Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

1993-жылдын 29 июлу ПЖ № 215

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

Эмгек акы, пенсия, пособие жана стипендия өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө

(КР Президентинин 1993-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 417, 2003-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ № 315, 2011-жылдын 17-августундагы ПЖ № 199,  Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)

Инфляция уланып жана эл керктөөчү товарлардын, коммуналдык кызмат көрсөтүүнүн баасы жогорулап жаткан шартта калктын тиричилик деңгээлин төмөндөтпөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушу боюнча

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. (КР Президентинин 1993-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 417 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

2. (КР Президентинин 1993-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 417 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Президентинин 2011-жылдын 17-августундагы ПЖ № 199 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1993-жылдын 4-февралындагы «Эмгек акы, пенсия, пособие жана стипендия өлчөмүн жогорулатуу жөнүндөгү» Указында каралып, мурда белгиленген эмгек пенсиясын жана аскер кызматчыларынын пенсиясынын көлөмүн эсептөө үчүн кабыл алынган оңдоо коэфициенти 1993-жылдын 1- августунан баштап 2,0 эсе көбөйтүлсүн. 1993-жылда пенсия көлөмүн эсептөө үчүн кабыл алынган эмгек акыга 2 оңдоо коэфициенти белгиленсин.

5. (КР Президентинин 2003-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ № 315 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү :

- пенсияны жана пособиени бир айдын ичинде жаңыча төлөп берүүнү камсыз кылсын;

- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, ишканалардын жана уюмдардын жетекчилеринин баанын жана тарифтин негизсиз жогорулашы үчүн жоопкерчилигин жогорулатсын;

- колдонуудагы нормативдик актыларды ушул Указга ылайыкталсын.