Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 9-августу № 569

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

            "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына

       өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз

       Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берүү тууралуу

 

     Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын  5-пунктуна

ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

     1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам  актыларына  өзгөртүүлөрдү

жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам дол-

бооруна макулдук берилсин.

     2. Бул  токтом Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация-

сына жиберилсин.

 

     Премьер-министр                                 Ф.Кулов

 

 

2006-жылдын 9-августу № 24-4/515

 

                                                 Кыргыз Республикасынын

                                                 Президентинин

                                                 Администрациясына

 

            "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына

          өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"

               Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна

                   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

                              КОРУТУНДУСУ

 

     Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституция-

сынын 65-статьясынын 5-пунктуна ылайык  "Кыргыз  Республикасынын  айрым

мыйзам  актыларына  өзгөртүүлөрдү  жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып,  аны кабыл  алууга

төмөнкүдөй  сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен макулдук бе-

рет.

     Кыргыз Республикасынын Өкмөтү этностук кыргыздардын укуктук стату-

сун аныктоо, ошондой эле этностук кыргыздардын иммиграциясынын квотасын

аныктоо идеясын колдойт. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эт-

ностук кыргыздарга статус  берүүнүн  укуктук  механизмдерин  өркүндөтүү

идеясын колдойт.

     Мыйзам долбоорунун сунушталган редакциясында 38-1-статьясынын ата-

лышында  "оогон"  деген  сөздү "кайрылман" деген сөз менен алмаштырууну

сунуштайбыз.

     Долбоордун 1-статьясынын   38-6-статьясын   төмөнкүдөй  редакцияда

берүүнү сунуштайбыз:

     "38-6-статья. Этностук  кыргыздарды социалдык камсыздоону (кайрыл-

ман) социалдык жактан коргоо маселелери боюнча Ыйгарым  укуктуу  мамле-

кеттик  орган  этностук  кыргыздарга (кайрылман) Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарына ылайык социалдык пособиелерди дайындоону жана төлөөнү кам-

сыз кылат.".

     15-статьянын төртүнчү абзацын төмөнкүдөй редакцияда баяндоону  су-

нуш кылабыз:

     "Ушул Мыйзамга ылайык этностук кыргыздын (кайрылман)  статусу  бе-

рилген чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам жөнөкөйлөтүлгөн тартипте

туруктуу жашоого укук алат.".

     33-статьянын 1-пунктун алып салууну сунуштайбыз,  анткени этностук

кыргыздар иммигранттын жөн эле статусун эмес,  этностук кыргыздын (кай-

рылман) - атайын статусун алышат.

     "Жарандуулук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын  Мыйзамынын  долбоору

боюнча  Мыйзамдын 1-статьясын төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуш кы-

лабыз:

     "1-статья.

 

     "Кыргыз Республикасынын жарандары болуп төмөнкүлөр саналат:

     1. СССРдин жарандыгында турган, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик

эгемендиги жөнүндө декларация кабыл алынганга чейин  жана  андан  кийин

(1990-жылдын  15-декабры) Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жа-

шаган жана ушул Мыйзам күчүнө кирген күнүнө  карата  башка  мамлекеттин

жарандуулугуна таандуулугу жөнүндө арыз бербеген (башка мамлекеттин жа-

рандуулугун кабыл албаган) адамдар;

     2. Ушул  Мыйзам  күчүнө кирген күнгө карата Кыргыз Республикасынын

жараны деп таанылган адамдар;

     3. Ушул  Мыйзамга  ылайык  Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган

адамдар.".

 

     Премьер-министр                                 Ф.Кулов