Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 2-майындагы № 238 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 28-марты №207

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

      Жашыруун мүнөздөгү иш жана жашыруун иш кагаздарын жүргүзүү

    үчүн кызмат маяналарына проценттик үстөктөрдү төлөөнүн тартиби

           жана шарттары жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу

                                  

   Эмгекке   акы  төлөө  шарттарын  тартипке  келтирүү,  ошондой   эле

мамлекеттик же кызматтык сырды түзүүчү маалыматгарды сактоо максатында

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

   1.  Жашыруун мүнөздөгү иш жана жашыруун иш кагаздарын жүргүзүү үчүн

мамлекеттик  бийлик,  жергиликтүү өз  алдынча  башкаруу  органдарынын,

ишканалардын,    уюмдардын,    мекемелердин    жумушчуларынын     жана

кызматчыларынын  кызмат  маяналарына  проценттик  үстөктөрдү  төлөөнүн

тартиби жана шарттары жөнүндө тиркелген Нускама бекитилсин.

   2.  Жашыруун мүнөздөгү иш жана жашыруун иш кагаздарын жүргүзүү үчүн

жумушчулардын   жана  кызматчылардын  кызмат  маяналарына   проценттик

үстөктөрдү  төлөө  эмгекке акы төлөө фондунда  каралган  каражаттардын

чектеринде жүргүзүлөт.

   3.  Бул  токтомдун  аткарылышын контролдоо  Кыргыз  Республикасынын

Премьер-министринин  Аппаратынын коргонуу жана укуктук  тартип  иштери

боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

 

Премьер-министр                                         Ф.Кулов