Загрузка документа…
КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-апрели №2
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылдык аймагынын «Кең-Арал айыл өкмөтүнүн» Уставы кыргыз тилинде жаңы редакцияда бекитилсин.
1. Кең-Арал айыл өкмөтү тийиштүү мамлекеттик органдардан мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Темирбековго жүктөлсүн.
Ушул чечиминде көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы, мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы жана мыйзамдарда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Тѳрага | И. Жумабеков |
I. Жалпы жоболор
1. «Талас облуснун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылдык аймагынын «Кең-Арал айыл өкмөтү» мекемеси (мындан ары айыл өкмөтү) - өз ыйгарым укуктарынын чектеринде жергиликтүү коомдоштуктун жашоосун камсыз кылуу жана турмуш-тиричилик иштерин башкарууну жүзөгө ашыруучу, жергиликтүү өз алдынча башкаруусу – айылдык кенештинчечимдерин даярдоону жана аткарууну камсыз кылуу үчүн түзүлгөн аткаруу органы
2. Айыл өкмөтү өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президенти менен Өкмөтүнүн актыларын, тиешелүү жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын чечимдерин, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Айыл өкмөтү калк менен, коомдук уюмдар менен карым-катнашта иш жүргүзөт, жергиликтүү маанидеги иштерди башкарууга катышуу үчүн жарандардын укугун камсыз кылат жана аларды ишке ашыруу үчүн шарт түзөт.Айыл өкмөтү жылына кеминде бир жолу кеңештин алдында, ошондой эле ошол кеңештин аймагындагы калктуу пункттардын жашоочуларынын чогулуштарында жана жыйындарында отчет берет.
4. Айыл өкмөтү өз иш-аракетин төмөнкүдөй принциптерде ишке ашырат:
· мыйзамдуулуктун;
· тиешелүү кеңештин жана калктын алдында отчеттуулуктун;
· жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоонун;
· социалдык акыйкаттуулуктун;
· маалымдуулуктун, коомдук пикирди эске алуунун;
· жергиликтүү жана мамлекеттик таламдарды айкалыштыруунун;
· өкүлчүлүктүү жана аткаруу-тескөө органдарынын милдеттери менен ыйгарым укуктарын чектөөнүн;