таанытуу үчүн колдоно турган эмблемасы.
3. Аккредитациялоо боюнча ишмердиктин негизги максаттары жана принциптери
3.1. Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо төмөнкү максаттарда жүзөгө ашырылат:
- алардын компетенттүүлүгүн ырастоо;
- аларга ишенимди жогорулатуу үчүн;
- шайкештикти баалоо натыйжаларын өз ара таанууга шарттарды түзүү үчүн.
3.2. Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо төмөнкү принциптер менен жүзөгө ашырылат:
- ыктыярдуулук;
- аккредитациялоо эрежелеринин ачыктыгы жана баарыга жеткилик-түүлүгү;
- аккредитациялоону жүзөгө ашырган органдын иш билгилиги жана калыстыгы;
- аккредитациялоонун бирдиктүү системасы жана эрежелеринин биримдиги;
- аккредитациялоо жаатынан тышкары, шайкештикти баалоо жаатында атаандаштыкты чектөөгө жол берилбестик;
- шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдардын кызмат көрсөтүүлөрүнө атаандаштыкты чектөөгө жана тоскоолдуктарды түзүүгө жол берилбестик;
- аккредитация алууга талапкер жактарга бирдей шарттарды камсыз кылуу;
- аккредиттөө жана сертификаттоо боюнча иш-милдеттерди бир уюмда айкалыштырууга жол берилбестик;
- аккредитациялоо учурунда алынган жашыруун маалыматтарды жарыя кылбоо;
- аккредитациялоонун эл аралык же эл аралык стандарттар менен айкалышкан талаптарын колдонуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 182 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Аккредитациялоонун улуттук системасы жана анын катышуучулары
4.1. Ушул Жобо менен бекитиле турган Аккредитациялоонун улуттук системасы, аккредитациялоо боюнча иштерди аткаруу эрежелеринин, алардын катышуучуларынын жана жалпысынан аккредитациялоо системасынын аракеттенүү эрежелеринин жыйындысы болуп саналат.
4.2. Аккредитациялоонун улуттук системасында сертификациялоо боюнча органдар, шайкештикти милдеттүү баалоо чөйрөсүндөгү сыноо лабораториялары жана инспекциялоочу органдар милдеттүү түрдө аккредитацияланууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 182 токтомунун редакциясына ылайык)
4.3. Аккредитациялоонун улуттук системасынын катышуучулары болуп төмөнкүлөр саналышат:
- Шайкештикти баалоо боюнча органдар (мындан ары ШБО) жана аккредитацияланууга талапкерлер;
- Кыргыз Республикасынын шайкештикти баалоо боюнча органдарын аккредитациялоо боюнча улуттук орган;
- Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча кеңеш;
- баалоочулар;
- эксперттер;
- аккредитациялоо боюнча техникалык комитеттер.
4.4. Төмөнкү ШБОлор аккредитациялоо объекттери болушу мүмкүн:
- продукцияны (кызмат көрсөтүүлөрдү) сертификациялоо боюнча органдар;
- сапат менеджментинин системаларын, курчап турган чөйрөнүн менеджментинин системаларын жана башка системаларды сертификациялоо боюнча органдар;
- иш кызматкерлерин сертификациялоо боюнча органдар;
- сыноо жана текшерүү (калибрлөөчү) лабораториялар;
- инспекциялоочу органдар.
4.5. Шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдар жана аккредитацияланууга талапкерлер төмөнкүлөргө милдеттүү:
- аккредитациялоо көрсөтүлгөн же билдирилген шайкештикке карата талаптарды аткарууга;
- аккредитациялоо тартибин башкаруу жана баалоо үчүн зарыл болгон маалыматтар, документтер жана жазылмалар менен таанышууга суроо-талаптар боюнча уруксат берүүгө;
- аккредитациялоо боюнча органды алардын аккредитацияланышына байланышы бар өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматтап турууга;
- аккредитациялоо жана инспекциялык контроль жүргүзүү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө;
- аларды аккредитациялоо менен байланышкан иштерге төлөөгө;
- инспекциялык контроль жүргүзүү (аккредитацияны алгандан кийин) менен байланышкан иштерге төлөөгө.
Шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдар, аларга аккредитациялоо берилген тармактарга тиешелүү гана аккредитацияларга таяна алышат.
