Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-мартындагы N 166 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

 

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 28-апрели, №313

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

                                  

        «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык

      стратегиялар борборун түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын

          Өкмөтүнүн 2006-жылдын 7-февралындагы № 71 токтомуна

          толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

                                  

   «Кыргыз    Республикасьшын   мамлекеттик    органдарынын    түзүмүн

оптималдаштыруу  жөнүндө» Кыргыз Республикасынын  Президентинин  2005-

жылдын   30-ноябрындагы  Жарлыгына  өзгөртүүлөрдү  жана  толуктоолорду

киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 7-

февралындагы  №  49  Жарлыгына  ылайык Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтү

токтом кылат:

   1.   «Кыргыз   Республикасынын   Өкмөтүнө   караштуу   Экономикалык

стратегиялар борборун түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн

2006-жылдын  7-февралындагы № 71 токтомуна  төмөнкүдөй  толуктоо  жана

өзгөртүү киргизилсин:

     2.1-пункт  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  Экономикалык

стратегиялар  борбору жөнүндө жобо (мындан ары - Борбор жөнүндө  жобо)

төмөнкүдөй  мазмундагы  он  экинчи  жана  он  үчүнчү  абзацтар   менен

толукталсын:

   «агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү программаларын жана божомолдорун

иштеп  чыгуу,  анын натыйжалуулугун жана атаандаштыкка  жөндөмдүүлүгүн

жогорулатуу, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу;

   агрардык  сектордо кооперацияны, интеграцияны жана  кластеризацияны

өнүктүрүү зарылчылыгынын негиздемелери;»;

   - Борбор жөнүндө жобонун 2.1-пунктунун он экинчи абзацы он төртүнчү

абзац деп эсептелсин.

  

   Премьер-министр                                    Ф.Кулов