Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-октябрындагы № 200 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2002-жылдын 13-ноябры № 751

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин кызматкерлеринин күнүн белгилөө жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин өтүнүчүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. 15-ноябрь - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин кызматкерлеринин жыл сайын белгиленүүчү кесиптик майрамы болуп эсептелсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Айыл чарба жана азык-түлүк кызматкерлеринин күнүн белгилөө жөнүндө" 1995-жылдын 1-ноябрындагы N 463 жана "Кыргыз Республикасынын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай кызматкерлеринин күнүн белгилөө жөнүндө" 1997-жылдын 3-декабрындагы N 699 токтомдору күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

 

Премьер-министри

Н.Танаев