Документке
Мурунку13.06.2006
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 13-июну № 423                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ         Объекттерди курууда заказчы-куруучунун кызматын күтүүгө               чыгымдардын нормативдерин бекитүү жөнүндө      Объекттерди курууда заказчы-куруучунун кызматынын иштешине  чыгым-дарды  аныктоонун бирдиктүү тартибин белгилөө максатында Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Мамлекеттик бюджеттин каражаттарын,  тартылган жана карыз алын-ган каражатгарды жана башка каражаттарды пайдалануу менен  Кыргыз  Рес-публикасынын  аймагында курулуш жүргүзүүчү заказчы-куруучунун кызматта-рын,  курулуш департарленттерин,  башкармалыктарын, бөлүмдөрүн, курулупжаткан ишканалардын дирекцияларын күтүүгө чыгымдардын нормативдери тир-кемеге ылайык бекитилсин.     Чыгымдардын бул нормативдери юридикалык жак түзүү менен функцияла-рын аткаруучу курулуш жүргүзүүчү заказчы-куруучунун кызматтары, курулушдепартаментгери,  башкармалыктары, бөлүмдөрү, курулуп жаткан ишканалар-дын дирекциялары үчүн колдонулат.     2. Бул  токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз РеспубликасынынЭкономика жана финансы министрлигине жүктөлсүн.      Премьер-министр                                 Ф.Кулов                                         Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн                                               2006-жылдын 15-июнундагы                                                № 423 токтомуна тиркеме        Мамлекеттик бюджеттин каражаттарын, тартылган жана карыз     алынган каражаттарды жана башка каражаттарды пайдалануу менен     Кыргыз Республикасынын аймагында курулуш жүргүзүүчү заказчы-           куруучунун кызматтарын, курулуш департаменттерин,       башкармалыктарын, бөлүмдөрүн, курулуп жаткан ишканалардын            дирекцияларын күтүүгө чыгымдардын нормативдери -----------------------------------------------------------------------|Негизги капиталга (капиталдык        |Заказчы-куруучунун кызматтарын ||салымдар) инвестициялардын жалпы     |күтүүгө чыгымдардын нормативи  ||жылдык көлөмү жана негизги фонддорду |(процент менен, чейин)         ||оњдоого сарптоолор                   |                               ||-------------------------------------|-------------------------------||100 млн.сомго чейин                  |      4,5%                     ||-------------------------------------|-------------------------------||100 млн.сомдон ашуун                 |      2,9%                     |-----------------------------------------------------------------------     Эскертүү:     1. Белгиленген нормативдердин сметалык документтерин түзүүдө (про-центтер менен) топтомо сметалык эсептөөнүн 1-9 жана 12-главалары боюнчасарптоолордун суммасына карата колдонулат.     Негизги фонддорду оњдоого инвестициялардын көлөмүн жана чыгымдардыбазистик  сметалык наркына келтирүү (1991-жылдагы баа) Кыргыз Республи-касынын Улуттук статистика комитети тарабынан азыркы учурга жарыяланганкурулуш  продукцияларына  баалардын  индекстерин (капиталдык салымдаргабаалардын индекстери) колдонуу менен жүргүзүлөт.     2. Пландаштырылган жылга заказчы-куруучунун кызматтарын күтүү үчүнзарыл каражаттардын өлчөмүн аныктоодо чыгымдардын нормативдери  негизгифонддорду  оњдоого инвестициялардын жалпы жылдык көлөмүнө жана сарптоо-лорго карата төмөнкүдөй формула боюнча колдонулат:                                        Чыгымдардын нормативи, %     Топтомо жалпы жылдык көлөм x _________________________________                                    100 + Чыгымдардын нормативи, %      Премьер-министрдин Аппарат     жетекчиси - министр                             Т.Коеналиев
Жаңы19.03.2008

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 13-июну N 423

 

            КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

Объекттерди курууда заказчы-куруучунун кызматын күтүүгө чыгымдардын нормативин бекитүү жөнүндө

 

(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-мартындагы N 92 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Объекттерди курууда заказчы-куруучунун кызматынын иштешине чыгымдарды аныктоонун бирдиктүү тартибин белгилөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын пайдалануу менен курулушту ишке ашыруучу заказчы-куруучунун кызматын күтүүгө чыгымдардын нормативи негизги капиталга (капиталдык салымдарга) инвестициялардын жана негизги фонддорду ремонттоого чыгымдардын көлөмүнүн 2,9 процентине чейинки өлчөмдө бекитилсин.

Чыгымдардын бул нормативи Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик белгилеген шарттар боюнча юридикалык жак түзүү менен функцияларын аткаруучу заказчы-куруучунун кызматы үчүн колдонулат.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-мартындагы N 92 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-мартындагы N 92 токтомунун редакциясына ылайык)