Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

 КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 411 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2005-жылдын 12-январындагы № 10

токтому менен бекитилген

 

Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө үчүн кайрылуунун, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүнүн, ошондой эле расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн кайрылуунун тартиби жөнүндө жобо

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-майындагы № 346, 2006-жылдын 12-июнундагы № 421, 2006-жылдын 11-августундагы № 573, 2007-жылдын 11-майындагы № 160, 2017-жылдын 24-августундагы № 526, 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 177, 2020-жылдын 30-октябрындагы № 523, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 559, 2024-жылдын 26-апрелиндеги № 205 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Бөлүм I.     Жалпы жоболор

Бөлүм II.    Пенсия дайындоо үчүн кайрылуунун тартиби

Бөлүм II.    Пенсияны кайра эсептөө үчүн кайрылуу тартиби

Бөлүм IV.    Пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү тартиби

Бөлүм V.   Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү жөнүндө арызды кароо тартиби

Бөлүм VI.  Социалдык фонддун аймактык бөлүмдөрүндө пенсиялык иштерди эсепке алуу жана сактоо тартиби

Бөлүм VII.  Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн кайрылуунун тартиби

Бөлүм VIII. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдун өлчөмдөрү

Бөлүм IX.   Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөнбөгөн учурлар

I. Жалпы жоболор

1.1. Бул Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө үчүн кайрылуунун, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүнүн, ошондой эле расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн кайрылуунун тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарын персонификацияланган (жеке) эсепке алуу жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 559 токтомунун редакциясына ылайык)