Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
2022-жылдын 26-майы № 34
Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 140 “Жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүү, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторго убактылуу пайдалануу укуктарын өткөрүп берүүгө жана токтотууга макулдук берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 140 “Жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүү, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторго убактылуу пайдалануу укуктарын өткөрүп берүүгө жана токтотууга макулдук берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
а) киришмедеги “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” деген сөздөр “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” деген сөздөр менен алмаштырылсын”;
б) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген “Жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүү, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторго убактылуу пайдалануу укуктарын өткөрүп берүүгө жана токтотууга макулдук берүү тартиби жөнүндө” жобонун:
2-пунктундагы “өткөрүп берүүгө (мындан ары - өткөрүп берүү)” деген сөздөрдөн кийин “, анын ичинде күрөөгө коюуга” деген сөздөр менен толукталсын;
4-пункттун 23-абзацындагы “берилген Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү” деген сөздөр “берилген аймактык орган” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
13-пункттагы:
“органга” деген сөздөн кийин “кандайдыр бир объекттерди долбоорлоо жана куруу, ошондой эле жайгаштыруу каралбаган жер участоктордон тышкары” деген сөздөр менен толукталсын;
“Архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу орган 7 жумуш күндүн ичинде архитектуралык-пландоо шарттарынын бар же жок экендиги жөнүндө тийиштүү документти жана жер участогун пайдалануу укугун узартуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу органга жөнөтөт.” деген сөздөр “Архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу орган 7 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга уруксат берүүчү документтин бардыгы же жоктугу жөнүндө тийиштүү маалыматты жөнөтөт.” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
14-пункттун 1-кичипункту “10 пайызга” деген сөздөн кийин”, анын ичинде “кандайдыр бир объекттерди долбоорлоо жана куруу, ошондой эле жайгаштыруу каралбаган жер участокторго” деген сөздөр менен толукталсын;
21-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: