Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-октябры №3
Кыргыз Республикасынын ”Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 19-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик Агенттигинин 6-апрель 2018-жылдагы №01-18/41 буйругунун негизинде Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын жана ”Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө” типтүү Жобо (1-тиркеме тиркелет) жана “Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуунун тартиби жөнүндө”типтүү Жобо бекитилсин (2-тиркеме тиркелет).
2. Бекитилген типтүү Жоболор бекитилген тартипте каттоодон өткөрүлсүн жана Жобого ылайык иш алып баруу жана жүргүзүү Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Ж. Ботоканов |
|
|
1 -тиркеме
Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу
тартиби жөнүндө типтүү
1.Бул жобо Нарын шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын муниципалдык менчигинде турган негизги каражаттарды (мындан ары - мүлк) эсептен чыгаруу тартибин аныктайт.
2.Бул жобо төмөнкү муниципалдык менчиктеги мүлккө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чарба жүргүзүү жана оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген, белгиленген тартипте сатууга, башка ишканаларга акысыз өткөрүп берүүгө мүмкүн болбогон муниципалдык мүлккө карата колдонулат:
-курулушу бүтө элек обьекттер;
-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан андан ары пайдаланууга жараксыз болуп калган, атап айтканда курулушка, кеңейтүүгө, кайра конструкциялоого жана техникалык кайра жабдууга байланыштуу моралдык же физикалык жактан эскирген жана башкаруунун башка ыкмаларын колдонууга мүмкүн болбогон, авариядан же жаратылыш кырсыгынын натыйжасында бузулган жана калыбына келтирилбөөчү мүлк.
3.Негизги каражаттардын баланстык наркын өнүктүрүүнү токтотуу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- жарабай калуу;
-аны эксплуатациялоодон келечектеги кандайдыр бир экономикалык пайда же кызматтык потенциал күтүлбөсө.
4.Негизги каражаттар обьекттин таанууга байланыштуу пайда болгон мындай обьектти таанууну токтотуудан улам болгон пайдага же чыгашага милдетүү түрдө киргизүүгө тийиш.
5.Негизги каражаттар обьекттин таанууга байланыштуу пайда болгон пайда же чыгашасы, эгер мындайлар бар болсо, эсептен чыгаруудан түшкөн таза кирешелер менен бул обьекттин баланстык наркынын айырмасы катары аныкталат.
6.Негизги каражаттардын жарабай калуусу жергиликтүү кеңеш кабыл алган жободо белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар тарабынан жүргүзүлөт.
7.Баланстан төмөнкү негизги каражаттар чыгарылышы мүмкүн:
а)физикалык эскирүүнүн, авариянын, табигый кырсыктардын, эксплуатациялоо шарттарынын бузулушунун натыйжасынан улам пайдаланууга жараксыз абалга келгендер;