Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 544 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2019-жылдын 14-ноябры № 605

Кыргыз Республикасында "жашыл" экономиканы өнүктүрүүнүн 2019-2023-жылдарга программасын бекитүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 349 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасында "жашыл" экономиканы өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасында "жашыл" экономиканы өнүктүрүүнүн 2019-2023-жылдарга программасы (мындан ары - Программа), 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасында "жашыл" экономиканы өнүктүрүүнүн 2019-2023-жылдарга программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - План), 2-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасында "жашыл" экономиканы өнүктүрүүнүн 2019-2023-жылдарга программасынын индикаторлорунун матрицасы, 3-тиркемеге ылайык.

2. Иш-чаралар планын жүзөгө ашырууга катышкан министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) жана уюмдар (макулдашуу боюнча):

- Планды өз убагында аткарууну жана Программанын индикаторлоруна жетүүнү камсыздашсын;

- жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине Планды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат беришсин.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Планды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.