Сравнение редакций…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2020-жылдын 14-январы № 142
Бишкек шаарында ижара шартында жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 41 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 29-беренесине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 222-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы №142 «Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» жана 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомдоруна ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1-тиркемеге ылайык, Бишкек шаарында ижара шартында жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо);
2-тиркемеге ылайык, жер участогун ижаралоонун типтүү келишими;
3-тиркемеге ылайык, архитектуралык-техникалык корутундунун формасы.
2. Бишкек шаарынын мэриясы бир айлык мөөнөттө, белгиленген тартипте:
Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын сын-пикирлерин иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңешинин сессиясынын кароосуна киргизсин;
(абзац Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 41 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 41 токтомунун редакциясына ылайык)
3. (Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 41 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына, транспорт жана муниципалдык менчик маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы | Ж.Б. Абиров |
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 142 токтомуна 1-тиркеме |
Бишкек шаарында жер участокторун ижара шарттарында жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө
ЖОБО
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 41, 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 83, 2024-жылдын 4-мартындагы № 114 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Бишкек шаарында жер участокторун ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык менчик жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы №142 «Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2020-жылдын 14-январы № 142