Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-декабры №2/4
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин 2018-жылдын 24-июлундагы №01-181-89 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин Типтүү этикалык кодексин бекитүү жөнүндөгү буйругунун жана Савай айылдык Кеңешинин депутаттарынын Этикалык кодексин талкуулап чыгып Савай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин Типтүү этикалык кодексинин негизинде тиркемеге ылайык Савай айылдык Кеңешинин депутаттарынын Этикалык кодекси бекитилсин. (тиркеме тиркелет 6 барак)
2. Савай айылдык Кеңешинин депутаттарынын Этикалык кодекси сайтка жайгаштырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мамлекетик тил,маданият,дин,каада салт,этикалык жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | А. Баимбетов |
Савай айылдык Кенешинин Депуттаттарынын
2018-жылдын 22-декабрындагы
VI Чакырылышынын кезектеги II сессиясынын
№ 2/4 токтому менен бекитилген
_______________________________________ МО
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТТАРЫНЫН ЭТИКАЛЫК
2018-жыл
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТТАРЫНЫН ЭТИКАЛЫК КОДЕКСИ
Бул Кодекс Савай айылдык кеңешинин депутаттарына сөзсүз аткарууга милдеттүү болгон моралдык принциптерин жана жүрүм-турум эрежелерин аныктайт.
Депутаттык этика – бул депутаттардын депутаттык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу учурундагы негизги моралдык жана адептүүлүк жүрүм-турум нормаларынын жыйындысы.
Ар бир депутат өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууда үлгү болууга умтулуп, кынтыксыз кесиптик жана жарандык беделге ээ болуусу керек.
I. ЖАЛПЫ ЖОБО
1.1. Савай айылдык Кеңешинин депутаттары (мындан ары - депутаттар) тийиштүү айылдардын калкынын өкүлү катары өзүнүн ишмердүүлүгүндө алардын кызыкчылыктары ошондой эле социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүү максаттарын жетекчиликке алуу керек.
1.2. Депутаттар өз макамын аймактын жана алардын жашоочуларынын кызыкчылыктарына зыян келтирген аракеттерге жумшабаш керек.
1.3. Депутаттар өз аракеттерин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ,жергиликтүү өз алдынча башкаруунун Жобосуна, Свай айылдык Кеңешинин регламентине жана башка Свай айыл өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын негизинде жүргүзүшөт.