КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-октябрындагы № 669 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-июнундагы N 441 токтомунун редакциясына ылайык)
III. Сый куралды сактоо, эсепке алуу
жана контролдоо
4. Фондго түшкөн куралды сактоону, эсепке алууну, контролдоону жа-
на жүгүртүүнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги "Курал
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана курал жүгүртүүнү жөнгө
салуучу башка нормативдик укуктук актыларга ылайык ишке ашырат.
IV. Сый куралды тартуулоонун тартиби
5. Фонддогу курал адамдарга аларды эрдиги жана Мекен алдындагы
өзгөчө кызматы, көп жылдык кынтыксыз эмгеги, кызматтык милдеттерин
үлгүлүү аткарганы, коомдук тартипти сактоо, Мекенди коргоо, өлкөнүн
улуттук коопсуздугун коргоо, кылмыштуулукка жана эл аралык терроризмге
каршы күрөшүү чөйрөсүндө өзгөчө маанилүү тапшырмаларды аткарганы, таби-
гый кырсыктарда адамдарды сактаганы, жарандардын өмүрүн жана ден соолу-
гун, менчигин коргоо боюнча жарандык милдетин аткарганы, Кыргыз Респуб-