Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 795 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги № 296 токтому менен бекитилген |
Кызматтык милдеттерин аткарууда адамдын иммуножетишсиздигинин вирусуна чалдыгуу коркунучуна туш болгон адамдарды социалдык жактан коргоонун тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-майындагы № 246 токтомунун редакциясына ылайык)
Бул Жобо "Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14- жана 15-статьяларына ылайык иштелип чыккан жана кызматтык милдеттерин аткарууда адамдын иммуножетишсиздигинин вирусуна чалдыгуу тобокелине туш болгон адамдарды социалдык кепилдиктер менен камсыз кылуу тартибин аныктайт.
1. Кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда медициналык, фармацевтикалык, социалдык жана башка кызматкерлердин адамдын иммуножетишсиздигинин вирусуна чалдыгышы кесиптик оорулардын категориясына кирет.
Кесиптик оорулар - эмгектин зыяндуу шартынын таасиринени улам келип чыккан ооруу.
Өтүшкөн кесиптик оору - өндүрүштүк зыяндуу факторлордун (нөөмөт ичинде) бир жолку таасиринен кийин пайда болгон кесиптик оору.
Өнөкөт кесиптик оору - өндүрүштүк зыяндуу факторлордун көп жолку жана узак таасиринен кийин пайда болгон кесиптик оору.
Кызматкерге кесиптик оору же алардын эмгектик милдеттерин аткаруу менен байланышкан денсоолугуна башкача зыян келтирүүнүн ордун толтуруу боюнча мамилелер Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, "Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Зыяндын ордун толтуруу эрежелери менен жөнгө салынат.
Кесиптик оорунун пайда болушуна иш берүүчүнүн күнөөсүн аныктоо үчүн кызматкердин санитардык чечемдерден четтеген шартта болушунун фактысы белгиленүүгө тийиш. Иштөө мезгили жылдагы жумушчу убакыттын кеминде 80 процентин түзүүгө тийиш. Эгерде кесиптик оорунун келип чыгышы же анын күчүркөшү иш берүүчү тараптан эмгекти коргоо эрежелерин сактабагандыктан улам болсо (коргоо каражаттары колдонулбаса), анда иш берүүчү денсоолукка келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартат.
Кесиптик оорунун пайда болушунун себептерин жана шарттарын атайын териштирүү Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте саламаттыкты сактоо жана башка мекемелердин администрациясынын жана кесиптик бирлик уюмунун катышуусу менен санэпидстанциянын (санэпидкөзөмөл борборунун) врачы тарабынан жүргүзүлөт.
Кесиптик оорунун кесепетинен денсоолугуна зыян келген адамдын кесиптик эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготуу даражасын аныктоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жалпы негизде Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин медициналык-социалдык эксперттик комиссиясы (МСЭК) жүргүзөт.
2. Калкты ВИЧке лабораториялык диагноздоону, ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдарды текшерүүнү, дарылоону жана байкоо жүргүзүүнү ишке ашырган саламаттык сактоо системасынын уюмдарынын кызматкерлери, ошондой эле иши ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдарга социалдык жана башка жардам көрсөткөн же инфекциялык материалдарды пайдалануу менен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана денсоолукка коркунучтуу эмгек шарттарын диагноздоо үчүн биологиялык дарыларды чыгаруу менен байланышкан мекемелер менен уюмдардын кызматкерлерине:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 13 "Саламаттык сактоо системасынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө" токтому менен белгиленген базалык кызматтык маянанын 40 проценти өлчөмүндө үстөк акы белгиленет;
- жумуш убактысынын кыскартылган узактыгы жумасына 36 сааттан ашпайт жана ар жылдык акы төлөнүүчү өргүүсү 42 календарлык күнгө (денсоолук үчүн коркунучтуу эмгек шартында иштегендиги үчүн ар жылдык кошумча өргүүнү эске алуу менен) белгиленет.