Загрузка документа…
КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-майы №1
Аймактарды өнүктүрүү фонддорун түзүү тартиби жөнүндө типтүү жобого (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы №633 токтому менен бекиген) жана Жергиликтүү коомчулуктун уставына ылайык, долбоордук каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу жана анын бекитилген пландарга шайкеш келишин, долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоо максатында:
1. Айылдык аймакта долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо өткөрүү тууралуу жобо (мындан ары - Жобо) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом Бакай-Ата райондук “Айыл жарчысы” гезитинде расмий сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын уюштуруу айыл өкмөттүн адиси Н.Аманов жана мониторинг тобунун төрагасы Б.Төрөкуловго жүктөлсүн.
Тѳрага | И. Жумабеков |
Кең-Арал айылдык аймагынын 23-май
2017-ж. №1 токтомуна №1 тиркеме
Айылдык аймакта долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо өткөрүү тууралуу жобо
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул жобо акча каражаттарын пайдаланууга жана айылдык аймакта долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугун баалоого мониторинг өткөрүү боюнча Мониторинг тобунун иш-аракеттеринин ырааттуулугун аныктайт.
1.2. Мониторинг Аймактарды өнүктүрүү фонддорунун акча каражаттарынын эсебинен каржыланган инфраструктуралык жана социалдык-экономикалык долбоорлордун учурдагы практикасын талдоо куралы болуп саналат.
1.3. Мониторинг объективдүүлүк, ачыктык, айкындык принциптерине негизделет.
1.4. Долбоордун мониторинги катары планды, долбоорду ишке ашыруу көрсөткүчтөрүн ченөөнү, ошондой эле долбоордун аткарылышы тууралуу маалыматты берүүнү, таркатууну эске алуу менен, долбоордун ишке ашышы тууралуу маалыматтарды топтоо процесси түшүнүлөт.
1.5. Айыл өкмөттө түзүлгөн Мониторинг тобу мониторинг өткөрүү үчүн ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.
1.6. Мониторинг тобунун курамына айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөттүн, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү кире алышат.
1.7. Мониторинг тобунун мүчөлөрү Өнүктүрүү фондунун каражатынын эсебинен каржылоонун алкагында каралып жаткан кайсы бир долбоорго карата жеке кызыкчылыгы болгон учурда, алар мониторинг өткөрүүгө катышуудан, ошондой эле тиешелүү маселени талкуулоодон жана аны карап, чечим кабыл алуу учурунда добуш берүүдөн баш тартышы керек.
1.8. Айыл өкмөт Аймактарды өнүктүрүү фондунун акча каражатынын эсебинен каржыланган долбоорлорду ишке ашырууга мониторинг жасоо жана баалоо жол-жобосун камсыз кылат.
2. Мониторингдин максаты жана милдеттери
2.1. Мониторингди өткөрүүнүн максаты төмөнкүлөргө мүмкүнчүлүк берген механизмди түзүү болуп саналат:
1) долбоорду ишке ашыруунун бүтүндөй процессин карап көзөмөлдөө, долбоордук иш-чараларды, ошондой эле инфраструктуралык жана социалдык-экономикалык долбоорлордун акыркы натыйжаларынын сапатын жана омоктуулугун мүнөздөгөн параметрлерди баалоо жана талдоо;