4.6. Кыргыз Республикасынын шайкештикти баалоо боюнча органдарын аккредитациялоо боюнча улуттук орган (мындан ары - АУО) ИСО/МЭК 17011 талаптарына, ошондой эле төмөнкүлөргө туура келүүсү тийиш:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте катталган юридикалык тарап болуусу, аккредитациялоо тармагы боюнча анын ишмердигин камсыз кыла турган юридикалык укуктарга жана милдеттерге ээ болуусу;
- аккредитациялоо боюнча органдын иштеши үчүн зарыл каржылоо ресурстарына ээ болуусу;
- аккредитация ыйгарууну, аккредитация тармагын кеңейтүүнү, аны кыскартууну, токтотууну жана аккредитацияны жокко чыгарууну кошуп алганда аккредитациялоо боюнча өзүнүн чечимдеринин кабыл алынышы үчүн жоопкерчиликти алуусу;
- өз ишмердигинин тууралыгын жана калыстыгын кепилдөөсү;
- зарыл каражаттарга жана документтештирилген жол-жоболорго ээ болуусу;
- өзүнүн логотибине ээ болуусу.
4.7. АУОдо жетекчи башкарган иш билги кызматкерлер болушу керек. Мында жүргүзүлө турган аккредитациянын жыйынтыгына түздөн-түз кызыкчылыгы бар адамдар же уюмдар тарабынан персоналга таасир этүү таптакыр болбоого тийиш.
4.8. АУО аккредитациялоо боюнча орган, аккредитациялоо процесси, шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдар, аккредитациялоонун эрежелери жана жол-жоболору, аккредитациялоонун жыйынтыктарын таануу жана анын ишинин ар жылдык отчету жөнүндө маалыматтарды Борбордун расмий сайтында же жалпыга маалымдоо каражаттарында жана/же башка мамлекеттик маалыматтык ресурстарда жарыялоого жана зарыл болгон учурларда жаңыртып турууга милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 182 токтомунун редакциясына ылайык)
4.9. АУО негизги функциялары төмөнкүлөр болуп саналат:
- шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдардын ишмердигин аккредитациялоонун, инспекциялык контролдун, аккредитациялоо аттестатын берүү, узартуу, токтотуу жана жарактуулугун жокко чыгаруу, шайкештикти баалоо боюнча органдардын (ШБО) аккредитациялоо боюнча эл аралык стандарттардын негизинде аккредитациялоо чөйрөсүн, баалоо боюнча эксперттерге карата талаптарды кеңейтүү же кыскартуу; аккредитациялоо жана инспекциялык контроль боюнча иштерге төлөө, арыздарды жана апелляцияларды берүү, кароо эрежелерин жана тартиптерин иштеп чыгуу;
- берилген суранычтардын негизинде ШБОго аккредитациялоону уюштуруу жана жүргүзүү;
- аккредиттелген ШБОнун ишмердигине инспекциялык контроль уюштуруу жана жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасында лабораториялар аралык салыштырма сыноолорду жана өлчөөлөрдү өткөрүү боюнча ишмердикти уюштуруу жана координациялоо;
- аккредиттелген ШБОну, АУО уюштурган квалификацияны текшерүү программаларын жана башка салыштырууларды каттоону жүргүзүү;
- бекитилген түрдөгү аккредитациялоо аттестаттарын берүү;
- кызматташтык жана аккредиттелген ШБОлорду өз ара таануу жөнүндө эл аралык келишимдерди белгиленген тартипте түзүү;
- аккредитациялоо тармагындагы ченемдик укуктук актыларды жана ченемдик документтерди эл аралык ченемдерге жана эрежелерге шайкеш келтирүү боюнча иштерге катышуу;
- аккредитациялоо боюнча техникалык комитеттердин ишмердигин координациялоо;
- аккредитациялоо эрежелеринин жана тартиптеринин жеткиликтүүлүгүн жана ачыктыгын камсыз кылуу;
- баалоочуларды жана эксперттерди тандоо, окутуу жана расмий дайындоонун тартиптерин орнотуу;
- баалоочулардын жана эксперттердин тизмесин жүргүзүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 182 токтомунун редакциясына ылайык)
4.10. АУО калысттыкка таасир тийгизе турган (ШБО аткарган ошол эле шайкештикти баалоо боюнча тартиптер же кеңеш берүү) кызматтарды көрсөтпөшү керек.
4.11. АУО аккредитациялоо боюнча чөлкөмдүк жана эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын көрсөтөт.
4.12. Аккредитациялоо боюнча кеңеш (мындан ары - кеңеш) Кыргыз Республикасындагы улуттук аккредитациялоо системасынын объективдүүлүгүн жана калыстыгын камсыз кылуу, анын саясатын жана принциптерин иштеп чыгуу жана колдоо үчүн түзүлгөн.
4.13. Кеңеш коллегиялуу орган болуп саналат жана өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, аккредитация маселелери боюнча Кыргыз Республикасы кошулган эл аралык макулдашууларды жана келишимдерди, жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4.14. Баалоочулар жана эксперттер төмөнкүлөргө катышышат:
- аккредитацияланууга талапкерлердин документтерин экспертизалоого жана тиешелүү аныктамаларды даярдоого;
- жер-жерлердеги аккредитацияланууга талапкерлердин ишмердигин баалоого;
- аккредиттелген ШБОнун ишмердигине инспекциялык контроль жүргүзүүгө.
4.15. Баалоочулар жана эксперттер төмөнкүлөргө милдеттүү:
- аккредитациялоонун белгиленген тармагындагы иштерди жүргүзүү үчүн зарыл билимге, техникалык адистикке, тажрыйбага жана такшалууга ээ болушу;
- баалоонун тиешелүү ыкмаларына ар тараптан ээ болушу;
- алардын тууралыгына жана калыстыгына таасир эте турган кандайдыр бир кызыкчылыктарга көз каранды болбоого.
4.17. Баалоочулар аккредитациялоо тармагындагы талаптарды, документтерди жана тартиптерди окуп үйрөнүү менен атайын даярдыктан өтүүгө тийиш.
4.18. Аккредитациялоо боюнча техникалык комитеттер аккредитациялоо боюнча орган тарабынан ишмердиктин конкреттүү багыттары боюнча адистерден түзүлөт.
Аккредитациялоо боюнча техникалык комитеттердин негизги функциялары төмөнкүдөй:
- ишмердиктин атайын тармактарында аккредитациялануучу объекттерге карата талаптарды коюучу аккредитациялоо боюнча эл аралык документтерди колдонуу боюнча сунуштамаларды даярдоо;
- ишмердиктин тиешелүү тармактарында адистерди тандоо боюнча талаптарды белгилөө жана ишмердиктин тиешелүү тармактарында аккредитациялоо өткөрүү үчүн техникалык адистерди тандоо боюнча сунуштарды киргизүү.
Аккредитациялоо боюнча техникалык комитеттердин адистери, шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдардын ишмердигин аккредитациялоо, инспекциялык контроль жүргүзүү жана аккредитациялоо боюнча чечимдерди кабыл алуу боюнча иштерге АУО тарабынан тартылышы мүмкүн.
Техникалык комитеттер жөнүндө жобону АУО бекитет.
5. Аккредитациялоону өткөрүүнүн негизги этаптары
5.1. ШБОну аккредитациялоо эл аралык стандарттардын, ушул Жобонун негизги талаптарына, белгиленген тартипте бекитилген аккредитациялоонун эрежелерине жана тартиптерине ылайык жүзөгө ашырылат.
5.2. Аккредитациялоону, аккредитацияланууга талапкерлер берген арыздардын негизинде өткөрсө болот.
5.3. Аккредитациялоону өткөрүү тартиби төмөнкү негизги этаптарды камтыйт:
- талапкерлер аккредитациялоонун көрсөтүлгөн тармактарында аккредитацияланууга, аккредитациялоонун тармактарын кеңейтүүгө арыздарды берүүсү;
- аккредитацияланууга талапкерлер тарабынан аккредитациялануу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди берүүсү, баалоо боюнча комиссияны түзүү;
- аккредитациялоо боюнча документтерди экспертизадан өткөрүү;
- экспертизанын оң натыйжалары болгон шартта аккредитацияланууга талапкерлерди жеринде баалоо;
- чогултулган материалдарды талдоо;
- аккредитациялоо жөнүндө чечим кабыл алуу;
- аккредиттелген ШБО ишмердигине инспекциялык контроль жүргүзүү.
Аккредитациялоого арыздар АУО бекиткен тартипте берилет.
Экспертизанын натыйжалары боюнча берилген материалдардын ШБОнун ишмердиги боюнча эл аралык стандарттардын жана колдонмолордун талаптарына шайкештигине берилген баа камтылган эксперттик корутунду түзүлүп, ал аккредитацияга талапкерге билдирилет. Экспертизанын оң натыйжалары болгон шартта АУО ШБОну баалоо жол-жобосун жүргүзүү тууралуу чечим кабыл алат.
