Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-октябры № 1
Айыл ѳкмѳтүнүн социалдык-экономикалык ѳнүгүүсү боюнча 2016-жылдын 9-айында аткарган иштери жѳнүндѳ
Депутаттар айыл ѳкмѳтүнүн башчысы М. Насирдиновдун айыл ѳкмѳтүнүн социалдык-экономикалык ѳнүгүүсү боюнча 2016-жылдын 9-айында аткарган иштери жѳнүндѳгү маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл ѳкмѳтүнүн 2016-жылдын 9-айында аткарган иштери айрым кемчиликтерди эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.(маалымат тиркелет.)
2. Калган аткарылбаган иштерди 2016-жылдын жыйынтыгында бүтүрүү жагы айыл ѳкмѳтүнѳ тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин социалдык-маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | Б. Жунусов |
Кашкар-Кыштак айыл аймагынын социалдык-экономикалык ѳнүгүүсүнүн 2016-жылдын 9 айда жүргүзүлгѳн иштери боюнча
Ош облусу, Кара-Суу району, Кашкар-Кыштак айыл өкмөтү.
Географиялык жайгашкан жери:
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛ ѲКМѲТҮ- Кара-Суу районундагы административдик аймактык бирдик. Кара-Суу районунун түштүк бөлүгүнөн жайгашып, түндүгүнөн жана түндүк батышынан Өзбекстан Республикасы, чыгышында Жоош айыл өкмөтү, батышынан жана түштүгүнөн Нариман айыл өкмөтү менен чектешет.
Кашкар-Кыштак айыл өкмөтү деңиз деңгээлинен 800-1750 м бийиктикте орун алып, административдик имараты райондун борборунан 10 км, ал эми облустун борборунан 10 км аралыкта жайгашкан.
Территориясынын жалпы аянты 1,357кв.км, жеринин рельефи аралаш.
Айыл өкмөтүнүн маданиятынын, социалдык абалынын жана экономикасынын ѳнүгүшүнѳ жер шартынын географиялык абалы ыңгайлашкан.
Кашкар-Кыштак - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын курамына - 10 айыл; - Кашкар-Кыштак №1, №2, Мөнөк, Кенжекул, Алгабас, Бекжар, Жарооз, Кайрагач, Андижан-маала жана Тажик-маала айылдары кирет. Борбору – Кашкар-Кыштак айылы.
КРнын Президентинин 1996-жыл 20-мартындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча чаралары” жөнүндөгү Указынын негизинде жана Кыргыз Өкмөтүнүн 1996-жылдын 24-апрелиндеги “КР аймагындагы Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу тескөөчү органдарын – айыл өкмөтүн (сельская управа) түзүү” жөнүндөгү №187 токтомун ишке ашыруу максатында 1996-жылдын июль айында Кашкар-Кыштак айыл өкмөтү түзүлгөн. 2016-ж 1-январына карата Кашкар-Кыштак айыл аймагында 31842 адам катталган. Баланстагы жер аянты 18643,0 га.
Климаты континенттик, түзөң бөлүгүндө жайы ысык. Январь айында абанын орточо температурасы -3,3°Сдан июль айында 15 – 34,4°Сга чейин жетет. Жылдык жаан-чачын 300-500мм.
Айыл аймагынын социалдык-экономикалык ѳнүгүүсүнүн стратегиялык планы Айылдык кенешинин 2016-ж 16-мартындагы кезектеги 20-сессиясында бекитилип, ага карата айыл ѳкмѳтүндѳ иш-чаралар планы иштелип чыгып, тиешелүү милдеттер коюлган. Айыл ѳкмѳтүнүн адистери жогорудагы милдеттерди жетекчиликке алып, жалпы жамааттар менен биргеликте айрым кемчилдиктер менен 9 айда ийгиликтерди жаратты десем жанылбайм.
