Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

                            КР Өкмөтүнүн              2020-жылдын 3- апрелиндеги № 194 токтомуна ылайык                              КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 30-январы № 47

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

              Эпидемияларга каршы иш-чараларга бюджеттик

            акча каражаттарды сарптоонун жана эпидемияларга

            каршы күрөшкө жиберилчү медициналык жана башка

              кызматкерлердин командировкаларына төлөөнүн

              тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу

 

                  (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

     2007-жылдын 28-августундагы № 377 токтомунун редакциясында)

 

     Инфекциялык жана мите оорулар боюнча эпидемиялык абал татаалдаган,

өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктар  болгон  учурларда  эпидемияга

каршы  жана  профилактикалык иш-чаралардын ыкчам жүргүзүлүшүн камсыздоо

максатында, карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу ооруларга эпидемиологи-

ялык көзөмөл жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

     1. Эпидемияларга каршы иш-чараларга  бюджеттик  акча  каражаттарды

сарптоонун  жана эпидемияларга каршы күрөшкө жиберилчү медициналык жана

башка кызматкерлердин командировкаларына төлөөнүн тартиби жөнүндө  тир-

келген Нускама (мындан ары - Нускама) бекитилсин.

     2. "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги" бекитилген бюджет-

тин чегинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине эпи-

демиялык фонд боюнча каражаттардын өз убагында бөлүнүшүн камсыздасын.

    (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-августундагы № 377

токтомунун редакциясында)

     3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:

     - бул Нускаманы жетекчиликке жана аткарууга алсын;

     - эпидемиялык фонд боюнча чыгымдардын сметасын  жыл  сайын  түзсүн

жана бекитсин;

     - эпидемиялык фонддун каражаттарын Нускамага  ылайык  пайдаланууга

контролду камсыздасын.

     4. Бул токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз  Республикасынын

Премьер-министринин  Аппаратынын  социалдык жана маданий өнүктүрүү баш-

кармалыгына жүктөлсүн.

 

     Премьер-министр                                 Ф.Кулов