Сравнение редакций…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-июнундагы N 471 токтому менен бекитилген
"Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин УСТАВЫ
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы N 887, 2009-жылдын 29-декабрындагы N 832, 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 205, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 151 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1.1. "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси (мындан ары - "Сулайман-Тоо" УТАМК) - илим-изилдөө, экспозициялык-көргөзмө, маданий-агартуу жана экскурсиялык-туристтик максатта бир бүтүн тарыхый-маданий жана табигый комплекстин, алардын тарыхый жана табигый чөйрөдөгү материалдык жана рухий баалуулуктарынын сакталышын, калыбына келтирилишин, изилденишин жана элге көрсөтүлүшүн камсыз кылуу үчүн түзүлгөн мамлекеттик мекеме.
1.2. "Сулайман-Тоо" УТАМКы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын "Тарыхый-маданий мурастарды сактоо жана пайдалануу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
1.3. "Сулайман-Тоо" УТАМК юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы, штампы, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби түшүрүлгөн бланкы жана мөөрү болот.
1.4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Сулайман-Тоо" УТАМКнын уюштуруучусу болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 205 токтомунун редакциясына ылайык)
1.5. Тарыхый-маданий объектилердин. жаратылыш, тарых, маданият эстеликтеринин жана табигый ландшафтардын тарыхый, маданий жана жаратылыш чөйрөсүндө бузулбай сакталышын камсыз кылуу үчүн өзгөчө кайтаруудагы табигый аймак статусу белгиленет. "Сулайман-Тоо" УТАМКсынын аймагында жайгашкан жер, имараттар, курулмалар жана коммуникациялар аларды күтүүнүн жана пайдалануунун өзгөчө режиминде болот.
1.6. "Сулайман-Тоо" УТАМКсынын корук зонасынын аймагына тарыхый-маданий, табигый жана башка объектилердин баалуулугун эске алуу менен чарбалык жана башка иш аракеттердин регламентин жана чектелишин камтыган өзгөчө кайтаруунун дифференцияланган режими белгиленет.
1.7. "Сулайман-Тоо" УТАМК корук зонасынын аймагында табигый жана маданий мурастардын объектилерине, табигый, тарыхый жана маданий чөйрөгө зыян келтириши мүмкүн болгон жана иши "Сулайман-Тоо" УТАМКсынын максаттарына жана милдеттерине ылайык келбеген ар кандай иш-аракеттерге тыюу салынат.
1.8. "Сулайман-Тоо" УТАМК өз аймагында экскурсиялык-туристтик, илимий-агартуучулук жана маданий-массалык иштерди уюштурууга бөтөнчө укукка ээ. Ушул чөйрөдөгү иш-аракеттерге адистешкен юридикалык жана жеке жактар "Сулайман-Тоо" УТАМК аймагында анын администрациясы менен түзүлгөн келишимдин негизинде гана иштей алат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-июнундагы N 471 токтому менен бекитилген
"Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин УСТАВЫ
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы N 887, 2009-жылдын 29-декабрындагы N 832, 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 205, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 151, 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1.1. "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси (мындан ары - "Сулайман-Тоо" УТАМК) - илим-изилдөө, экспозициялык-көргөзмө, маданий-агартуу жана экскурсиялык-туристтик максатта бир бүтүн тарыхый-маданий жана табигый комплекстин, алардын тарыхый жана табигый чөйрөдөгү материалдык жана рухий баалуулуктарынын сакталышын, калыбына келтирилишин, изилденишин жана элге көрсөтүлүшүн камсыз кылуу үчүн түзүлгөн мамлекеттик мекеме.
1.2. "Сулайман-Тоо" УТАМКы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын "Тарыхый-маданий мурастарды сактоо жана пайдалануу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомунун редакциясына ылайык)
1.3. "Сулайман-Тоо" УТАМК юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы, штампы, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби түшүрүлгөн бланкы жана мөөрү болот.
1.4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Сулайман-Тоо" УТАМКнын уюштуруучусу болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 205, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомдорунун редакцияларына ылайык)