Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-мартындагы N 166 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

 

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 10-апрели, № 253

 

          КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

    «Мамлекеттик пошлина жөнүндө» Кыргыз Республикасынын

      Мыйзам долбоору тууралуу» Кыргыз Республикасынын

          Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-июнундагы № 253

              токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү

                           жөнүндө

 

   Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

   1.  «Мамлекеттик  пошлина жөнүндө» Кыргыз Реснубликасынын

Мыйзам  долбоору тууралуу» Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн

2005-жылдын    22-июнундагы  №  253   токтомуна   төмөнкүдөй

өзгөртүүлөр киргизилсин:

   -  «Мамлекеттик  пошлина жөнүндө» Кыргыз  Республикасынын

Мыйзам   долбоорунун   7-статьясы  төмөндөгүдөй   редакцияда

баяндалсын:

   «Жеке   адамдардан  жана  юридикалык  жактардан  алынуучу

мамлекеттик пошлина:

   - сотко кайрылууда республикалык бюджетке түшөт;

   -    жарандык    абал   актыларын   каттоочу   органдарга

кайрылганда  -70 процент өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке,  30

процент  өлчөмүндө  -  юстиция  мекемелерин  өнүктүрүү  жана

материалдык жактан колдоо фондука түшөт;

   -   нотариалдык   аракеттерди  жасоо   үчүн   мамлекеттик

нотариалдык  кењселерге кайрылганда - 70  процент  өлчөмүндө

жергиликтүү  бюджетке,  30  процент  өлчөмүндө   -   юстиция

мекемелерин өнүктүрүү жана материалдык жактан колдоо фондуна

түшөт;

   - нотариалдык  аракеттерди  жасоо  үчүн  жеке нотариалдык

кењселерге  айрылганда  - 70 процент  өлчөмүндө  жергиликтүү

бюджетке,  10  процент  өлчөмүндө жеке  нотариус  кењсесинин

тескөөсүнө,  20  процент  өлчөмүндө  -  юстиция  мекемелерин

өнүктүрүү жана материалдык жактан колдоо фондуна түшөт;

   -  Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун жана Кыргыз

Республикасынын  жаранынын жалпы  жарандык  паспортун  берүү

үчүн  ыйгарым  укуктуу  мамлекеттик  органга  кайрылганда  5

процент  өлчөмүндө - республикалык бюджетке, 90  проценти  -

ыйгарым  укуктуу  мамлекеттик органдын  атайын  блокирленген

эсебине; 5 процент өлчөмүндө ички иштер органдарын өнүктүрүү

фондуна түшөт.».

    2.  Бул,  токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине

жиберилсин.

   

   

    Премьер-министр                           Ф.Кулов