Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги N 245 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2021-жылдын 11-октябры № 210

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик

комитетинин Чек ара кызматынын маселелери боюнча Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү

киргизүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 785 токтомунун редакциясына ылайык)

Социалдык кепилдиктерди камсыз кылуу, ошондой эле аял аскер кызматчыларына кошумча дем берүү максатында, "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жободо:

- 5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 6-пунктча менен толукталсын:

"6) жубайынын (күйөөсүнүн) мамлекеттик чек араны түздөн-түз кайтаруу бөлүмчөлөрүнө кызматы боюнча которулгандыгына байланыштуу жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү болбогондо - аскердик кызматтын бардык мезгилинде беш жылдан ашык эмес.";

- 72-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 8-пунктча менен толукталсын:

"8) жубайынын (күйөөсүнүн) мамлекеттик чек араны түздөн-түз кайтаруу бөлүмчөлөрүнө кызматы боюнча которулгандыгына байланыштуу жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү болбогондо - аскердик кызматтын бардык мезгилинде беш жылдан ашык эмес.".

2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 785 токтомуна ылайык күчүн жоготту)