Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 14-декабры № 858

 

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТОКТОМУ

 

        "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине

          караштуу Улуттук онкология борбору жөнүндө" Кыргыз

         Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 11-апрелиндеги

              № 165 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

     Кыргыз Республикасынын  саламаттык сактоосунун илимий-изилдөө уюм-

дарынын  иш-аракетин  жөнгө  салуучу  нормативдик   укуктук   актыларды

өркүндөтүү,  ошондой  эле коллегиялуулук,  ачык-айкындуулук принцибинде

илимий мекемелердин жетекчилерине ачык шайлоолорду  өткөрүү  максатында

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

     1. "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине  караш-

туу Улуттук онкология борбору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2001-жылдын 11-апрелиндеги № 165 токтому менен бекитилген  Кыргыз  Рес-

публикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология

борборунун Уставына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

     - "Борборду башкаруу" деген V бөлүмүндө:

     16-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

     "16. Борбордун жетекчиси Кыргыз Республикасынын Билим берүү,  илим

жана маданият министрлиги 1997-жылдын 23-июнунда бекиткен  Кыргыз  Рес-

публикасынын  илимий  мекемелеринин жетекчилерин шайлоо тартиби жөнүндө

жобого ылайык кењейтилген окумуштуулар кењеши тарабынан шайланат.

     Шайлоонун жол-жобосуна  байкоо жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Са-

ламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү тарабынан ишке ашырылат.".

     2. Бул  токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий  өнүктүрүү  баш-

кармалыгына жүктөлсүн.

 

     Премьер-министри                                        Ф.Кулов