Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-январындагы № 19 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 11-декабрындагы N 771 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик баалуу металлдар жана асыл таштар фонду жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-январындагы № 19 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Баалуу металлдар жана асыл таштар фондун (мындан ары - Мамфонд) түзүүнүн жана анын Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзүшүнүн тартибин аныктайт.
1.2. Мамфонд Кыргыз Республикасынын алтын-валюта резервдеринин бөлүгүн түзөт жана ушул Жобонун 2.2. пунктундда белгиленген булактардан алынган баалуу металлдардын, асыл таштардын, ошондой эле алардан жасалган буюмдардын (мындан ары - баалуулуктар деп аталат) жыйындысын билдирет.
1.3. Мамфонд Кыргыз Республикасынын өндүрүштүк, финансылык, илимий, социалдык-маданий жана башка керектөөлөрүн камсыз кылуу үчүн арналган. Мамфондго кириштелген баалуулуктар мамлекеттин менчиги болуп эсептелет.
1.4. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
баалуу металлдар - алтын, күмүш, платина жана платиналык топко кирген металлдар (палладий, родий, иридий, рутений жана осмий). Баалуу металлдар ар кандай абалда, түрдө, анын ичинде аффинаждалган түрдө, анын ичинде жарым фабрикаттарда, өнөр жай продуктуларында, химиялык кошулмаларда, зергердик жана башка буюмдарда, тыйындарда, керектөөдөн кийинки сыныктарында жана калдыктарда болушу мүмкүн;
асыл таштар - табигый алмаздар, зымырыттар, рубиндер, сапфирлер жана александриттер, ошондой эле иштетилген түрдөгү табигый акак таштар. Асыл таштар приборлордо, жабдууларда, аспаптарда, техникалык арналыштагы буюмдарда, ошондой эле зергердик, турмуш-тиричилик буюмдарында болушу мүмкүн;
баалуу металлдарды аффинаждоо - алынган баалуу металлдарды кошулмалардан жана аралаш жүргөн компоненттерден тазалоо, аларды Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган мамлекеттик стандарттарга жана техникалык шарттарга жана (же) аффинаждалган баалуу металлдардын эл аралык стандарттарына ылайык келген сапатка жеткирүү процесси;
баалуулуктарды мамлекеттик сактоочу жай (Мамсактоо) - Мамлекеттик фонддун баалуулуктарын, ошондой эле юридикалык жактарга таандык баалуу металлдарды, асыл таштарды келишимдик негизде сактоочу мамлекеттик ишкана;
баалуу металлдар жана асыл таштар рыногунун субъекттери - баалуу металлдарды, асыл таштарды казып алуучу, иштетүүчү ишканалар; аффинаждык заводдор; ыйгарым укук берилген коммерциялык банктар; белгиленген тартипте катталган башка чарбакер субъекттер жана жеке ишкерлер.
II. Мамфондду түзүүнүн тартиби
2.1. Мамфондду түзүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасыньш Өкмөтү тарабынан кабыл алынат.