Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

                            КР Президентинин

               2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына

                         ылайык күчүн жоготту

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 12-сентябры № 403

 

             КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

       Кыргыз Республикасындагы Улуу Ата-Мекендик согуштун жана

         эмгектин ардагерлерин, илим жана маданият ишмерлерин,

           тармактык түзүмдөрдүн кызматкерлерин материалдык

          жактан колдоону камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө

                      (КР Президентинин

2008-жылдын 26-ноябрындагы ПЖ № 416, 2009-жылдын 3-декабрындагы ПЖ № 548

                 Жарлыгытарынын редакцияларына ылайык)

 

     Республикадагы Улуу Ата-Мекендик согуштун жана эмгектин ардагерле-

рин,  илим жана маданият ишмерлерин, тармактык түзүмдөрдүн кызматкерле-

рин материалдык жактан колдоону камсыз кылуу максатында токтом кылам:

     1. Кыргыз Республикасындагы Улуу Ата-Мекендик согуштун жана эмгек-

тин ардагерлери,  илим жана маданият ишмерлери,  тармактык  түзүмдөрдүн

кызматкерлери  үчүн 2008-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасы-

нын Президентинин 1 жылга чейинки мөөнөткө берилүүчү ар айдагы  стипен-

диясы уюштурулсун.

      1-1. Улуу Ата-Мекендик согуштун жана эмгектин ардагерлери, Кыргыз

 Республикасынын илиминин жана маданиятынын ишмерлери, тармактык түзүм-

дөрүнүн кызматкерлери үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин стипен-

диясы боюнча Комиссия ушул Жарлыктын 2-тиркемесине ылайык курамда түзүл-

сүн.

     Кыргыз Республикасынын Президентинин жогоруда көрсөтүлгөн  стипен-

диясынын өлчөмү айына 1000 сомду түзө тургандыгы белгиленсин.

     2. Кыргыз Республикасындагы Улуу Ата-Мекендик согуштун жана эмгек-

тин  ардагерлери,  илим жана маданият ишмерлери,  тармактык түзүмдөрдүн

кызматкерлери үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясы бо-

юнча Комиссия жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.

     3. Көрсөтүлгөн стипендияны төлөө Кыргыз Республикасынын  мыйзамда-

рына ылайык жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.

     4. Кыргыз Республикасынын  Президентинин  "Кыргыз  Республикасынын

илим  жана маданиятынын көрүнүктүү ишмерлерин материалдык жактан колдоо

боюнча чаралар жөнүндө" 1995-жылдын 1-февралындагы № 31;  "Кыргыз  Рес-

публикасынын  илим  жана маданиятынын көрүнүктүү ишмерлерин материалдык

жактан колдоо боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын  Президен-

тинин  1995-жылдын 1-февралындагы Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү туура-

лу" 1995-жылдын 2-июнундагы N 155; "Президенттик "Маданият" программасы

жөнүндө" 1996-жылдын 2-январындагы N 1 указдары;  "Кыргыз Республикасы-

нын Президентинин 1995-жылдын  1-февралындагы  "Кыргыз  Республикасынын

илим  жана маданиятынын көрүнүктүү ишмерлерин материалдык жактан колдоо

боюнча  чаралар  жөнүндө"  Указына  өзгөртүүлөрдү   киргизүү   тууралу"

2007-жылдын 12-июнундагы N 306 Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.

     5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социал-

дык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

     6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев

 

 

                                                            № 2 тиркеме

 

                                   Кыргыз Республикасынын Президентинин

                                       2007-жылдын 12-сентябрындагы

                                            № 403 Жарлыгы менен

                                                бекитилген

 

       Кыргыз Республикасындагы Улуу Ата-Мекендик согуштун жана

          эмгектин ардагерлери, илим жана маданият ишмерлери,

               тармактык түзүмдөрдүн кызматкерлери үчүн

                 Кыргыз Республикасынын Президентинин

                    стипендиясы боюнча Комиссиянын

                                КУРАМЫ

 

Жороев Каныбек - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппара-

Таирович тынын Жетекчиси, Комиссиянын төрагасы;

Акунов Бейшебек - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин де-

путаты;

Жайнаков Аманбек - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер ака-

демиясынын Физикалык-техникалык проблемалар

жана материал таануу институтунун башкы или-

мий кызматкери (макулдашуу боюнча);

Калимбетова Тажикан - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-минист-

Борбугуловна ри;

Раев Султан - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ма-

Акимович даният мамлекеттик агенттигинин директору;

Салянова Аида - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги-

Жеңишбековна нин статс-катчысы;

Түмөнбаева Жаңыл - "Кыргызстан калкынын Ассамблеясы коомдук би-

рикмелер ассоциациясынын төрайымы (макулда-

шуу боюнча).