Экспертизанын терс натыйжалары болгон шартта АУО көрсөтүлгөн шайкеш келбестиктерди АУОнун жол-жоболорунда мөөнөттө жоюуга мүмкүндүк берүү менен эксперттик корутунду даярдайт.
5.4. Аккредитациялоо тууралуу чечимди АУО өзү белгилеген тартипке ылайык кабыл алат.
ШБОну аккредиттөө тууралуу чечим кабыл алынганда ага 5 жылдык мөөнөткө белгиленген үлгүдөгү аккредитациялоо аттестаты берилет жана аккредитациялоо белгисин колдонуу укугу ыйгарылат. Аккредиттациядан баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынганда арыз берүүчүгө кат жүзүндө аккредиттациядан баш тартылганы тууралуу жазуу жүзүндө билдирүү берилет (жиберилет), анда мындай чечимдин негиздери көрсөтүлөт.
Аккредитациялоо аттестаты аларды аккредиттелген ШБОлордун тизмегине каттаган күндөн тартып күчүнө кирет. Аккредитациялоо белгисинин сүрөттөмөсү жана колдонуу эрежеси аккредитациялоо боюнча орган тарабынан белгиленет.
5.5. Аккредитациялоо аттестаты жарактуу мезгилде АУО аккредиттелген ШБОнун ишмердигине инспекциялык контролду дайыма жүргүзүп турат.
АУО аккредиттелген ШБОдын аккредитациялоо боюнча талаптарды аткаруусу жагынан алардын ишмердигине мониторинг жүргүзүү үчүн инспекциялык контролдун, кайтадан аккредиттация өткөрүүнүн мезгилдүүлүгүн, жолжоболорун жана пландарын белгилөөгө тийиш.
5.6. Аккредитациялоо тармактарын кеңейтүү, токтотуу, кайра алуу же кыскартуу ИСО/МЭК 17011 талаптарынын негизинде АУОнун тартиптерине ылайык жүзөгө ашырылат.
6. Апелляцияларды жана арыздарды кароо
6.1. Эгерде жеке адам же уюм АУОнун же аккредиттелген ШБОнун ишмердигине канааттанбаса АУОго арыз менен кайрыла алат.
АУО арызды кароого жана аны берген адамга (уюмга) негизделген жооп берүүгө тийиш.
6.2. Эгерде шайкештикти баалоо боюнча органдын каалаган статусуна карата АУО тескери чечим кабыл алган шартта, ал орган АУОго андай чечимди кайрадан кароо тууралуу апелляция бере алат.
Арыздар жана апелляциялар АУО алдында иштеген Арыздар жана апелляциялар боюнча комиссияга берилет, ал арызды карап жана көрсөтүлгөн адамга (уюмга) негизделген жооп берүүгө тийиш. Арыздарды кароонун жол-жобосу, ошондой эле Апелляциялар жана арыздар боюнча комиссиянын ишинин тартиби АУО тарабынан аныкталат.
6.3. АУО аккредитациялоо процессинде чыгарган чечим боюнча соттук тартипте даттанууга болот.
7. Аккредитациялоо боюнча иштерге акы төлөө
7.1. Аккредитациялоо жана инспекциялык контроль боюнча иштерге акы төлөө АУО монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бекиткен прейскурантка ылайык келишимдердин негизинде ШБО тарабынан жүргүзүлөт.
8. Чет өлкөлүк органдар жүргүзгөн аккредитациялоону таануу
8.1. Аккредитациялоо боюнча чет өлкөлүк органдар берген аккредитациялоо тууралуу аккредитациялоо аттестаты же башка документтер (күбөлүк, сертификат) Кыргыз Республикасынын шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредиттөө боюнча улуттук органы тарабынан аккредитация системасынын бирдейлигин аккредитациялоодо жана колдонулган талаптардын бирдейлигин таануунун негизинде таанылат.
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 токтому менен бекитилген |
"Кыргыз Республикасында улуттук аккредитациялоо системасы жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 695 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Кыргыз Республикасында улуттук аккредитациялоо системасы жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) төмөнкүлөрдү белгилейт:
- шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоонун улуттук системасын түзүү, иштөө принциптери, жайылтуу тармагы;
- аккредитациялоонун негизги катышуучуларынын функциялары; аккредитациялоо боюнча иштерди жүргүзүүнүн жалпы тартиби.
2. Кыргыз Республикасында улуттук аккредитациялоо системасында шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоону Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген аккредитациялоо боюнча улуттук орган жүзөгө ашырат.
2. Негизги терминдер жана аныктамалар