1 | Айылдык өкмөтүнө караган айылдардын саны 1) Кашкар-Кыштак №1, №2 2) М ө н ө к 3) Кенжекул 4) Алгабас 5) Бекжар 6) Жарооз 7) Кайрагач | айылдардын калктарынын саны: 31842адам. 1) 18827 2) 5714 3) 2285 4) 586 5) 1120 6) 3110 7) 500 | |
2 | Калктын улуттук курамы | ||
кыргыздар | 14240 | ||
Уйгурлар | 9360 | ||
түрктөр | 265 | ||
өзбектер | 7402 | ||
ж.б. улуттар | 575 | ||
3 | Калктын социалдык курамы | ||
-эркектер | 15579 | ||
-аялдар | 16263 | ||
4 | Эмгекке жарамдуулар | ||
-эркектер | 12345 | ||
-аялдар | 11250 | ||
Улуу Ата Мекендик согуштун жана ага теңештирилген локалдык согуштардын катышуучулары | 1/11 | ||
5 | Социалдык обьектилер | ||
-мектептер (саны окуучулардын саны) | 7 | 5086 | |
-орто билим берүү жана толук эмес орто билим берүүчү мектептер | 7 | ||
- негизги билим берүү | - | ||
- мектепке чейинки билим берүү мекемелери | 7 | 2015-ж 702 бала 2016-ж 925 бала | |
- кесиптик лицейлер | 1 | ||
ЖОЖдордун филиалдары | - | ||
- окуу курстары | 1 | ||
- аймактык оору каналар | 2 | ||
- поликлиникалар | 1 | ||
- ФАПтар | 4 | ||
- үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу | 2 | ||
- маданият үйү жана клубдар | 2/3 | ||
- стадиондор | 1 | ||
- спорт аянттары | 7 | ||
- китепканалар | 2 | ||
- мончолор | 5 | ||
- чач тарачканалар | 7 | ||
- дүкөндөр | 210 | ||
-кафелер | 8 | ||
- ашканалар | 10 | ||
6 | Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары (ТОС) | 5 | |
7 | Коомдук алдын алуу борборлору (ОПЦ) | 1 | |
8 | Ардагерлер кеңештери | 6 | |
9 | Аялдар кеңештери | 6 | |
10 | Жаштар кеңештери | 6 | |
11 | Аксакалдар соттору | 6 | |
12 | Жер аянттары (га) | 18643га | |
- жалпы жер аянты, анын ичинен | Га | ||
- айыл чарба багытындагы жерлер, анын ичинен | 12776 | ||
- айдоо жер аянты, анын ичинен | 3161 | ||
- суулуу айдоо | 2355 | ||
- кайрак айдоо | 806 | ||
-жайыт | 5195 | ||
- көп жылдык өсүмдүк | 87 | ||
- эшик алды | 968 | ||
Чѳп чабык | 540 | ||
13 | Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери га | 977 | |
Анын ичинен: - суулуу | 624 | ||
-кайрак | 148 | ||
Чѳп чабык | 118 | ||
бак | 87 | ||
14 | Мал чарбасы (баш) | ||
- ири мүйүздүү мал | 7566 | ||
- анын ичинен уйлар | 4414 | ||
- майда мал жандыктар | 19745 | ||
тубарлары | 13838 | ||
жылкылар | 444 | ||
бээлер | 101 | ||
үй-канаттуулар | 19135 | ||
тооктор | 15105 | ||
15 | Чарба жүргүүчү субьектилер | ||
- дыйкан фермер чарбалар | 2330 | ||
- үрөн чарбалар | 2 | ||
-техсервистер | |||
- ветсервистер | 2 | ||
- тегирмендер | 4 | ||
- заводдор | 3 | ||
- АЗС | 3 | ||
- ААК, ЖАК, ЖЧК | 3 | ||
-кичи базарлар | 2 | ||
- жеке ишкерлер | 200 | ||
-ички чарбачылык жолдор (км) | 140 км | ||
- суу түтүктөр (км) | 149 км | ||
16 | Кирешелердин аталышы (сом менен) | 26629,6 | |
Кирешенин жергиликтуу булактары | 22422,8 | ||
Республикалык бюджеттен каржыланышы | 4225,8 | ||
Кирешенин башка түрлөрү атайын каражаттар | 5682,0 | 4180,0 | |
17 | Инвестициянын көлөмү (сом менен) | ||
-Ата мекендик инвестициялар | |||
-чет өлкөлүк инвестициялар | |||
18 | Электр энегия тармагы | ||
Дебитордук карыз (миң сом) | 2400,0 | ||
Э/энергиясынын техникалык жоготуусу (мин к Вт/ч) | |||
Э/энергиясынын коммерциялык жоготуусу (мин к Вт/ч) | |||
19 | Миграциялык абал (адам) | 1682 | |
-сырткы (кеткендер/келгендер) | 1488 | ||
-ички (кеткендер/келгендер) | 194 | ||
20 | Жаңыдан түзүлгөн жумуш орундарынын саны | 100 | |
21 | КБФ жерлеринен пайдалангандыгы үчүн ижара акы | 2684,4 | 2078,9 |
22 | Жайыт төлөмдөрүнүн топтолушу (миң сом) план/факт | 350000 | |
23 | Социалдык төлөмдөрдүн топтолушу: (миң сом) план/факт | 24773,6 | |
24 | Пайдаланылган сугат суу үчүн төлөмдөрдү топтолушу: план/факт (миң сом) | 539700 | 4 АВП |
25 | Таза суу менен камсыз болуусунун абалы (адам%) | 82 | |
26 | Пайдаланылбай калган жер аянттары: га (жалпы айдоо жерге – карата %) | ||
27 | Катталган кылмыштын саны | 21 | |