Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

                            КР Президентинин

               2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына

                         ылайык күчүн жоготту

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 28-февралы № 97

 

             КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

                  Кыргыз Республикасынын Ош облусунун

                Өзгөн районундагы Алтын-Булак, Мырзаке

                айылдык кењештерине, Араван районундагы

               Нурабад, Тепе-Коргон айылдык кењештерине

                депутаттарды шайлоону дайындоо жөнүндө

 

     Кыргыз Республикасынын  Конституциясынын  1-беренесинин 6-пунктун,

46-беренесинин 6-пунктунун  4-пунктчасын  жана Кыргыз Республикасындагы

шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 7- жана 80-беренелерин

жетекчиликке алуу менен токтом кылам:

     1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районундагы Алтын-Бу-

лак, Мырзаке айылдык кењештерине, Араван районундагы Нурабад, Тепе-Кор-

гон айылдык  кењештерине  депутаттарды  шайлоо  жекшембиге, 2008-жылдын

4-майына дайындалсын.

     2. Кыргыз  Республикасынын  Шайлоо  жана референдум өткөрүү боюнча

Борбордук комиссиясы  шайлоону  Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык

өткөрүүнү уюштурсун.

     3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

     - тийиштүү  жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарын шайлоону да-

ярдоо жана  өткөрүү үчүн финансы каражаттарын белгиленген тартипте бөл-

сүн;

     - шайлоону  даярдоо жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти, Кыр-

гыз Республикасынын  Конституциясын  жана  мыйзамдарды  сактоону камсыз

кылсын.

     4. Ош  облусунун  Өзгөн жана Араван райондорунун мамлекеттик адми-

нистрацияларынын башчылары жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органда-

ры шайлоо  комиссияларын  шайлоочулардын  сапаттуу тизмеси менен камсыз

кылсын жана  аларга шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө уюштуруу жана мате-

риалдык-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтсүн.

     5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин  Администрациясынын уюштуруу иштер жана мам-

лекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

     6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев