Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2003-жылдын 26-сентябры № 606

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаштар үчүн Кыргыз

    Республикасынын Өкмөтүнүн сыйлыгын уюштуруу жөнүндө"

  2000-жылдын 23-августунда кабыл алынган № 514 токтомуна

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

 

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

  2007-жылдын 18-октябрындагы № 476 токтомунун

редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Жаштар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" 2000-жылдын 23-августунда № 514 токтомуна  төмөнкүдөй

толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

- көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Жаштар  үчүн  Кыргыз  Республикасынын

Өкмөтүнүн сыйлыгын изденип алууга чыгырмаларды, иштерди жана  материалды  көрсө-

түүнүн, кабыл алуунун жана кароонун тартиби жөнүндө Жободо:

- 2-пункттун биринчи абзацында "10" деген сан "11" деген санга  алмаштырыл-

сын;

- 14-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй сүйлөм менен толукталсын:

"Комиссиянын  акыркы чечими жана протоколу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

токтому менен бекитилет".

- 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому кабыл алынгандан  кийин  сый-

лыктарды ыйгаруу жөнүндө комиссиянын ишинин жыйынтыктары жалпыга маалымдоо кара-

жаттарында расмий жарыяланууга тийиш";

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-октябрындагы № 476  токто-

мунун редакциясына ылайык)

 

Премьер-министр                                                         Н.Танаев