Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2005-жылдын 25-ноябры № 538

Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгү тууралуу

(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-майындагы № 234,2010-жылдын 27-августундагы № 179 , 2012-жылдын 30-октябрындагы № 753, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217, 2016-жылдын 3-июнундагы № 296  токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Коллективдүү коопсуздук кеңешинин 2005-жылдын 23-июнундагы чечими менен бекитилген Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясы жөнүндө жобого ылайык жана Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында көп тараптуу, ошондой эле эки тараптуу аскердик-экономикалык кызматташууну активдештирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгү түзүлсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-июнундагы № 296 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгү жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

3. Бул токтомдун ишке ашырылышын контролдоо Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн төрагасына жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Ф.Кулов

 

 

 

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2005-жылдын

25-ноябрындагы № 538

токтомуна тиркеме

 

 

Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен

 комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн

КУРАМЫ

 

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-июнундагы № 296 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