Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-июну № 41
Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 142 “Бишкек шаарында ижара шартында жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 142 “Бишкек шаарында ижара шартында жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
2-пунктун 3-абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
3-пункт күчүн жоготту деп табылсын.
2. Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бишкек шаарында ижара шарттарында жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобого төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
3-пунктта:
7-абзацтагы “жер пайдалануу жана куруу эрежелеринде” деген сөздөр алып салынсын;
20-абзацтагы “жана Бишкек шаарынын жер пайдалануу жана куруу эрежелери” деген сөздөр алып салынсын;
24-абзацтагы “берилген Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү,” деген сөздөр “берилген аймактык орган” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
“6. Жеңилдетилген типтеги объекттерди жайгаштыруу үчүн жер участоктор түз сатуу жолу менен үч жылга чейинки мөөнөт менен кыска мөөңөттүү ижарага берилет. Жеңилдетилген типтеги объекттерди жайгаштыруу үчүн жер участоктун аянты 0,01 гадан аша албайт.”;