Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

                       КР Ѳкмѳтγнγн

                2015-жылдын 7- апрели № 201

               токтомдун редакциясына ылайык

                       кγчγн жоготту

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 19-майы, №367

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

                                  

             «Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине

          акы төлөө шарттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын

        Өкмөтүнүн 2005- жылдын 7-декабрыныдагы № 561 токтомуна

                       толуктоо киргизүү туралуу

                                  

   Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 20-мартындагы №133

«Мамлекеттик  маданият мекемелеринин кызматкерлеринин  эмгек  акысынын

өлчөмүн   жогорулатуу   жөнүндө»   Жарлыгын   аткаруу   үчүн    Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

   1. «Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары

жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы №

561  токтомуна  төмөнкүдөй  толуктоо киргизилсин: 

   -3-пункт  төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

   "Мамлекеттик  маданият мекемелеринин кызматкерлери  үчүн  бирдикт??

тарифтик  торчонун биринчи разряды 2006-жылдын 1-апрелинен баштап  408

сом өлчөмүндө белгиленсин.".

   2.   Кыргыз  Республикасынын  Экономика  жана  финансы  министрлиги

маданият   кызматкерлеринин   эмгек  акысын   жањы   өлчөмдө   төлөөгө

каражаттарды өз убагында каржылоону камсыз кылсын.

   3.Бул токтом 2006-жылдын 1 -апрелинен баштап күчүнө кирет.

  

      Премьер-министр                            Ф.Кулов