Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-январы №10 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2007-жылдын 1-августу №360

Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин

жана Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу кичи

Элчисинин дипломатиялык рангдарын берүү жөнүндө күбөлүктөрдүн

сыпатталышын жана үлгүлөрүн бекитүү тууралу

 

     "Кыргыз Республикасынын  дипломатиялык  кызмат  жөнүндөгү"  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  18-статьясынын 1-пунктун жүзөгө ашыруу максатында токтом кылам:

     1. Төмөнкүлөрдүн сыпаттамалары жана үлгүлөрү бекитилсин:

     - Кыргыз  Республикасынын  Атайын  жана  Ыйгарым укуктуу Элчисинин дипломатиялык рангын берүү жөнүндөгү күбөлүк (1-тиркеме);

     - Кыргыз  Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу кичи Элчисинин дипломатиялык рангын берүү жөнүндөгү күбөлүк (2-тиркеме).

     2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы ушул жарлыктын  1-пункту  менен  бекитилген күбөлүктөрдү даярдоо менен байланышкан маселелерди чечсин.

     3. Кыргыз  Республикасынын  Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмү жогоруда аталган күбөлүктөрдү эсепке алууну, каттоону жана берүүнү жүргүзсүн.

 

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

К.Бакиев

1-тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин

2007-жылдын 1-августундагы

№ 360 Жарлыгы менен

бекитилген

 

Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым

укуктуу Элчисинин дипломатиялык рангын берүү

жөнүндөгү күбөлүктүн

СЫПАТТАМАСЫ

 

     Мукабасы күрөњ  түстөгү териден жасалган. Бүктөлгөн түрүндөгү формат - 145x105 мм.

     Өњ бетинде  -  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби күбөлүктүн аталышынын кыргыз тилиндеги

     "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН  АТАЙЫН ЖАНА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ЭЛЧИСИ" деген тексти коло фольгага ныгырып басылган.

     Арткы бетинде  - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби күбөлүктүн аталышынын орус тилиндеги

     "ЧРЕЗВЫЧАЙНЫЙ И  ПОЛНОМОЧНЫЙ  ПОСОЛ  КЫРГЫЗСКОЙ  РЕСПУБЛИКИ" деген тексти коло фольгага ныгырып басылган.

     Катталмасы 200 гр/кв.метр тыгыздыктагы жылтырак кагазга  басылган. Анын бүктөлгөндөгү форматы - 140х100 мм.

     Ачылганда эки  тарабында  кыргыз  оюусунун  элементтери бар татаал тангир торчосуна "Кыргыз Республикасы" деген микрошрифт басылган, ортосунда Кыргыз  Республикасынын  түстүү Мамлекеттик герби жайгаштырылган.

Ар бир  тарапта өзүнчө жогору жагында кыргыз жана орус тилдеринде чыгарылган датасын жана каттоо номерин көрсөтүү менен "Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы", төмөнкү бөлүгүндө - "Кыргыз Республикасынын Президенти", мамлекет  башчысынын фамилиясы, аты-жөнү басылган. Төмөнкү бурчунун сол  жагында  вертикаль боюнча документтин сериясы жана каттоо номери жайгаштырылган.

     Кыргыз тилиндеги катталманын биринчи бетине Ф.А.Ж. барыш жөндөмөдө жана төмөнкү редакциядагы текст басылат:

     "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН  АТАЙЫН  ЖАНА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ЭЛЧИСИ деген дипломатиялык ранг берилсин".

     Орус тилиндеги  катталманын  экинчи  бетине Ф.А.Ж. барыш жөндөмөдө жана төмөнкү редакциядагы текст басылат:

     "ПРИСВОЕН ДИПЛОМАТИЧЕСКИЙ  РАНГ  ЧРЕЗВЫЧАЙНЫЙ  И ПОЛНОМОЧНЫЙ ПОСОЛ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ". 

2-тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин

2007-жылдын 1-августундагы

№ 360 Жарлыгы менен

бекитилген

     

Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу кичи

Элчисинин дипломатиялык рангын берүү жөнүндөгү күбөлүктүн

СЫПАТТАМАСЫ

 

     Мукабасы күрөњ  түстөгү териден жасалган. Бүктөлгөн түрүндөгү формат - 145x105 мм.

     Өњ бетинде  -  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби күбөлүктүн аталышынын кыргыз тилиндеги

     "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН  АТАЙЫН  ЖАНА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ КИЧИ ЭЛЧИСИ" деген тексти коло фольгаганыгырып басылган.

     Арткы бетинде  - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби күбөлүктүн аталышынын орус тилиндеги

     "ЧРЕЗВЫЧАЙНЫЙ И ПОЛНОМОЧНЫЙ ПОСЛАННИК КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ" деген тексти коло фольгага ныгырып басылган.

     Катталмасы 200 гр/кв.метр тыгыздыктагы жылтырак кагазга  басылган. Анын бүктөлгөндөгү форматы - 140х100 мм.

     Ачылганда эки тарабында кыргыз  оюусунун  элементтери  бар  татаал тангир торчосуна "Кыргыз Республикасы" деген микрошрифт басылган, ортосунда Кыргыз Республикасынын түстүү Мамлекеттик  герби  жайгаштырылган.

Ар  бир тарапта өзүнчө жогору жагында кыргыз жана орус тилдеринде чыгарылган датасын жана каттоо номерин көрсөтүү менен "Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы", төмөнкү бөлүгүндө - "Кыргыз Республикасынын Президенти",  мамлекет башчысынын фамилиясы, аты-жөнү басылган. Төмөнкү бурчунун  сол  жагында  вертикаль боюнча документин сериясы жана каттоо номери жайгаштырылган.

     Кыргыз тилиндеги катталманын биринчи бетине Ф.А.Ж. барыш жөндөмөдө жана төмөнкү редакциядагы текст басылат:

     "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН  АТАЙЫН  ЖАНА  ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ КИЧИ ЭЛЧИСИ деген дипломатиялык ранг берилсин".

     Орус тилиндеги  катталманын  экинчи бетине Ф.А.Ж.  барыш жөндөмөдө жана төмөнкү редакциядагы текст басылат:

     "ПРИСВОЕН ДИПЛОМАТИЧЕСКИЙ  РАНГ ЧРЕЗВЫЧАЙНЫЙ И ПОЛНОМОЧНЫЙ ПОСЛАННИК КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ".