Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-мартындагы N 166 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 14-июну №433

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

         "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине

       өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз

       Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берүү тууралуу

                                  

   Кыргыз  Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын  5-пунктуна

ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

   1.    "Кыргыз   Республикасынын   Жарандык   процесстик   кодексине

өзгөртүүлөрдү    жана   толуктоолорду   киргизүү    жөнүндө"    Кыргыз

Республикасынын  Мыйзам  долбооруна тиркелген  корутундунун  негизинде

макулдук берилсин.

   2.     Бул     токтом    Кыргыз    Республикасынын    Президентинин

Администрациясына жиберилсин.

  

   Премьер-министр                                       Ф.Кулов

 

  

2006-жылдын 14-июну №24-1465

  

                                                Кыргыз Республикасынын

                                                         Президентинин

                                                     Администрациясына

 

         "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине

       өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз

       Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын

                         Өкмөтүнүн корутундусу

                                  

   Кыргыз     Республикасынын     Өкмөтү    Кыргыз     Республикасынын

Конституциясынын    65-статьясынын    5-пунктуна    ылайык     "Кыргыз

Республикасынын  Жарандык  процесстик  кодексине  өзгөртүүлөрдү   жана

толуктоолорду   киргизүү   жөнүндө"  Кыргыз   Республикасынын   Мыйзам

долбоорун  карап чыгып төмөнкүдөй сын-пикирлерди жана сунуштарды  эске

алуу менен аны кабыл алууга макулдук берет.

   Кыргыз  Республикасынын Мыйзам долбоорунун 1-статьясынын  2-пунктун

алып  салууну  сунуш кылабыз, анткени Кыргыз Республикасынын  Жарандык

процесстик  кодексинин жалпы принциби боюнча ишти  андан  ары  кароого

жолтоо  болуучу  сот  актылары гана даттанылууга жатат.  Судьядан  баш

тартуу ишти кароого жолтоо болуп эсептелбейт.

   Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун 1-статьясынын 18, 19 жана

20-пункттарында арыздарды соттун кароо мөөнөттөрүн кайра кароону сунуш

кылабыз.

   Кыргыз   Республикасынын  Мыйзам  долбоорунун   1-статьясынын   23-

пунктунда   көрсөтүлгөн  сунуш  кылынган  өзгөртүүлөр   жарандык   сот

өндүрүшүндө  убаракерчиликти жаратышы мүмкүн. Өз  учурунда  бул  норма

"Кыргыз  Республикасынын  Жарандык процесстик кодексине  өзгөртүүлөрдү

жана  толуктоолорду  киргизүү  жөнүндө" Кыргыз  Республикасынын  2004-

жылдын  8-августундагы  № 110 Мыйзамына ылайык Кыргыз  Республикасынын

Жарандык процесстик кодексинен негиздүү түрдө алып салынган.

   Жогоруда  айтылгандардын  негизинде Кыргыз  Республикасынын  Мьшзам

долбоорунун 1-статьясынын 23-пунктун алып салууну сунуш кылабыз.

 

   Премьер-министр                                      Ф.Кулов