Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 5-апрели № 27
2022-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 34 жана 39-беренелерин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2022-жылга Бишкек шаарынын бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча 14719757,0 миң сом суммасында бекитилсин, анын ичинде:
- 5851623,1 миң сом - шаардык бюджет;
- 2417684,5 миң сом - Ленин администрациялык районунун бюджети;
- 1974029,6 миң сом - Октябрь администрациялык районунун бюджети;
- 2399516,1 миң сом - Биринчи май администрациялык районунун бюджети;
- 2076903,7 миң сом - Свердлов администрациялык районунун бюджети.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 28-декабрындагы № 63 токтомунун редакциясына ылайык)
2. 2023-2024-жылдарга Бишкек шаарынын бюджетинин негизги параметрлеринин болжолу жактырылсын:
2023-жылга кирешелер жана чыгашалар боюнча болжол - 13094494,0 миң сом суммада, 2024-жылга - 13158148,4 миң сом суммада.
2023-2024-жылдарга жактырылган шаардын бюджетинин болжолдуу параметрлери ар бир конкреттүү мезгилде аларды кабыл алууда тактоого жатат.
3. 2022-жылга Бишкек шаарынын бюджетинин киреше бөлүгү жана 2023-2024-жылдарга болжолу ушул токтомдун 1, 11, 12, 13-тиркемелерине ылайык булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлө тургандыгы аныкталсын.
4. Төмөндөгүлөр белгиленсин:
1) 2022-жылга Бишкек шаарынын бюджетинен чыгашаларды жана 2023-2024-жылдарга болжолду каржылоого каражаттар ушул токтомдун 2 жана 22-тиркемелерине ылайык карала тургандыгы;
2) 2022-жылга карата чыгашаларды каржылоо иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде жүргүзүлө тургандыгы. Мында, биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна төлөмдөр, медикаменттер, тамактануу, калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпул, стипендиялар) чыгашаларды каржылоо жүргүзүлөт.
Бюджеттик мекемелерде бош орундардын түзүлүшү, алардын штаттык санынын өзгөрүшүнө алып келген ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышы менен байланыштуу корголгон статьяларына каралган суммаларды азайтууга жол берилет.
Каражаттардын чыгымдалышы жана чыгаша статьяларынын максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик бюджеттик мекемелердин жана муниципалдык ишканалардын жетекчилерине жүктөлөт;
3) 2021-жылы жеткиликтүү каржыланбай калган чыгашалар 2022-жылга Бишкек шаарынын бюджетинде каралган ассигнованиелердин эсебинен жана чектеринде компенсациялана тургандыгы.
5. 2022-жылдын 1-январына карата Бишкек шаары боюнча жүгүртүүдөгү кассалык накталай акча 10000,0 миң сом суммасында, анын ичинде шаардык бюджет боюнча 6000,0 миң сом жана райондук бюджет боюнча 1000,0 миң сом суммасында бекитилсин.
6. 2022-жылга түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн төмөндөгүдөй ченемдери бекитилсин: