Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2020-жылдын 14-январы № 142
Бишкек шаарында ижара шартында жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 41 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 29-беренесине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 222-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы №142 «Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» жана 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомдоруна ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1-тиркемеге ылайык, Бишкек шаарында ижара шартында жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо);
2-тиркемеге ылайык, жер участогун ижаралоонун типтүү келишими;
3-тиркемеге ылайык, архитектуралык-техникалык корутундунун формасы.
2. Бишкек шаарынын мэриясы бир айлык мөөнөттө, белгиленген тартипте:
Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын сын-пикирлерин иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңешинин сессиясынын кароосуна киргизсин;
(абзац Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 41 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 41 токтомунун редакциясына ылайык)
3. (Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 41 токтомуна ылайык күчүн жоготту)