Сравнение редакций…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-январындагы N 42 токтому менен бекитилген
"Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы" мамлекеттик мекемесинин УСТАВЫ
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 205 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1.1. Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы (мындан ары - Филармония) өзүнүн уюштуруу-укуктук формасы боюнча мамлекеттик мекеме болуп эсептелет.
1.2. Филармониянын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эсептелет. Филармониянын мүлкү ага Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилет. Филармония өзүнүн милдеттенмелери боюнча өзүнүн карамагындагы акча каражаттар менен жооп берет.
1.3. Филармония юридикалык жак болуп эсептелет, өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына жана буйруктарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна жана буйруктарына, башка ченемдик укуктук актыларга жана ушул Уставга таянат.
1.4. Филармониянын өзүнчө балансы жана Казыналыктагы эсептери, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган тегерек мөөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жакка керектүү башка атрибуттары болот.
1.5. Филармония өзүнүн ишин өз күчү, ошондой эле айрым аткаруучуларды жана адистерди чакырып убактылуу чыгармачыл жамааттарды уюштуруу менен жүргүзөт.
1.6. Филармония элдин улуттук жана дүйнөлүк музыкалык маданияттын байлыгын толугураак жана тереңирээк өздөштүрүшүнө көмөк көрсөтөт.
1.7. Филармония өзүнүн өндүрүштүк-экономикалык ишин өз алдынча жүргүзөт, финансылык каражаттарын тескейт, өзүнүн милдеттенмелери боюнча жооп берет.
1.8. Филармония Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тарипте өзүнүн филиалдарын жана өзүнчө бөлүмдөрүн түзө алат.
1.9. Филармониянын юридикалык дареги: 720001, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 251.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-январындагы N 42 токтому менен бекитилген
"Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы" мамлекеттик мекемесинин УСТАВЫ
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 205, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1.1. Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы (мындан ары - Филармония) өзүнүн уюштуруу-укуктук формасы боюнча мамлекеттик мекеме болуп эсептелет.
1.2. Филармониянын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет. Филармониянын мүлкү ага Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилет. Филармония өзүнүн милдеттенмелери боюнча өзүнүн карамагындагы акча каражаттар менен жооп берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомунун редакциясына ылайык)
1.3. Филармония юридикалык жак болуп эсептелет, өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына жана буйруктарына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдоруна жана буйруктарына, башка ченемдик укуктук актыларга жана ушул Уставга таянат.