Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 14-августу № 583

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

               "Жарандардын репродуктивдүү укуктары жана

               аларды ишке ашыруу гарантиялары жөнүндө"

               Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна

          Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу тууралуу

 

     Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын  5-пунктуна

ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

     1. "Жарандардын репродуктивдүү укуктары жана  аларды  ишке  ашыруу

гарантиялары  жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна тиркел-

ген корутундунун негизинде макулдук берилсин.

     2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.

 

     Премьер-министр                                 Ф.Кулов

 

 

2006-жылдын 14-августу N 20-57/35

 

                                                 Кыргыз Республикасынын

                                                         Жогорку Кењеши

 

         "Жарандардын репродуктивдүү укуктары жана аларды ишке

          ашыруу гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

          Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

                              КОРУТУНДУСУ

 

     Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кење-

шинин депутаттары  О.М.Артыкбаев жана А.М.Марипов тарабынан демилге кы-

лынган "Жарандардын репродуктивдүү укуктары жана аларды ишке ашыруу га-

рантиялары жөнүндө"  Кыргыз  Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чы-

гып, Кыргыз  Республикасынын  Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктун

жетекчиликке алып,  аны кабыл алууга төмөнкүдөй сын-пикирлерди жана су-

нуштарды эске алуу менен макулдук берет.

     1. "Жарандардын  репродуктивдүү  укуктары  жана аларды ишке ашыруу

гарантиялары жөнүндө"   Кыргыз   Республикасынын   Мыйзам   долбоорунун

5-статьясында "-  мамлекеттик колдоо көрсөтүү" деген сөздү алып салууну

сунуштайбыз, анткени  үй-бүлөлөргө  мамлекеттик колдоо көрсөтүү "Кыргыз

Республикасында мамлекеттик  пособиелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына ылайык  ишке ашырылат жана үй-бүлөлөрдү мамлекеттик колдоонун

бири-бирин кайталоочу маселелерин башка мыйзамдарга да киргизүү максат-

ка ылайыксыз.

     2. Мыйзам  долбоорунун 18-статьясынын жетинчи бөлүгүн алып салууну

сунуш кылабыз,  анткени аталган статьянын алтынчы бөлүгүндө никеде тур-

ган адамдар эмбрионду бойдо көтөрүү максатында башка аялга имплантация-

лоого өз  ара  келишим  түзүшү  аныкталган,  бала  төрөлгөн учурда анын

ата-энеси жарандык  абалды  каттоо  актысына жазылат. Мында көрсөтүлгөн

норма императивдүү мүнөзгө ээ экендигин жана белгиленген жазууну жүргү-

зүүгө суррогаттуу энесинин макулдугу каралбай тургандыгын белгилейбиз.

     3. 21-статьяда:

     - экинчи  жана  үчүнчү  бөлүктү  алып салууну сунуштайбыз, анткени

мамлекеттик бюджеттин дайыма тартыштыгына байланыштуу мамлекет жыныстык

клеткаларды акысыз сактоо боюнча кызматтарды көрсөтүү боюнча жоопкерчи-

лик тарта албайт жана кепилдик бере албайт;

     - жакын  туугандарына  кире турган адамдардын чөйрөсүн такташтыруу

максатында Мыйзам долбоорунун статьянын төртүнчү бөлүгүн "жакын тууган-

дары" деген  сөздөрдөн кийин "(жубайы, ата-энеси, бир тууган ага-иниси,

эже-карындаштары)" деген сөздөр менен толуктоону сунуш кылабыз.";

     - статьянын  бешинчи  бөлүгүн алып салууну сунуштайбыз, анткени ал

"Жарандык абалдын  актылары  жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын

баланын төрөлүшү  тууралуу актыга жазууда ата-энелери жөнүндө маалымат-

тарды киргизүү тартибин белгилөөчү 17-статьяга каршы келет.

 

     Премьер-министр                                 Ф.Кулов