Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ГРАЖДАНДЫК КОДЕКСИ

1996-жылдын 8-майы № 15

(Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 29-апрелиндеги № 29, 1997-жылдын 15-октябрындагы № 76,1998-жылдын 2-декабрындагы № 148, 1999-жылдын 2-июлундагы № 48, 1999-жылдын 21-июлундагы № 83, 1999-жылдын 27-ноябрындагы № 131, 2000-жылдын 18-январындагы № 24, 2000-жылдын 29-сентябрындагы № 79, 2001-жылдын 26-июнундагы № 61 2002-жылдын 21-январындагы № 9, 2002-жылдны 22-июнундагы № 109, 2003-жылдын 17-февралындагы № 38 2003-жылдын 17-февралындагы № 39, 2003- жылдын 27-мартындагы № 65, 2003-жылдын 15-ноябрындагы № 222, 2004-жылдын 11-мартындагы № 20, 2005-жылдын 4-июнундагы № 70, 2007-жылдын 28-февралындагы № 28, 2007-жылдын 1-мартындагы № 30, 2007-жылдын 31-июлундагы № 121, 2008-жылдын 16-мартындагы № 24, 2008-жылдын 23-майындагы № 95, 2008-жылдын 2-июнундагы № 107, 2008-жылдын 17-октябрындагы № 215, 2008-жылдын 17-декабрындагы № 266, 2009-жылдын 19-январындагы № 7, 2009-жылдын 23-январындагы № 23, 2009-жылдын 20-февралындагы № 56, 2009-жылдын 28-мартындагы № 91, 2009-жылдын 30-мартындагы № 96, 2009-жылдын 30-мартындагы № 105, 2009-жылдын 12-майындагы № 155, 2009-жылдын 15-июлундагы № 16, 2009-жылдын 17-июлундагы № 233, 2009-жылдын 24-июлундагы № 252, 2009-жылдын 12-октябрындагы № 63, 2011-жылдын 12-июлундагы № 93, 2012-жылдын 17-мартындагы № 21, 2012-жылдын 13-апрелиндеги № 36, 2012-жылдын 14-майындагы № 51, 2013-жылдын 15-январындагы № 5, 2013-жылдын 25-февралындагы № 32, 2013-жылдын 30-майындагы № 85, 2013-жылдын 9-июлундагы № 119, 2013-жылдын 3-августундагы № 186, 2014-жылдын 4-февралындагы № 27, 2014-жылдын 14-мартындагы № 49, 2014- жылдын 21-апрелиндеги № 61, 2015-жылдын 20-январындагы № 18, 2015-жылдын 22-майындагы № 115, 2015-жылдын 20-июлундагы № 180, 2015-жылдын 30-июлундагы № 206, 2016-жылдын 15-июлундагы № 117, 2016-жылдын 23-июлундагы № 133, 2016-жылдын 23-июлундагы № 134, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 208, 2017-жылдын 8-июнундагы № 100, 2017-жылдын 2-августундагы № 170, 2018-жылдын 21-июнундагы № 61, 2018-жылдын 6-августундагы № 88, 2020-жылдын 22-июлундагы № 83, 2020-жылдын 1-августундагы № 109, 2021-жылдын 24-мартындагы № 42, 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105, 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 120, 2022-жылдын 18-январындагы № 4, 2022-жылдын 6-июнундагы № 41, 2022-жылдын 4-июлундагы № 56, 2022-жылдын 5-августундагы № 81, 2023-жылдын 16-февралындагы № 30, 2023-жылдын 28-февралындагы № 44, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 86, 2024-жылдын 16-февралындагы № 51, 2024-жылдын 15-мартындагы № 70, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 22-июлундагы № 134,    2024-жылдын 29-июлундагы № 152  Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

(Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 8-майындагы № 16 Мыйзамы менен күчүнө киргизилген)

Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексинин II БӨЛҮГҮН дагы караңыз

I БӨЛҮМ  ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1-Глава  Граждандык-укуктук мамилелерди жөнгө салуу

1-статья. Граждандык мыйзамдар менен жөнгө салынуучу мамилелер

1. Граждандык мыйзамдар граждандык карым-катнашка катышуучулардын укуктук абалын, менчик укугунун жана башка мүлктүк укуктардын, интеллектуалдык ишмердиктин жана аларга теңештирилген жекелештирүү каражаттарынын (интеллектуалдык менчик) натыйжаларына болгон укуктардын пайда болушунун негиздерин жана аларды жүзөгө ашыруунун тартибин аныктайт, келишимдик же башка милдеттенмелерди, ошондой эле башка мүлктүк жана ага байланыштуу жеке мүлктүк эмес мамилелерди жөнгө салат.

Ушул статьянын 1-пунктунун биринчи абзацында көрсөтүлгөн белгилерге жооп берген үй-бүлөлүк, турак жай, эмгектик мамилелерге жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамилелерге граждандык мыйзамдар бул мамилелер, тиешелүү түрдө үй-бүлөлүк, турак жай, эмгектик мыйзамдар жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө мыйзамдар менен жөнгө салынбаган учурларда колдонулат.

Банк ишинин жана финансылоонун ислам принциптери жаатындагы мамилелердин өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат. Ушул Кодекс банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптери жаатындагы мамилелерге карата Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жөнгө салынбаган бөлүгүндө колдонулат.

2. Адамдын ажыратылбай турган укуктарын жана эркиндиктерин жана башка материалдык эмес баалуулуктарды (жеке мүлктүк мамилелерге байланышпаган мүлктүк эмес мамилелер) жүзөгө ашыруу жана коргоо менен байланыштуу мамилелер ушул мамилелердин маңызынан башка нерсе келип чыкпагандыктан, граждандык мыйзамдар тарабынан жөнгө салынат.